ЭСКИ КАДРЛАРДАН КУРАЛГАН ЖАҢЫ ӨКМӨТ

№425 24-30-декабрь, 2010-жыл.

Мезгил үнү

Бабанов баштаган иш ийгиликтүү болуп, коалиция өткөн аптада куралган. Ошентип, өкмөттү түзүү вазыйпасына да убакыт жетип, ага көпчүлүккө кирген үч партиянын өкүлдөрү дайындалды. Анда эмесе, эски-жаңы жүздөр менен таанышабыз.

1. Алмазбек Атамбаев – Өкмөт башчы. КСДП-нын лидери.
2. Өмүрбек Бабанов – 1-вице-премьер-министр. “Республика” партиясынын лидери.
3. Шамиль Атаханов – Күч структуралары боюнча вице-премьер-министр. Буга чейин Мамлекеттик эмес каражат чогултуу фондунун жетекчиси. (КСДПнын өкүлү).
4. Ибрагим Жунусов – Социалдык тармактар боюнча вице-премьер-министр. "Ак жолчу", буга чейин Маданият агенттигинин башчысы болчу. (“Ата Журт”).
5. Нурханбек Момуналиев – Министр, өкмөттүк аппараттын жетекчиси. Кезинде өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болгон. (КСДПнын өкүлү).
6. Жантөрө Сатыбалдиев – Министр, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын баш директору. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
7. Руслан Казакбаев – Тышкы иштер министри. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
8. Зарылбек Рысалиев – Ички иштер министри. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
9. Эркин Исаков – Транспорт жана коммуникация министри. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
10. Чоробек Имашев – Каржы министри. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
11. Канат Садыков – Билим берүү жана илим министри. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
12. Алиясбек Алымкулов – Жаштар иштери боюнча министр. Буга чейинки кызмат ордунда калды. (КСДПнын өкүлү).
13. Учкун Ташбаев – Экономикалык тескөө министри. Буга чейин Максим Бакиевдин “оң колу” же ИИӨБАнын (ЦАРИИ) башчысынын орун басары болчу. ("Республиканын" өкүлү).
14. Нурдин Илебаев – Мамлекеттик мүлк министри. Буга чейин “Кыргызстан коммерциялык банкынын” директорлор кеңешинин төрагасы эле. ("Республиканын" өкүлү).
15. Төрөгул Беков – Айыл чарба министри. Буга чейин агробизнес атаандаштыкка жөндөмдүү борборунун директору болчу. ("Республиканын" өкүлү).
16. Аскарбек Шадиев – Энергетика министри. Мурунку “ак жолчу” депутат. ("Республиканын" өкүлү).
17. Замирбек Эсенаманов – Жаратылыш ресурстар министри. Жайыл районунун мурунку акими. ("Республиканын" өкүлү).
18. Дүйшөналы Мамасалиев – Социалдык коргоо боюнча министр. Таш-Көмүр шаарынын экс-мэри болгон. ("Республиканын" өкүлү).
19. Абылай Мухамеджанов – Адилет министри. КРнын Жогорку Сотунун судьясы кызматынан 2010-жылдын июль айында кол жууган. ("Ата Журттун" өкүлү).
20. Сабырбек Жумабеков – Саламаттыкты сактоо министри. Буга чейин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору болчу. ("Ата Журттун" өкүлү).
21. Алмасбек Абытов – Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри. Экс-депутат. ("Ата Журттун" өкүлү).
22. Болотбек Борбиев – Өзгөчө кырдаалдар министри. ИИМдин МАИ башкармалыгынын башчысы болчу. ("Ата Журттун" өкүлү).
23. Нурланбек Шакиев – Маданият жана маалымат министри. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер болчу. “ЭлТР” телеканалынын экс-директору. ("Ата Журттун" өкүлү).
24. Зиядин Жамалдинов – Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы. Мурунку “ак жолчу” депутат. ("Ата Журттун" өкүлү).
25. Абибилла Кудайбердиев – Коргоо министри. Президент дайындады. Буга чейинки ээлеген кызматтык ордунда калды.
26. Кеңешбек Дүйшөбаев – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы. Президент дайындады. Буга чейинки ээлеген кызматтык ордунда калды.

КЫСКА МААЛЫМАТ:

  • Бийликке келген аткаминерлер жалаң эркектер.
  • Анын ичинде бир дагы “Ата Мекен” же “Ар-намыстын” өкүлү жок.
  • Буга чейин айтылганына карабай, шайлоодон өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү да өкмөттүк ишке чакырылбады.
  • Жаңы түзүлгөн өкмөттүн дээрлик ар бир үчүнчүсү мурунку бийликте иштеген жетекчилер.

Эльвира Караева
politika@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН КУРАМЫ СИЗГЕ ЖАКТЫБЫ?

Турусбек Мамашев,
54 жашта, ишкер:
– Баары жакты деп айта албайм. Бирок өкмөт башчысы болгон Алмазбек Атамбаев команданын ишин жөнгө салып кетерине көзүм жетет. Анткени ал чарбачыл, талапты катуу койгон, тажрыйбасы бар, анан да эң негизгиси, элдин турмушун жакшыртууга, иштөөгө каалоосу чоң адам.

Эрнист Балбаков,
25 жашта, журналист:
– Жаккан жок. Бакиевдин заманында иш жүргүзгөн Учкун Ташбаев, Ибрагим Жунусов сыяктуулар келишти. Өкүнүчтүүсү, апрель окуясын башкалар жасаса, ортодон чыга калгандар бийликке ээ болушту. Эми бийликке келгендер ишин так аткарбаса, эл оңой эле айдап чыгат. Оппозиция да өтө күчтүү.

Аида Анаркул кызы,
21 жашта, филолог:
– Мага аябай жакты. Анткени мен жактырган, колдогон “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 1-вице-премьер-министр кызматына келди. Бул кишиге чоң ишеним артам. Мен гана эмес, жаштардын баары. Эми иштебей көңүл калтырса, анда чоң каталык кылат.

Жолболду Зулпукаров,
25 жашта, ишкер:
– Мен Москвада жашачумун. Мекениме келгениме бир ай болду. Мурун бир да партияны колдочу эмесмин. Оштук туугандарымдан “ата журтчу” Ташиев, Келдибековдун түштүк эли үчүн жасаган ишин угуп, колдоп калдым. Андыктан жаңы түзүлгөн өкмөт мага жакты. Булар эл үчүн кызмат кылат дейм.

Айжан Адылбек кызы,
20 жашта, студент:
– Ооба, жакты. Мен башынан эле Алмазбек Атамбаевди колдоп келем. Ал саясатчы катары абдан жагат. Кандай команда менен иштейт билбейм, бирок Атамбаев өзүнүн тажрыйбасы менен башкаларга үлгү болуп иштеп кетерине көзүм жетет. Мен ага кийинки төңкөрүшкө жол бербейт деп чоң ишеним артам.

Бактыбек Качкынов,
41 жашта, режиссёр:
– Мындай өкмөттү көпчүлүк каалабагандай эле, мен да каалаган эмесмин. Ибрагим Жунусов сыяктуу иш ордуна төп келбегендер көп. Ал маданият адамы да. Билбейм эми, өкмөт өлүп төрөлгөн баладай эптеп түзүлдү. Үч фракция биргелешип иштешине да көзүм жетпейт.

Шайыр Касымалиева,
43 жашта, актриса:
– Өкмөттүн курамы канааттандырарлык эмес. Менимче, өкмөт түзүлүп жатканда коомдук пикирди эске алышпагандай сезилип жатат. Албетте, баары туура эмес орунга отурду дегенден алысмын, арасында иштөөчүлөр бар, бирок аз.

Бактыгүл Сокушова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
24.12.2010. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны окмоттун курамы мага жаккан жок. Ибрагим Жунусов не в своей тарелке, ал эле эмес, жарымынан кобу эле ошондой....
24.12.2010. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фууу кошмар.... эмне де дейбиз эми...кудай ушуларга абийир..ыйман..ынсап берип...элибиз учун иш алып барса болду ..менимче бычыкка саптуунун баары ата мекен менен ар намыста болчу...качан бир адилеттулук болот кыргыздарда....
25.12.2010. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар кадр саясатынан мынчалык эмне тупизммм...Ибрагим Жунусов омур бою искусство тармагында журсо...каяктагы социал тармагына чаптап коюшту...уффф.....
25.12.2010. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбесенер билип алгыла. Ибрагим Жунусов 29 жыл мугалим болуп иштеген. Туура, саясат болсо, ал жаш кадр, 2007 жылдан тартып саясатка аралашты, кечеле жаштар келсин дебедикпеле??? Вот, пожалуйста, келди ошол адам, эми коройлу кандай иш жасайт экен. Поспешных выводов не делайте...
25.12.2010. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерден Нурлан Шакиев жакшып иш алып бараарына ишенем, себеби ал барган жерде албетте озгоруу болот, жана Ибрагим Жунусов, Сабырбек Жумабековдор да жакшы иштеп кете алат.
26.12.2010. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээээээ Бакиев заманы ле жакшы болчу.. Буларга ишенбей калдым
26.12.2010. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага бул окмоттун курамы жаккан жок.Эмнеге эл менчигинен бешбетер окмоттун курамын 3 партия болушуп алышкан.Кадр тандоого аябай карайбыз деп атышпабы беле.Кана ал создору???
27.12.2010. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul anchalyk kanaattandyraarlyk emes, birok bashynda Almazbek baikenin bolshu abdan jakwy. Men aga ishenem, saiasatty jakwy bilgen, adep-ahlaktuu adam... Kyrgyz jashtaryn kotorup koldop kelet...
27.12.2010. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай да элди шылдындоо болобу?!Бакиевдин заманында элди тоноп,жер суунун баарын сатып буткон адамдарды алып келишти.Атамбаев менен Бабанов бийлик учун айткан созунон танып кеттишти.Наалат силерге.
27.12.2010. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар БАкевдин доорунда болобу,Акаевдин доорунда болобу антип болуп караган туура эмес деп ойлойм.Эгер козомол болгон болсо алардын баарын ойдогудай иштетууго болот.Мурункулардын баары козомол болбогондуктан озу билип отугун торго илип келишкен.
27.12.2010. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ibragim junusov kantip beti chydap jurot tan kalam oshol kishige.
emi janaki sheit ketken baldardyn arbagy koldop jakshy ishtese eken jany ministirleribiz.
bir gana ishenichtu eki ele adam bar eken.emi osholordon umut kilabyz buirusa
onolup keteer kirgizstanym
27.12.2010. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyrbek baike davno ele ministr bolso bolom ayabai uvajat etem
27.12.2010. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dubaidutyfree nege tan kalasyn JUNUSOVko
28.12.2010. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir shakiev akaevdin kol balasy,bakievdin da konulun tapkan,ubagynda ajabai jep uch etaj tam saldyryp bir juma toi bergen.oshon uchun jumushtan tushkon.emi kaita ele bular toiup,tam saldyryp butkucho kyrgys kuurait.arasynda eki uchoo gana ish orduna tatyktuu, kalgany ozuno jarasha ish ordun tapsa bolmok.bijliktegiler aman bolgula
28.12.2010. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amirbek emnesi tan kalychtuu emes.men da tan kaldym junosov mugalim ele bolup je sahnada elamandy yrdap juro berse jarashat.ministrlik kesip al adamga oto ele.........
29.12.2010. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илгери кыйратпаган министр, депутаттар азыр кыйратат дейсинерби! Деги жоголбой койду ушул мадыра баштар! Кыйратып эле атабыз дешет каратып туруп калпты ышкыртып! Дагы бир тополонду Кыргызстан которо албайт! Ушунчанарда токтоткула айлайындар сиздерден суранаарым!!! Башка элден уялат экенсин...
29.12.2010. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ибрагим Жунусов садик мектеп жана той топурлар боюунча жакшы маселелерди айтып чыгып атат мен ойлойм ошол которгон маселелерден жакшы жыйынтык чыкса таттыктуу деп.
08.01.2011. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жаккан жок лом берсен да жеймин дегендер экен
жанибек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо