Азамат Эркинбаев, «2010-жылдын супер ди-джейи»: «УГАРМАН КЫЗДАРДЫ СҮЙДҮРҮП АЛАМ»

№425 24-30-декабрь, 2010-жыл.

Азамат Эркинбаев 1983-жылы Каракол шаарында туулуп-өскөн. Кесиби экономист болсо да, 18 жашынан баштап радиодо эмгектенип келет. Катуу жини келсе уктап, музыка угуп эс алган «Тумар» радиосунун ди-джейи көп күйөрмандарын өзүнүн жагымдуу, коңур үнү менен тартып алат. “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2010-жылдын супер ди-джейи” наамына да бул жигит жөн жеринен ээ болбоду.

– Азамат байке, “адамдардан бат көңүлүм калат, көк бетмин, оңой менен жазылбайм” дейсиз, сизди таарынткан адам кантип көңүлүңүздү алат?
– Оңой менен таарынбайм. Мен, негизи, бир же эки жолу капа кылса капарыма албай, күлүп-жайнап жүрө берем. Анан жеткен чегинен ашып кетсе, ал адамды жашоомдон чийип салам же өзүм жок болуп кетем. Бет келишсе сүйлөшпөйм, СМС жазса жооп бербейм.
Бул сапат өзүңүзгө жагабы?
– Кээде жагат, кээде жакпайт. Жакпаган жери – жакшы дос болуп жүргөн адамдардан алыстап кеткеним.
– Алар шоу-бизнестеги адамдар эмеспи?
– Көңүл калган адамдардын арасында ырчылар да бар, ооба. Керектүү жерде иштесең, дос-тууганың көбөйөт экен. Ал иштен четтеп каларың менен бирине да керегиң жок экенине көп эле жолу ынандым.
– Кесиптешиңиз Назира Кадыева экөөңүздөр жакын дос экенсиздер. Дегеле досторуңуздун арасында мамиле достуктан сүйүүгө айланып кеткен учур болгонбу?
– Назиранын үнү жагып калып, кайра-кайра телефон чала бергем, “бизге келип иштебейсиңби?” деп. Анан жакын дос болуп кеткенбиз. Мен Назираны тентек инимдей эле көрөм. Анткени ал шайыр, ачык-айрым. Кээде чалып туруп урушуп салат, кээде ыйлап кирет. Кыскасы, ортобузда сыр деле жок. Экөөбүз той-топурларда тамадалык кылып, бирге кадам таштап, эл аралап калдык. Сүйүүгө өтүп кеткен убак болгон эмес.
– Күз мезгили жагат экен. Кыш келди, босогодо Жаңы жыл. Тамаша иретинде суроо узатсам, Аяз атадан эмне сурайсыз?
– Кыш мезгили жакпайт. Үшүкчөөлмүн... Күз – берекелүү мезгил, элдин курсагы да, көңүлү да ток болот, ошонусу менен жагат. Алдыдагы Жаңы жыл майрамы да абдан жагат, жакындар менен жайбаракат ак тилек арнашып отурганга, сырдашканга не жетсин? Айтмакчы, жылда Аяз атага кат жазчу элем, быйыл Анжелина Жолиге кат жазсамбы деп жатам. “Салам кат! Кандайсың, Жоли?” деп туруп баштап, анан “суранам, мени багып алчы?” деп кайрылам! Бакма апам берген акчанын баарын Кыргызстаныбыздын өнүгүүсүнө жумшамакмын. Тамаша! Бүткүл кыргыз элине Жаңы 2011-жыл жакшылык, береке, зор бакыт менен байлык алып келсин дейм! Сулуу кыздар көбөйө, чоңоё берсин!
– Айылдагы жашоо жакшыбы же шаардын шарданы тартып турабы?
– Мен өмүрүмдө айылда жашап көргөн жан эмесмин. Ошон үчүн айылдагы жашоо жыргал сезилет. Маңдай териң менен тапканың өзүңө жетет, чакан чарбаң менен алектенип, ызы-чуусуз өмүр кечире бересиң. Дагы бир байкаганым, элеттин эли жөнөкөй, ишенчээк, тапкыч келет. Бирок мен келечекте шаарда эле жашасам керек. Антпесе байкуш болочоктогу келинчегимдин түйшүгү көп болчудай.
– Быйыл шоу дүйнөдөгү жигиттер катарынан үйлөнүштү, сиз Коён жылына калдыңызбы?
– Үйлөнгөнгө таптакыр убактым болгон жок, а чынын айтсам, мекенибизде быйыл жагымсыз көп окуялар орун албадыбы, мындан улам үйлөнүү тууралуу ойлонгон да жокмун.
– Дегеле сүйүү деңизине сүзүп, махабаттын даамын таткансыз да...
– Ооба, көп эле жолу сүйгөм. Ар бирине жолукканда, “эх, мен күткөн, кыялымда баккан адам” дейм. Убакыттын өтүшү менен андай эмес экенин түшүнөм да, кейип калам. Сүйлөшүп жүрүп коштошууга туура келгенин сезсем, дароо дос боюнча калууну сунуштайм. Жоопсуз сүйүү да болгон, аны эстегим келбейт. Азыр сүйлөшүп жүргөн кызым бар. Бирок болочок жарым ал болобу же башкабы, айталбайм.
– “Атайын МАИчи кызды көрүш үчүн Совет көчөсү менен өтөм” деп жүрдүңүз эле. “МАИчи кызды сабаптыр” дегенди коомчулук кыжырдануу менен кабыл алды. Дегеле аялга кол көтөрүү кандай эркектин колунан келет?
– Ии, ал кыздын бою менден бир топ узун экен. Менимче, аялга алсыз эркектер кол көтөрсө керек.
– Байкасам, сизге сүйүү СМСтери көп келет турбайбы, ошонун ичинен эсте калганы барбы? Балким, угармандар менен жолугушуу...
– Каттардын баарын эжекем чогултуп, коробкаларга салып койгон. Кийин келинчегим кабагын бүркөп, кыйын боло баштаса, “мына карачы, сен баркымды билбейсиң!” деп каттарды алдына ыргытып коём. Ошол каттардын ичинен 19 калың дептерди толтуруп, мага сүйүүсүн арнаган Нуржамал деген кызга салам айтып кетейинчи.
“Арзууну” алып барып жүргөн­­­дө кош бойлуу аялдар, студенттер кайрылып, жардам сурай беришчү. Жашмын да, болгон акчамды аларга берип койчумун. Ал эми угарман кыздарды сүйдүрүп алам. Алар менен жолугуп, ээрчишип концерт, кинодон калбай барган күндөр көп эле болгон.
Ди-джейлик кесиптин аркасы менен сиз эмне таптыңыз?
– Тажрыйба топтодум. Адамдар менен алака түзүүнү үйрөндүм. Тааныштарымдын саны өстү, элдин колдоосуна ээ болдум. Анан калса, мамлекеттик сыйлыктарга илиндим, быйыл болсо сиздердин сыйлыкка ээ болдум.
– “2010-жылдын супер ди-джейи” аталдыңыз, демек, сиз мыкты ди-джейсиз...
– Биринчиден, мага добуш берген жалпы окурмандарыңарга, «Тумар» радиосунун угармандарына ыраазычылык айтам. Ооба, мен өзүмдү профессионалмын деп эсептейм. Өз ишимди мыкты билем.
– Бир кесиптешиңиз “саламатсызбы?” деген сөздү 7 жылдан бери кайталап, тажадым” дейт. Сизчи?
– Жок, мен тажаган жокмун. Өз кесибимди, эл менен иштөөнү жактыргандыктан, эфирге улам-улам кайрылып келип жатам. Көп окуйм, интернет – жакын досум.
– Алгачкы алган маянаңыз эсте болсо керек?
– Эң биринчи айлыгым 176 сом болчу. Ортодо эки жыл тыныгууну атайы алгам, анткени микрофонго сүйлөп отурсам, өзүмдү каржылай алчудай эмесмин. Мындан улам чет өлкөдөн машина алып келип сатып, соода кылдым. Анын арты менен үйлүү, машиналуу болгом. Азыр айлыгым жакшы. Бекеринен кесиптештерим “Кыргызстандын эң кымбат ди-джейи” деп атабаса керек.
– Көп жигиттер “мен патриотмун” деп төш каккылайт, сизчи?
– Акыркы учурда жасалма патриоттор көбөйдү. Саясатчы болобу же ырчыбы “мен патриотмун! Кыргызстаным үчүн жанымды берем!” деп туш келди кыйкырып, ырдап калышат. Бул көрүнүштүн негизги себеби: бирдиктүү, улуттук идеологиябыздын жоктугунда.
– Кой союп, жиликтеген, ат токуган колдон келеби?
– Атты көптөн бери токуй элекмин. Койду мууздап берген соң жиликтейм.
– Ал эми камыр жууруганды билесизби, казан-аякка киришесизби?
– Беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. Камырды дайыма эжекем жууручу. Бирок азыр деле кээде идиш жууп калам.
– Кээ бир мырзалар ичкенде, “арстанмын” деп калат экен. А сиз ичкенде...
– Чоң той-топур, мааракелерде тост айтып калсам, ооз тийип коём. «Арстанмын» дегендер чегинен аша ичкендер болсо керек.
– Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайбыз. Ишиңизде албан-албан ийгиликтерди жарата бериңиз.


Жылмайып коюңуз!

– Ий, Азамат, кызыма үйлөнөйүн деп чечтиңби?
– Уруксат берсеңиздер эле...
– Үй-бүлөнү бага аласыңбы?
– Мүмкүнчүлүгүм бар. Бекеринен мени “Кыргызстандын эң кымбат ди-джейи” дешпейт...
– Жакшылап ойлон, биз үй-бүлөдө кызымды кошкондо 11 жанбыз...

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(21)
24.12.2010. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ya o4en rada za tebya. Ti zaslujil etu nagradu. Pozdravlayu! S nastupayuwim Novim Godom!!!! Pust etot god prineset tebe neograni4ennoi uda4i i bolwoi lubvi. Hvatit uje, jenitsya pora. Tolko priglasitelnogo otpravit ne zabud, ok. Ya priedu, obewayu. Na menya ne derji zla. Prosti za vse plohoe, vspominay vse horowee. Kstati v eto mire dengi ne glavnoe...! Seluyu, beregi sebya! S/u Yulka
25.12.2010. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага уну оолоо жагат азаматтын....куттуктаим
25.12.2010. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдын эн мкыты ди-джейи! Азаматсынар!!! Негизи эле соонун жигит да. Ийгилик каалап кетейинчи.. мындай сыйлыктардын дагы коообуно жетишкиле!
25.12.2010. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дагы уну жагат, бирок озун эмнегедир башкача элестеткен элем. Ун дикциясы эн сонун!!! Наамыныз кут болсун!!!
25.12.2010. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oho atasynyn balasygo,abdan okshosh eken. Men anda Brad Pittkejazsam okshoit kat.. :):):)
25.12.2010. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жигиттин озу жан дуйносу башкача. Айрым учурда тушунуу абдан кыйын, кээде жопжонокой. Озу негизи уникалдуу адам. Сыртынан жадырап журо берет, ичинде бурганак болуп жатса да:-)))Бактылуу болсун!
26.12.2010. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыңбы Азамат!
Сыйлыгың кут болсун. Ишиңе ийгилик. өркүндөп өсө бер. Сендей иним бар экендигине сымыктанам. Көлдүк аваң.
27.12.2010. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татыктуусун.... унун аябай кооз. Талантын оркундой берсин!!! ИЙГИЛИК!!!
27.12.2010. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлыгыныз кут болсун!
27.12.2010. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлошкон кызы умутун узуп койсо болчудай экен. Байкебиз баары бир ага уйлончудой эмес го айткан созуно караганда...
27.12.2010. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билесинер болуш керек баарыныр. Баарынан шоу бизнестин окулдору силерди ушул денгээлге жеткизген эл эл эл. Ийилип койсонор болбойбу? Интервю бергенде ойлонуп суйлочу. Диджейлигинди сыйлайм бирок опконду киргизчи Азамат
28.12.2010. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жердешим дайым жолун шыдыр болсун!!!
28.12.2010. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат сыйлыгын кут болсун!!!мен бир жерге "акцент" койдум--" Ии, ал кыздын бою менден бир топ узун экен."деген созуно лучше --"менин боюм кичине экен" десе еандай болор эле
29.12.2010. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эдил байке чынын айтсам сакал коюп, чачынызды остуруп алганыныз такыр жаккан жок:(((
29.12.2010. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жигит менен 2006 жылы таанышкам байкем экоо больницада бир палатада жатышкан. Постоянно жылмайып журот и элдин конулу менен боло берет ошонусу жаккан. Больницадагы кыздар суротко тушуп, суйуп куйуп калганын коруп, кулоор элем:) Азамат бир муноз, ойлуу, короче бул дуйнонун адамындай эмес, озунун дуйносу бардай сезилет мага. Кийин Токтогулга байкемдин тою болуп чакырганда, келе албады. Коп дары алышкан, азыр дагы алып турса керек. Сыртынан орууп, кыйналганын эч билгизбей, жадырап жайнап журго
29.12.2010. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жургонун коруп тан калам. Нурлан байкем 2 балалуу болду, а сиз дагы деле бойдок экенсиз. Мени таанысаныз керек? Нурлан байкеме кундо тамак алып келип жургон Махабатмын, сиз менен 1 жолу карта ойногонбуз. Эстесениз номеринизди берип коюнузчу! От души сыйлыгыныз менен куттуктайм! Ар дайым сыйлык алып, кулуп жайнап журо бериниз! Жаны жылыныз менен! Жаны жылда женелуу кылыныз!!!!!!!!!
29.12.2010. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен коп жылдан бери чет мамлекетте жашайм, андыктан бул жигитти тааныбайт экем, коптор унун мактаптыр, чындап жакшы диктор чыгаар, бирок берген интервьюсунан улам коп баа бере албадым. Диктордын "узун тили", терен жан дуйнодон келип чыгыш керек эле "по идеии", бул баланын терендигин сезе алган жокмун.
Кичине адам катары озун элден ылдыйраак кармаш керек улу болом деген адам Азамат, конулго алып коюнуз айтканым ;) Ишинизге ийгилик каалайм!
02.01.2011. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык улуу адамдар озгочо мунозго ээ болушкан. Ошондуктан, эгерде бул жигит да оз озгочолукторун туура пайдалана билсе, мындай сыйлыктардын, ийгиликтердин да кобуно ээ болот. Ал эми коомчулуктун сын-пикирин болсо, ар дайым тушунуу менен кабыл алуу керек. Сын адамды чыналтат!
04.01.2011. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коп деле тааныбайт экенмин..уну жакшы болсо болгондур...сырткы келбетинен корунуп турат Нурайга кошулам терен адам деле эмес окшойт...кандай болсо да ийгилик каалайм.
05.01.2011. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эмес, эки ирет "супер ди-джей" аталган Азамат Эркинбаев менен копчулук сыймыктанат. Жазылган кээ бир коро албас создорго кошула албайм. Адамдык сапатты бийик койгон, жан дуйносу таза адам. Азамат байке, дайым ишинизде ийгиликтер боло берсин, сиз кандай болсонуз ошондой кабыл алып, сизди сыйлап-кадырлаган адамдар абдан коп, андыктан бир гана АЛГА!
19.01.2011. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
от дуШи "жигит" да)))) Ийгилик!!! Чексиз суйуу каалайм!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо