КЕРЕБЕТТЕ КЛИП ТАРТУУ КЕЗЕГИ КИМДЕ?

№426 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.

Клиптер айдыңында

Кыргыз элинин ыр жандуу экени баарыбызга маалым. Ар бир жаралган обон көптөгөн эмгекти талап кыларында талаш жок. Ыр жаратуу бир иш, ал эми ошол ырдын элдин жүрөгүнөн түнөк табышы таптакыр башка иш эмеспи. Ырга жараша клиптер козу карындай эле жайнайт. Алардын айрымына көз салып, клиптердеги окшош кадрларды байкап, көргөн көзүбүзгө ишендик...

Биздин жигиттер ак түстө кийинип, көл жээктей сыздаган клиптерди көп тартышат. Ишенбейсизби, анда Омардын “Кош жүрөк”, Мирбек Атабековдун “Ильяздын ыры”, Фархат Кеңешбек уулунун “Кайдагы сүйүү?” клибин көрүңүз. Бул клипмейкердин катасыбы же идеянын тартыштыгыбы, биле албадык.

Арсендин “Элесиң сенин” клиби менен Мирбек Атабековдун “Кара көзүн” карайлы. Эки ырчы тең кабак түйүп ырдап жүрсө, ашыктары ээн талаада бийик такалуу туфличен каалгый басып жүрүшөт. Айтор, аталган клиптер бир режиссёрдун колунан чыкканбы же Мирбекти Арсен туураганбы деген ой жаралбай койбойт.

Акыркы мезгилде керебеттин жанына отуруп, жатып, жаздык менен чабышкан кадрларды камтыган клиптер модага айланды. Же бир бөлмөдөн эле тартылган клип арзанга турабы, көптөгөн ырчылар керебетти клиптеринде хит кылышууда. Аларга Гүлжигит Калыковдун “Күттүм сени”, “Импульс” тобунун “Жок, жок”, Кайыргүлдүн “Кайдасың?”, Нурлан Насиптин “Жоопсуз сүйүү”, Мирбек Атабековдун “You are my destiny” ырларынын клиптерин кошсок болот.

Клипти ар ким өз фантазиясына жараша тартат эмеспи. Ошол фантазиялар окшош болуп калган учурлар кездешпей койгон жок. Кымбат үйлөрдү тарта берип тажашкандай, бош бөлмөгө сүрөт чаптап клип тарткан окшоштордун катарында Ильяз Андаштын “Кимди сүйөсүң?” жана Кумар Асановдун “Асыл жарым” ырларынын клиптери бар.

Сырттан караган адамга клип тартуунун түйшүгү байкалбашы мүмкүн. Бирок ошол тарткан түйшүккө жараша ар бир клиптин сюжетин кылдат ойлонуп, анын көркөмдүгүнө, эстетикалык таасирине терең маани берип, изденүү менен тартсак. Анткени ар бир ыр, клип ырчынын атын өчүрбөс, элдин эсинде сактап жүргөн мурасы болуп калары анык. Клиптердин санына эмес, сапатына көп көңүл бөлүшөр деген терең ишеним менен клипмейкерлерге ийгилик каалайбыз!

Асыл Орозбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
30.12.2010. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клипти ар ким өз фантазиясына жараша тартат....мдааааа бироодон которгонубуз аз келгенсип,эми бирибиз-бирибиздин клиптерибизди уурдай баштадыкпы?
30.12.2010. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай клип тартса да айлаа жок коробузда,бирок чынында сапаттуу,коруудон тажабай турган клиптерди жаратышса дейм.
30.12.2010. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chynynda kop ele klipter okshosh kimdi kim tuurap jatkanyn da bilbeisin ..Jakshylap tartkanga araket kylyshsa.
31.12.2010. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kimisinin klibi janyraak bolso oshonusu tuuragan bolot da.Any baikashtyn dele oor4ylygy jok go.
Omar Mirbekti, Kayirgyl Guljigitti, Kumar Iliazdy tuuragan...Kap etpegile dostor, birok 4yndyk.
A birok kep klipte emes, anyn maanisinde deit elem.
02.01.2011. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеокли́п, видеоро́лик или просто клип (от англ. clip) — непродолжительная по времени художественно составленная последовательность кадров. Видеоклипы наиболее часто применяются для рекламы товаров и услуг и для визуального сопровождения аудиокомпозиций на телевидении. Искусство съёмки и монтажа видеоклипов выделяют как отдельный короткометражный подвид киноискусства. Клипы обычно имеют более «дробный» монтаж, по сравнению с короткометражным кино, и в них более часто используются спецэффекты
06.01.2011. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде клип тартуу эми эле онугуп жатпайбы! Ушул жагына да шугур дейли!!!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо