№1029 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
24-августта президент Садыр Жапаров Бишкекте УКМК кызматкерлерине үй тапшыруу иш-чарасына катышты. Анда өлкө жетекчиси мугалим жана дарыгерлерге да үй куруу чакырыктары айтылып жатканынан кабардар экенин белгиледи. – Коомчулукта “эмне үчүн ушул чекисттерге эле үй бере берет? Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр айтылып жүрөт. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип жатабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып коюшуңуздар керек,- деди Жапаров.
Мамлекет мугалимдерди жана дарыгерлерди жеңилдетилген турак жай менен камсыздоого көңүл бурарын, жакшыртылган ипотекалык программа 1 жылдан бери иштеп жатканын белгилеп өттү.
Айта кетсек, 24-августта УКМК кызматкерлерине 306 батир тапшырылды. Көп кабаттуу үй 1 жарым жылдын ичинде курулган. Буга мамлекеттик казынадан 522 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |