Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЛЮФФА – ТАБИГЫЙ ДЕНЕ ЖЫШЫГЫЧ

№1031 9-15-сентябрь, 2022-ж.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Карача айылынын тургуну Савринса Сыргатаева тропикалык өсүмдүктөрдү өстүрүп келет. Алар Индия анары аталган мамордик жана люффа. Савринса айым табигый дене жышыгыч аталган люффаны өстүрүү сырын айтып берди.

– Люффанын уругун Өзбекстандан Жалал-Абадга соода-сатык менен келгендерден сатып алгам. Уругун жазында жашылчалар тигилген кезде тиккен элем. Люффа – чырмалып өсүүчү маданий өсүмдүк. Муну мурун Союз кезинде Кыргызстанда деле өстүрүшчү. Андан жасалган табигый дене жышыгычтарды дүкөндөрдөн сатып алчубуз. Мончого, казан-аяк жууганга колдончубуз.

Люффанын мөмөлөрү бышканда кабыгы саргаят. Кабыгын аарчып, ичиндеги уруктарын кагып түшүрүп туруп таштап койсо бат эле кургайт. Кургагандан кийин 2 четине кездемеден кармагыч тигип койсо дене жышыгыч даяр. Мончодо самын сүйкөсө жакшы көбүрөт, денени массаждап, кирди таза кетирет. Аллергия кылбайт. Териси назиктер, жаш балдар үчүн дене жышыгыч даярдайм дегендер люффанын мөмөсүн жакшы быша электе үзүп алса, буласы жумшагыраак болот.

Люффа бадыраң, ашкабак сымал эле өсөт. Бою өскөндө жогору тартып байлоо керек. Жер семирткич ордуна түптөрүнө биогумус салгам. Тропик өлкөлөрүндө мөмөсүн тамак-ашка колдонушат экен. Мен ал жагын өздөштүрө элекмин.

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо