№1026 5-11-август, 2022-ж.
Өзбекстандын Ильяс Рашидов аттуу жараны Оштун бийлигине кайрылып, шаардагы такси айдоочуларын тартипке чакырууну өтүндү. Кайрылуу 2-август күнү интернеттеги социалдык тармактардын бирине жарыяланды. Анда Рашидов Орусиядан Ош аэропортуна учуп келген өзбекстандыктарды таксиде иштегендер унаасына мажбурлап салып, 6 чакырым жерге – тагыраагы, аэропорттон “Достук” чек ара бекетине жеткиргени үчүн ар бир кардардан 500 сомдон алып жатат деп даттанды. Ал Ош аба майданы аркылуу Орусияга барып-келүү Өзбекстандан учууга караганда арзан экенин, ошол себептүү аталган өлкөдөн Ошко жарандар көп келерин белгиледи.
Ош облустук милициясы “Ош” аэропортундагы жана “Достук” бекетиндеги таксисттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |