Кенже Дүйшеева: «ТУРМУШКА ЧЫГАРДА ГҮЛШАЙЫР ЭЖЕ БАТАСЫН БЕРБЕЙ КОЙГОН»

№425 24-30-декабрь, 2010-жыл.

Чыр дүйнө

Бир колуна кожойкелик чылбырды, бир колуна чыгармачылык чылбырды бекем кармаган Кенже Дүйшеева да бизде мейманда. Анда “Кыз-Бурактын” өткөн күндөрүнө кылчайып, берген маегине назар таштаңыз.

– Устатыңыз сизге катуу нааразы болуп жатат. Буга эмне дейсиз?
– Мен бүгүн эле Кенже атыгып калганым жок, жетиштүү деңгээлде турмуштун кыйынчылыгын тарткан адаммын. Баары ичимде сакталсын дегем. Антсе да улуулугун унутуп, бүгүн элге жалган айтып, өз кылгандарын мага оодарып жаткандыгы үчүн мен дагы жооп берүүгө аргасыз болдум. Устатым экени талашсыз, бирок чындык баарынан бийик. Экөөбүздүн ортобуздагы акыркы окуялардан улам жаңы келгенимдеги топтун абалы аргасыз эске келет.
Мектепти аяктаган жылы окууга өтпөй, үйдө бир жыл жүрүп калдым. Бала кезден бери сынактарга катышып, ырдоону самап жүргөндүктөн, 1994-жылы “Кыз-Буракка” келгем. Аз убакыт өтпөй Гүлша­йыр эже катуу ооруп, төшөккө жатып калды. Ошол убакта топтун популярдуу кыздарынын баары турмушка чыгып, жаңы курам түзүлүп жаткан экен. Айжамал 6-класста, Гүлнара музыкалык окуу жайда окучу. Ооруган адамды караш кыйын экен, аябай кыйналып кеттим. Анан эки күнгө суранып, сиңдилеринин бирөөсүн чакыртып, ичимден “кайра кайтпайм” деп үйгө кетип калдым. Апам: “Жанымда эжелериң турат. Ооруп калсам, агаларың, жеңелериң карашат. Ал эл тааныган адам, жакшы болгончо карай тур. Жакшы болгон күнү ырдабасаң да келе бер”,- деп өзү ооруп жатса да, эртеси эле кайра жөнөтүп койду.
Келгенимде Гүл­шайыр эже сүйүнүп кетти. Анда Сайкал бир жарым жашта эле, коляскага салып, Айжамалга сүйрөтүп коём. Күнү-түнү Гүлшайыр эжени карайм. Бир күндө эки-үч ирет “Тез жардам” чакырабыз. Ыр деген анда кайдан? 1996-жылы 8-мартта дасторкон жайдык, ошондо ыйлап туруп: “Ушул кичинекей кыз мени оорудан айыктырды. Чынында, мен Кенженин “эже, бүгүн өңүңүз жакшы” деп күн сайын айтканынан эле сакайдым. Жакшылыгыңды эч унутпайм”,- деген эле. 1997-жылдан тарта топтун ишин кайра жандандырып, жаңы ырларды жаздыра баштадык. Мен Гүлшайыр эженин колуна келгенден туура 5 жылдан кийин араң чоң сахнаны көргөм. Мунун баарын милдет кылып айтканым жок. Эне болуп келген адамымдын көңүл ооруткан кадамдары болбогондо, артта калган кыйынчылыктардын баары ичимде кала бермек.
– Таарыныч сиздин “АГК” тобун түзгөнүңүздөн улам чыктыбы?
– Жок, ага чейин эле пикир келишпестиктер болуп келген. Апам көз жумардын алдында, атамдын кыркына Гүлшайыр эже үйгө барган. Ошондо апам "бир туугандары бар, алар колдоп-таяп турушат. Бирок балдарымдын ичинен Кенжем башкачараак. Сен ушул кызымды эне катары турмушка узатып кой” деген керээзин айтты. Андан кийин апам тилден калып, бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Апамдын керээзинен улам бул адамга болгон ишенич жүрөктө уялап келген.
Кичинесинен шыгы бар Сайкалды Гүлшайыр эженин каршы экенине карабай сахнага аралаштырдым. Кийин мен топтон кеткенде Сайкал менин ордумду басып, мен урматтаган эжеме жөлөк болсун деп тилеген элем. Мени Гүлшайыр эже сахнага чыгарган болсо, Сакуну тарбиялап, шоу-бизнеске аралаштырганым – устатыма болгон менин чоң белегим. “Кыз-Буракка” 17 жылымды, жаштыгымды арнап, бирок Гүлшайыр эженин башын эч аттабагам. Эгер баары бүгүнкүдөй бүтө турганын билсем, 10-15 жыл мурун эле турмушка чыгып кетмекмин. Баары ушул 35 жашка келип турмушка чыкканыма каршылык көрсөткөнүнөн башталды.
– Турмушка чыгып жатканда “Кыз-Буракка” кайра иштеп бер” деп суранган деп уктум...
– Жолдошум менен кайнатам сөйкө салып келишкенде Гүлшайыр эже алардан “кыздарым жаш, Кенже эки жыл көз салып турсун” деп суранган. Анан басылмаларга “турмушка чыккан кызды кайра алмак белем...” деп айтып чыкты. Эгер мен жаман болсом, өзү айтмакчы, үнүм болбосо, анда ал мени 17 жыл эмес, 17 секунд жанына коймок эмес. Ушуга чейин “Кыз-Бурак” таркаса таркасын, Кенжедей шакиртим турганы мага дем. Мен үчүн “Кыз-Бурак” бир тең да, Кенже бир тең” дегендерин эстеп, бир эсе күлкүм келсе, бир эсе ызаланам. Эл-журт алдында эженин кадыр-баркы түшпөсүн деп дале чочулап турам.
– “Кенже акыркы жылдары менин айткандарыма моюн толгоп калган” дегенине эмне айта аласыз?
– Канча жылым дөңгөлөктүн үстүндө өттү. Тапканыбыздын тыйынын тыйындай санап берип, газдалган суу алсак да, баарын эсептеп жазып берчүмүн. Ал эми акыркы эки жылда мен гастролго чыкканды токтоттум. Себеби биз автокырсыкка учураганбыз. Ооруканага жатып, ден соолукту бекемдеп алайын дедим. Менин да бир туугандарым бар, аларга да көңүл бөлүшүм керек болчу. Ошол маалда инилерим катар-катар үйлөнүштү. Алардын түйшүгүн тартып калдым.
– Эже сизди турмушка узатарда кандай абалда болду?
– Алматыга аттанар күнү таң эрте жолдошум экөөбүз батасын алып калалы деп эжеге бардык. Кош көңүл бурулуп, бата бергенге жарабастан, “жакшы калгыла” деп кетип калды. Апамдын сөздөрүн эстеп, ыйлап жибердим. Ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келсем, менин бир жакшылыгымды көтөрө албай койду. Телефондон сумкаларымды айылга алпарууга машина сураганымда “жогол!” деп кыйкырды. “Сиз ачууга алдырып жатасыз. Мындан кийин жүз карашпайбызбы?”- десем: “Жогол, жогол!”- деп кайталады.
– Тойду Гүлшайыр эже өткөрүп бергени чынбы?
– Тойду жөн эле коюшун айтсам, “ушунча жыл эмгегиң болсо, эл эмне дейт?!” деп болбой койду. Тойго өзүмдүн да салымым бар. Тойдон түшкөн каражатты ага таштадым. Эгер тойду өткөргөнүн милдет кылса, кеткен каражат – “Кыз-Бурактын” үч күндүк, ашып кетсе, бир жумалык гана кирешеси. Кетип баратканымда кол телефонумду да алып койду. “Сеп бердим” деп элге жарыялаганы менен, чындыгында, андай болгон эмес. Ошол үйдөн мен эки сумкамды гана көтөрүп кеттим.
– Эже “АГК” тобун таратам деп жатат...
– Биздин топтун негизги максаты – майрамдарда гана башыбызды бириктирип, күйөрмандарыбызга жагымдуу маанай тартуулоо.
Ар кимдин өз чындыгы бар, мен бүгүн өз чындыгымды айттым. Ушундай жагдайдын жаралганы үчүн устаттык жолуңуздан кечирим сурайм. Адам катары да жүрөгү ооруп калбас бекен деп аяп, айтчу сөздөрүмдү да этият тандадым.
– Сизди "убагында "Кыз-Бурактын" кыздарына катуу мамиле жасачу" деп уктум, ошондой кылганыңызга азыр өкүнүп жаткан жоксузбу?
– “Кыз-Буракка” таарынып кеткен кыздар келип: “Гезит­теги жазылгандарга капа бол­бо­ңуз, биз баары бир чындыкты билебиз”,- дегендери жагымдуу болду. Эгер жаман болсом, алар мага келишмек беле?! Мисалы, мен кыздарды “кечке калбагыла, мындай кийингиле, жоопкерчиликтүү болгула” деп урушчумун. Мунун эч кандай жаман жагы жок деп ойлойм.
Кыргыз шоу-бизнесинде Гүлшайыр Садыбакасованы кадыр-барктуу, салмактуу инсан катары билебиз. Ал эми Кенже Дүйшеева да "Кыз-Бурак" тобуна чоң салымын кошкон. Эки айым тең акыл-эстүү жандар. Ортодогу пикир келишпестиктердин баары унутулуп, эне-бала мамилеси кайра калыбына келерине терең ишенебиз.


Ар собол

Кенже Дүйшеева менен Гүлшайыр Садыбакасованын ортосундагы чыр туурасында “Кыз-Бурак” тобунун мурдагы жана учурдагы ырчылары кандай ойдо?

– Гүлшайыр эже "АГК" тобу жок болсун" деп жатат. Тарашы мүмкүнбү?

Гүлнара Калдарова:
– Топту Айжамал Москвадан, Кенже Алматыдан келип чогулуп калгандыктан, бирге ырдап коёлу деп эле ачканбыз. Ырдап чыгалы деп чечкенден кийин ырдай беребиз. “Кыз-Бурак” тобу деп чыгып жатпаган соң Гүлшайыр эже кайсы критерийге таянып "сотко берем" деп жатат, түшүнбөй турам.

– Кенже эже кеткенден кийин “Кыз-Бурак” тобу өстүбү же чөктүбү?

Сайкал Садыбакасова:
– Чынында, мага азырынча айырмасы билине элек. Бирок көп жагынан өзгөрдү. Кийинүү стилибиз, макияжыбыз, репертуарыбыз дегендей. Башкача айтканда, заманбап жаштардын суроо-талабына жооп бере турган топко айландык. Анан да Кенже апам кеткенден кийин сахнага эмне керек болсо, бардыгын өзүбүз жөндөп калдык. Көрсө, колдон келбеген эч нерсе жок экен.
Ал эми апам менен Кенже апамдын учурдагы мамилеси жөнүндө айтсам, Гүлшайыр – төрөгөн апам, Кенже – баккан апам. Эч кимисине тартпайм да, кийлигишпейм. Өздөрү чечишип алышсын.

– Гүлшайыр эже менен Кенже эженин ортосундагы пикир келишпестикке жөн жерден илинип калдым деп өкүнбөй элесиңби?

Айжамал Кабылова:
– Бекер аралаштым деп өкүнбөй элемин. Гүлшайыр эженики бир чети туура эмес болуп жатат. Экөөнүн мамилеси ушинтип аяктайт деген ой үч уктасак да түшүбүзгө кирген эмес. Гүлшайыр эже "Айжамал менен Гүлнаранын жанын койбой Кенже “АГК” деген топ түзүптүр" деп айтыптыр. Бул сөз үчөөбүздү катташтырбай коюу максатында айтылса керек деп ойлойм.

– Мисалы, сен топтун же­тек­чисисиң. Кыздар чыгып кетип, өздөрүнчө топ түзүп алышса эмне кылат элең?

Айпери Сыдыкова:
– Эгер ошондой жагдай түзүлүп калса, аларга ийгилик гана кааламакмын. Менден колдоо керек болсо, дайыма жардам берүүгө даяр болмокмун. Кыскасы, ортодогу ынтымакка жарака кетирбейт элем.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(48)
26.12.2010. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emi bulardyn aitkandaryn okup korson ekoo ten ele ozuncho tuura. A birok chynyn aitysh kerek, eki taraptan ten kata ketken. Kenje eje ushuncha jyl Kyz Burakta ishtep, emi oshol toptogu kyzdar menen ozuncho chygyp atkany tuura emes. Jany talanttardy tapsyn, zamanbap obrazdardy oilop tapsyn. A daiar jerden Jany Jylga akcha kylyp alayin koncertterde yrdap dep daroo top tuzup algany albette tuura emes. Anyn ustuno, Aijamal erten ele kairadan Rossiaga ketet, anan top tarait!
26.12.2010. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulshayir ejenin da katalary bar bul jerde. 17 jyldan beri birge jashap kelgen "kyzy" jonundo da ushundai nerselerdi aitaby?? Kenjeni jetim kyz dep gezitke aitkany taptakyr tuura emes. Kerek bolso, Kyz Burak azyrky dengeelge jetishkeninde Kenjenin salymy en chon. Toptun lideri Kenje eje ele. A Kenje eje ketkenden beri men, misaly, Kyz Buraktan bir da jany yr da uga elekmin, klip da koro elekmin. Kenje eje ketip kalyp, Gulshayir eje ozu kiynalganynan ushintip chygyp atat okshoit kozu kuiup.
26.12.2010. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульшайыр коро албай жатканы билинип эле турбайбы!
26.12.2010. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал азаматсын! Акыл-эстуу кыз болуп чоноюптурсун, оздору чечишип алсын албетте, бирок абдан жаман жагдай болуп калды, окунучтуу. Мындай стилде интервю бергенге денгеелин жетсе (токтоо, акыл-эстуу, адилеттуу), топту жетектеп алып кеткенге да кудуретин жетет, аман бол, ишине ийгилик!
26.12.2010. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Кенже эжени колдойм, а Сайкал все таки Гулшайыр эжеге жакын суйлоп коюптур! мен мисалы Кенже эже кеткенден кийин, коро элекмин кыз бурактын стилдуу талапка жарашыктуу кийингендерин!!
26.12.2010. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже кеткенден кийин "Кыз Бурак" емнеси менен озгорду? "Кыз Бурак" Кенже эже менен "Кыз бурак" болуп, белгилуу эле..........Кенже эже СУПЕР
26.12.2010. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал молодец!албетте оздору чечишет туура кыласын!
26.12.2010. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Это норма,это как в семье,дети вырастают и у них начинается своя жизнь,свое видение. Мне кажется Гульшайыр эже обижена и чувствуется это,но она должна понимать,что она вырастила их,она поставила их,и сейчас нужно поддержать их,а не идти на тропу войны,а если они девушки "АГК",а я больше чем уверена,они воспитанные,порядочные девушки,они ее,свою воспитательницу,учительницу,в какой то мере "родительницу" не забудут.
27.12.2010. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактаган кыз тойдо ... болуп 17жыл чогуу журушуптур бири биринин абийрин ачпай эле коюшса болмок гезитке чыгып.
27.12.2010. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшайыр эженики туура эмес го,Кенже эже омурурунун тен жарымын "Кыз-Буракка"арнаса,дагы эженин ою боюнча куйоого тийгенге жаш болсо,оз алдынча иштегенге акысы жок болсо,билбейм анда...Мынчалык эгоизмдин эмне кереги бар,рахмат айтып, батасын бергенге жарабаса...Негизи элге жар салганы туура эмес болуп калыптыр,уят эле!..
27.12.2010. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульшайыр эже коро албастык кылып жатат. Эмнеге Кенже эженин озунчо топ тузгонго акысы жок? Эми Кенже эже жок Кыз-Бурак олду го! Баары бир мурдагыдай болбойт Кенже эже жок. Мага Гульшайыр эженин "жогол" дегени жаккан жок.
27.12.2010. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшайыр эже аксакал башы менен мындай создорду айтпай эле койбоптур.Бул деген коро албастык го.Кенже эже ишинизге ийгилик!!!
27.12.2010. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menimche ekoo ten tuura emes kilip jatishat.biri-birinin abiyirin ketirip.Kenje kiyin bolso unchukpastan ishin ulanta beruusu kerek ele.katirip ishtese el ozu baalap almak.soz menen ech kachan ozundu aktap chiga albaysin.bir gana emgegin menen baalanasin.
27.12.2010. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bul statyani okugandan kiyin Gulwayir ejege karaganda Kenje eje akilduurak okwoyt degen oy ketti,birok Saykaldin aytkanin baalap kaldim.
27.12.2010. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге Кенже Айжамал Гулнара болуп ырдабашы керек? Гулшайыр эже өзү күйөөгө тийген кыздарды албайм деп жатса? ал өмүр бою ырдап келе жаткан кыздар, сахнаны жоготкулары келбесе (анан дагы эң негизгиси күйөөлөрү каршы эмес экен), эмнеге ырдап чыгышпайт? же эмне Гулшайыр эже ырдагыла дегенде ырдап, ырдабагыла дегенде ырдабай калыш керекпи? ал андай командаларды топтун кыздарына берсе болот, а күйөө
27.12.2010. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гө чыккан кыздар уже вольные птицы. анан эмнеге Кенже башка жаңы адамдар м-н ырдашы керек? Тиги курбулары м-н жакшы мамиледе болсо, анан чогуу ырдагылары келсе? же башында ушундай контракт бар беле? топтон кеткен кыздар чогуу башка топ түзүүгө болбойт деген?
27.12.2010. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал азаматсын!Туура соз айткансын!Кенже эженин топко кошкон салымы Гулшайыр эжеден да чон деп ойлойм.
28.12.2010. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"жетим" деп айтканы туура эмес та... озунун апасы бар экен канча жашка чыккан...не надо было ее унижать...(менин ыйлагым келип кетти,жетим дегенди окуп алып)
29.12.2010. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул СУПЕРДИН бирин бири кайчылаштырып элге каралаганы туура эмес
29.12.2010. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kenje eje azamatsyz biz siz menen jashtar............
29.12.2010. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшайыр Садыбакасава "жогол" деп ачууга алдырып коюптур. куноо бир эле адамдан кетпейт да, кимиси айтса эле ошонуку туура болуп жатпайбы. ушунун баарынэлге жарыялабай эле оздорунчо чечип алышса болмок, авторитеттерин чачпай. Мындан кийин деле интервьюларын токтотуп коюшса жакшы эле болмок. ал эми АГК группасынын популярдуу болуп кетээри кумон...
30.12.2010. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ващщщще бети жок Г. Садыбкасованын! Сайкалды кичинесинен бакса.. Эшектей болуп иштесе, айткандрын аткарса.. 17 жыл жанында журсо..ОЛду го буга дагы эмне керек? Кыз бурак жоголот деп коркуп жатат да. Ушундай кыйын экен КЫЗ БУРАКТЫ КЕНЖЕ АЙЖАМАЛы жок эле чыгара бербейби!!! Кенже жок баркы билинди да.. АЗаматсыз КЕНЖЕэже ушунча чыдаганынызга.. ТОРДО ЭЛЕ ОТУРГаНДАЙ БОлУПСУЗ ДА. Буйруса бары жакшы болот..Уйбулолук бакыт каалайм
30.12.2010. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kenje eje jakpasa (narkyl kobranykyna kirgile)
03.01.2011. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле Гулшайыр эже жардам бербегенде турмушка чыгып кетмек Озгонгобу же Баткенгеби минтип журмок эмес Гулшайыр эжеге рахмат айтыш керек урушса дагы жондон жон урушпаса керек адам бол деп урушкан да. Ошончолук даражага жеткиргенден кийин астынан отуп койсо болот эле АГК тобун тузуп атабыз деп ал дегени тоготпогону да корбогондун коргону курусун деген ушул да урушса да чоон рахматынды айтып тиги Казак куйоон менен жакшына болуп жашай бербейсинби АГК тобун тузуп эмне кереги бар эми силерге.
04.01.2011. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне топ курса кура бербейби анын эмнеси бар экен, наоборот Гулшайыр эже менин балдарым да бул суйунбойбу эне катары.........
14.01.2011. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи мен Кенже эжени сыйлайм.Бир учурда синдимди алып барып суйлошуп калганбыз.Абдан туура суйлогон ордун билген адам.А Гулшайыр эжени коп деле жактыра берген эмесмин.
14.01.2011. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз Буракты кыз бурак кылган учоо Г,К,А.Булар абдан талантуу кыздар.Жайына койсо болмок.бизге ушундай ырчы айымдар керек.Булардан копту умтотууго болот.Мен озумдун билгенимди коргонумуду айтып жатам
14.01.2011. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эжеге ийгилик каалайм.Бактылуу болсун! Рахмат даже ушунча жаштыгын ушул топко арнап келгенине.кудай бар эмеспи..Барын орудна коет.Андыктан кайгырбаныз.Сизди терен Урматтайм
14.01.2011. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Г. садыбакасованын уяты жок экен. Бир эле Айпери Сыдыкованы жамандайт, андан башка кыздарды, эми айга тенебеген Кенжеге да ушундай мамиле жасаганы такыр туура эмес! Кенже жакшы кыз, озу айткандай 15 жыл мурун турмушка чыкса да бактылуу жашамак.
11.01.2012. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Кенже эжени колдойм,Г.Садыбакасованы мен ойлогом мудрая женщина деп,но нет я в ней разочеровалась!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо