№1028 19-25-август, 2022-ж.
2022-жылдын июль айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 224 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Мунун ичинен 4 миллиард 190 миллион доллары тышкы карыз. 1 миллиард 166 миллион доллары ички карыз. Мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 58,19 пайызын түзүүдө. Карыздын 1 миллиард доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.
Айта кетсек, 2022-жылдын апрель айында мамлекеттик карыз 5 миллиард 92 миллион долларды түзгөн эле.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |