Тарых барактарында
Жолборс жылы да сапарын карытып, Коён жылы босогодо турат. Өтүп бараткан жыл оор жылдардан болду. Андыктан көпчүлүк "Коён жылы тынч болсо экен" деп тилеп турганы анык. Коён жылдарында кандай окуялар болуп өткөнүнөн маалымат.
1915
КЫРГЫЗСТАНДА
-
21-мартта кыргыздын атактуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов жарык дүйнөгө келген.
-
1-декабрда Пржевальск шаарында Биринчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин балдарын багуу үчүн Балдар үйү иштей баштаган.
ДҮЙНӨДӨ
-
6-февралда Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Германия тарыхта биринчи жолу суу астында жүрүүчү кемелерин пайдаланган.
-
24-апрелде Осмон империясы армяндарды кырууну башташкан. Үч жыл аралыгында 1,5 миллионго чейин армян геноцидге кабылган.
1927
КЫРГЫЗСТАНДА
ДҮЙНӨДӨ
1939
КЫРГЫЗСТАНДА
-
13-февралда кыргыздын чыгаан режиссёру, ЖКнын үч жолку депутаты Дооронбек Садырбаев туулган.
-
25-октябрда Кыргызстан композиторлор союзу түзүлгөн.
-
9-ноябрда СССРдин Эл артисти, кайталангыс актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жарык дүйнөгө келген.
ДҮЙНӨДӨ
-
1-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуш башталган: Фашисттик Германия Польшага кол салган.
-
1-апрелде Испанияда жарандык согуш аяктап, өлкөдө Франсиско Франконун диктатурасы орногон.
-
30-ноябрда совет-фин согушу башталган. Арадан 15 күн өткөндөн кийин Улуттар Лигасы СССРди Финляндияга кол салгандыгы үчүн уюмдан четтеткен.
1951
КЫРГЫЗСТАНДА
ДҮЙНӨДӨ
-
4-январда Корей согушу учурунда Түндүк Корея менен Кытай кайрадан Сеулду басып алышкан.
-
20-июлда Иерусалимде Иорданиянын падышасы Абдалла ибн Хусейн өлтүрүлгөн.
-
24-декабрда Ливия африкалык колониялардан биринчи болуп БУУнун чечими менен көз карандысыздыкка жетишкен.
1963
КЫРГЫЗСТАНДА
-
28-июнда Кыргыз комволдук-нооту комбинаты ишке кирген.
-
24-декабрда "Ата Журт" партиясынан ЖКда депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев төрөлгөн.
ДҮЙНӨДӨ
-
21-мартта АКШдагы атактуу “Алькатрас” түрмөсү жабылган.
-
9-февралда АКШда Боинг 727 учагы биринчи жолу абага көтөрүлгөн.
-
14-ноябрда Исландияда суу астындагы жанар тоонун атылуусунун натыйжасында Суртсей аралы пайда болгон.
1975
КЫРГЫЗСТАНДА
-
3-январда Индиянын Дели шаарында өткөн эл аралык кинофестивалында Сүймөнкул Чокморов "Көк серек" тасмасындагы ролу үчүн баш байгени жеңип алган.
-
Ушул жылы облустук борборлор телекөрсөтүүлөрдү үч каналдан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан (датасы белгисиз).
ДҮЙНӨДӨ
-
2-майда атактуу англиялык футболчу Дэвид Бекхэм жарык дүйнөгө келген.
-
8-майда жүрөктү эзген лирикалык ырлары менен таанымал испаниялык ырчы Энрике Иглесиас туулган.
-
29-июлда Нигерияда аскердик төңкөрүш ишке ашкан. Президент Якубу Говон чет өлкөдө жүргөндө бийликти генерал Муртала Мухаммед башында турган топ басып алган.
-
30-декабрда Мадагаскар демократиялык республика катары жарыяланган.
1987
КЫРГЫЗСТАНДА
ДҮЙНӨДӨ
-
19-апрелде белгилүү орус теннисчиси Мария Шарапова туулган.
-
13-январда нью-йорктук мафия лидерлери Энтони Салерно менен Кармине Перкуччья кылмышы үчүн 100 жылга эркинен ажыратылышкан.
-
30-мартта Ван Гогдун “Күн карамалар” картинасы аукциондо ошол кездеги рекорддук көрсөткүч болгон 39 миллион долларга сатылган.
-
31-июлда Меккеде сауд арабиялык коопсуздук кызматкерлери менен кагылышууда 400 ирандык зыяратчы көз жумган.
1999
КЫРГЫЗСТАНДА
-
16-мартта оппозиция бийликке кыргыз-кытай чек арасы жөнүндөгү келишимди ратификациялоодон баш тартуу талабын койгон. Кагылышууда Аксы районунун 6 тургуну каза болгон. Аксы кризиси Курманбек Бакиев башында турган өкмөттүн отставкага кетүүсүнө алып келген.
-
24-мартта Кыргызстанда эгемендик алгандан бери алгачкы жалпы элдик Эл каттоо жүргүзүлгөн.
-
30-июлда Баткендин аймагына куралдуу согушчандар басып кирген. Аларды жок кылуу операциясы 21-августка чейин созулган.
ДҮЙНӨДӨ
-
1-февралда Колумбияда жер титирөө болуп, анын натыйжасында 1000ге жакын адам каза тапкан.
-
7-августта Шамиль Басаев менен Хаттабдын аскерлери Дагестанга басып киришкен.
-
12-октябрда Жердин калкынын саны 6 миллиардга жеткен.
ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
-
1855-жылы 26-ноябрда поляк элинин акыны Адам Мицкевич каза болгон.
-
27-октябрда орусиялык жана советтик окумуштуу-биолог жана селекционер И.Мичурин төрөлгөн.
-
1867-жылы 25-ноябрда Альфред Нобель динамитке патент алган.
-
1879-жылы 21-декабрда советтик коомдук-саясий ишмер, КПСС БКнын генералдык катчысы (1941-1953), Советтер Союзунун баатыры, генералиссимус Иосиф Сталин (чын фамилиясы Жугашвили) жарык дүйнөгө келген.
-
1891-жылы 29-ноябрда Орусиянын падыша өкмөтү Кыргызстанга көчүрүлүп келинген орус дыйкандарын куралдандыруу тууралуу мыйзам кабыл алган.
Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg