Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНӨ 31 ЖЫЛ ТОЛДУ

№1030 2-8-сентябрь, 2022-ж.

31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк алганына 31 жыл толду. Бул күндүн урматына Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда мамлекеттик масштабда иш-чара өттү. Ага президент Садыр Жапаров баштаган мамлекет жетекчилиги, экс-президенттер, саясатчылар, чет элдик коноктор, миңдеген жарандар катышты.

– Карт тарыхта кыргыз менен үзөңгүлөш жашаган далай элдер бүгүн жок, тарыхта алардын аталыштары гана калды. Эгемендик бактысына ар убак эркиндикти туу тутуп, тынымсыз күрөшүп келген намыстуу эл гана татыктуу. Көкүрөгүбүзгө сыймык уялап турган ушул күнү Кыргызстандын эркиндигин эңсеп-тилеп, ал үчүн жан аябай тынымсыз күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын эрдигин жана элесин эстен чыгарбайбыз,- деди президент куттуктоосунда.

Садыр Жапаров 2022-жылы жасалган маанилүү иштер деп “Кумтөрдүн” Кыргызстанда толук өткөнүн, коопсуздук органдарына, чек арачыларга жакшы шарттар түзүлүп жатканын, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу башталганын, айлык, пенсиялардын көтөрүлүп жатышын жана башкаларды белгилеп өттү.

Чуңкурчакта ондогон боз үйлөр тигилип, майрамдык иш-чара улуттук оюндар менен коштолду. АКШ, Орусия, Кытай баштаган ондогон өлкөнүн президенттери Кыргыз элин көз карандысыздык майрамы менен куттукташты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо