Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИЛЬЯЗ, МЕДИНА, КУШ БООҢОР БЕК БОЛСУН!

№425 24-30-декабрь, 2010-жыл.

Жылдыздар турмушунан

Супер ырчы, мыкты аранжировкачы Ильяз Абдыразаков бойдокчулук менен кош айтышып, “малыш” аты өчүп, бир коломтонун кожоюнуна айланды. Кадамжайдын таланттуу жигити Ак-Талаанын перисине сүйүүсүн арнап үйлөнүп, 19-декабрда, борборубуздагы ресторандардын биринде 200дөн ашык санаалаштарын чогултуп той берди. Чындыгында, канчалаган кара көздөр дал ушул жигиттин караанына кагылып, анын ырлары менен кирпик какпай таң атырчу эмес беле. Андыктан, күйөрман кыздар, көз жаш төкпөй, сүйүктүү ырчыңызга бакыт тилеңиз.


Ильяздын апасы Уулкан эже:
“КЕЛИНИМ АЗЫРЫНЧА ОЙДОГУДАЙ...”

– Уулкан эже, келин кут болсун! Келиниңизди кызыңыздай кабыл алдыңызбы?
– Рахмат. Албетте, келинимди кызымдай көрөм. Медина “мама, чай ичиңиз. Папам кайда жүрөт?” деп сурап сүйүнтүп жатат. Демейде унчукпай, жоош жүргөн Ильяз күлүп-жайнап бир башкача болуп калды. Азырынча келиним ойдогудай, кийин деле уулумду, бизди сыйлайт деп ишенем.
– Калыңды катырып берди­ңиз­. Нарын менен Баткендин сал­тында айырма болсо керек?
– Калыңына 2 миң доллар, эне сүтү деп 30 миң сом бердик. Баш алып жатабыз, бизге бүлө болот деп балабыз үчүн баарына даярбыз, колубуздан келгенди жасадык. Салтыбызда айырма бар, ооба. Бирок эки жактын салтын бирдей аткардык. Биз барганда алардын салтына баш ийсек, алар келгенде биздин салтты карманышып, куда-кудагыйлар менен жакшы эле тил табыштык.
– Тойду тез аранын ичинде өт­көрүп жибердиңиздер...
– Жакшылыктын эрте болгону жакшы эмеспи. Ильяз тойдун алдында Медина менен тааныштырды. Уулума жаккан кыз мага да жакты. Медина Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын юридикалык факультетинде 2-курста окуйт.Той болот дегенди уккан тууган-урук айылдан 3 күн мурун келишти. 16-декабрда келиниме сөйкө салып, үйүмө киргиздим. Азыр келген коноктордун аягы үзүлө элек. “Той качан болот? Тойго эмне бизди чакырбадың?” деген таарынычтар көп болууда. Буюрса, Ильяздын кичи мекени Кадамжайга, анан тага журту Араванга жаз келери менен той берип, элден бата алып берсекпи деп турабыз.
– Күйөрман кыздары сизге чейин чалышчу эле, той болорун укпай калышкан окшойт...
– Той болордо деле, той күнү, мына бүгүн да чалып жатышат, албай койдум. Эмне деп айтмак элем, баарынан да күйөрмандардын көңүлү суубасын. Мен ойлойм, Ильяз бардык кыргыздын кыздарын жакшы көрөт, сыйлайт. Чыгармалары уулумдун ырын сүйгөн адамдарга арналат. Уулум менен келинимди маңдайыма отургузуп алып айттым. “Турмуш жолуна бирге аттандыңар. Эми экөөң бири-бириңерди колдогула. Ильяз, чыгармачылыкты таштаба. Медина, сен ага жардам бер” дедим.

Ильяз Абдыразаков:
“АЯЛЫМДЫ САГЫНЫП КЕТТИМ, БАРАЙЫН”

– Ильяз, Медина күйөрманың беле?
– Карындаштарымды узатып барып, Мединаны көрүп калган элем. Анан алардан телефонун алып чалдым, кийин ал чала баштады. Чындыгында, Медина менин бир да концертиме барган эмес экен. Мүнөзү, сырткы сулуулугуна ички сулуулугу дал келгени менен өзүнө арбап алды окшойт. Эки айдан ашык сүйлөштүм. Оу, Медина үчүн далай концерт, тойлордон калдым. “Келип кал” дегенде, кайда жүрбөйүн такси менен болсо да жетип барчумун. Ошентип жүрүп баш коштум.
– Нарынга күйөө бала болдум де, балдыздарың кулагыңды кызарта чойгондур...
– Медина үч кыздын ортончусу. Кайын атам, кайын энем экөө тең жеке ишкер. Бир кайнежем, бир балдызым бар. Алдына түшүп барган күнү бир эмес, эки балдыз келип кулакты чойду. Экөөнө эки жүз сомдон бердим. Калган кыстырмай, салттарды досторум чыгарып жатышты.
– Эмнегедир тойдо мурдагы про­дюсериң Баяке Чааров көрүн­бө­дү...
– Баякеге чакыруу кагазын жөнөт­көм, келбеди. Достору келип, куттукташты. Сурасам, сыркоолоп ооруканада дешти, ошон үчүн келбей калган окшойт, айыгып кетсин.
– Бал айын кайда өткөрөйүн деп жатасыңар?
– Досторум Антальяга жолдомо алып беребиз дешүүдө. Шах деген досум Түркияга чакырууда. Байкем Мирлан Ниязов “Дубайда эс алып келгиле” деп айтууда. Бирок азырынча баралбайбыз го. Себеби Жаңы жыл алдында көп жумуштарым бар. Казакстанга да чакыруу алып койгом. Кечээ Медина экөөбүз отуруп алып ыр жаздык. Азырынча экөөбүздүн бал айыбыз үйдө эле өтүп жатат. Бүгүн кечке көчөдө жүрүп, көп кыздарды көрүп... Кыскасы, аялымды сагынып кеттим, жанына барайын.
– Медина сени азыртадан ноктолоп алган окшойт, азамат. Ильяз, эми “арманым, азаптар” деп сыгылбай, “Эркем айды” кайра жаңыртып ырдап жүр. Кармашкан колуңар үзүлбөсүн, бактылуу болгула!

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  28 
Комментарийлер(80)
27.12.2010. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!! сырттагы адамдардын созун укпай бирбиринерге гана ишенгиле.! Коро албастардын создорун укпагыла! ортонордогу суйуу оту эч качан очпосун!!! Бактылуу болгула!
27.12.2010. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иляз биз сени менен сыймыктанабыз! дайыма алга, АЛГА Иляз!
27.12.2010. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biyilki jil kirgiz artisterine ayabay jemiwtuu jildardan boldu okwoyt.Birinin arkasinan biri uylonup kirgizstandin kalkinin sanin koboytolu dep jatiwsa kerek da.Anda emese alga dep aytmakmin!
Al emi Ilyaz menen Medinaga baktiluu bolushun kalamakmin!Bar balgula!
27.12.2010. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kush boonor bek bolsun.Daiyma baktyluu bolgula,Il'yaz sene dagy jakshy chygarmalardy kutobuz.
27.12.2010. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз & Медина ар дайым бактылуу болунуздар!!!
27.12.2010. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болсонор болду да Ильязчик
27.12.2010. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт каалайм!!!
27.12.2010. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodets!!!!Jelaaay vam semeinogo s4astya:)!!!!
27.12.2010. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
какая классная парочка))))счастия)вам))
28.12.2010. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, кармашкан колунар омур бою узулбосун Ильяз жана Медина!
28.12.2010. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgul emi!
28.12.2010. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birok bir nerseni aita ketish kerek surottor boiuncha. Janagy Iliaz menen Medina turup tushkon surot takyry tuura emes tartylgan. Tagyraak aitkanda, kyz menen bala ordulary menen almashyp alysh kerek bolchu. Iliaz Medinanyt artynan turup ushintip obup tursa, anan dagy buketti bala emes kyz karmap turganda nakta mykty surot bolmok!
28.12.2010. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула!!!
29.12.2010. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
29.12.2010. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула башкошкон эки жаш! Медина Ильязды тушунуп, чыгармачылыгына колдоо корсот (кызганчаак болбо).
29.12.2010. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мне кажется, что они не пара
29.12.2010. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Она не красивая,Ильяз мог бы найти другую
29.12.2010. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hedgehog,tuura aitat,andan koro meni alsa anyn janynda toigo baram.kaaap Batken Narynga karaganda Talaska jakyn bele?
30.12.2010. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туруп тушкон суроту баарынан кызыктуу болуптур. суйкайган сулуу артынан келип кучактап жигитти ооп жатканы уникалдуу корунуш болуптур. адаттагыдай эмес, башкача, озгочо болгон сонун да! Бактылуу болгула! Илияз үчүн күйөрман эжеси катары абдан кубанычтамын!
07.01.2011. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.Кармашкан колунар узулбосун!!!бирок муну жон эле ушак фотошоп деп жатышат го чыбы ошол?
08.01.2011. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз экообуз жакшы кундорду откоргонбуз,Колдо Караколдо болгонбуз.
14.01.2011. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ого! Поздравляю! Бактылуу жашагыла!
19.01.2011. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула....
20.01.2011. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я очень рада
за них будьте счастливы!!!!!
29.01.2011. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
Ал эми Бурул Исмаиловага да ЧОН РАХМАТ, бизге ушудай жакшы кабарды сурот-у м-н коргозгонунузго!
2000-3000$ деп так айтканы да жкашы, антпесе эл арасында да "КАЛЫНЫН КАНЧА БЕРДИ ЭКЕН" ж.б. создор чыкмак.
КЫСКА жана НУСКА!!!
01.02.2011. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула жаштар ийгилик силерге
19.02.2011. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshynakai ele kyz turat i ilyazdan uluu korunboi ele sonun parochki.molodcy,baktyluu bolgula.a kuiormandaryndyn saga bolgon suiuusu ech ubakta ochpoit.
25.10.2011. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз таланттуу жигит, мен аны сыйлайм! Ильяз бактылуу болгула!!!
24.02.2012. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз эркек
12.09.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо