ЖОЛБОРС ЖЫЛЫНДАГЫ ЖЫЛДЫЗ ЖЫЙЫНТЫК

№426 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.

Жолборс жылын узатып, Коён жылын күтүп жаткан учур. Кыргызда “узаган жылды жамандабайт” деп коёт. Ошого карабай Жолборс жылында белгилүүлөр арасында кандай окуялар болду, көз чаптырып көрөлү.

ШИРЕЛИШКЕН КОШ ЖҮРӨКТӨР
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, быйылкы жылы чыгармачыл чөйрөдөгү бойдок жигит-кыздардын бир башы эки болду.
Султан Садыралиев Таластын татына күйөө баласы болсо, Акбар Сүйүнбаев жердешине баш кошту. Мирбек Иманбеков кызы эки жарым жашка чыкканда үлпөт тоюн берип, ачыкка чыкты. Замир Мырза Жаңыл аттуу колуктулуу болсо, Бекчоро Назгүлүнө жетти. Алтынбек Алымов, Эрлан Андашев, Ильяз Абдыразаковдор Нарынга күйөө бала болушту. Шайырбек Арапов үйлөнүү тоюн Ошто өткөрүп келди.
Кыздардан турмушка чыгууну Мэри Шакулина баштап берди. Кенже Дүйшеева кыргыз эмес, казак жигитин колтуктап кетти. Айпери Сыдыкова Мирзамирине Кара-Көлдөн жолукса, Азиза Эмир Сарпашевди этектеди. Ди-джей Жаркынай Аманова Максат аттуу угарманынын колун кармаса, Нуриза Абазова Улук аттуу мырза менен
баш кошту.

АРДАКТУУ АТА, МЭЭРИМДҮҮ АПАЛАР
Жолборс жылында балканактай уулдуу, татынакай кыздуу болгондор арбын.
Чү дегенде эле Чубак уулу Кубаныч, ак таңдай акындар Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаевдер уулдуу болуп, маңдайлары жарылды. Темир Назаров, Айжамал Кабылова, Байыш Момунов, Айя Садырова, Мэри Шакулина, спортчулардан Канатбек Бегалиев, Канат Сыдыгалиев, ди-джей Замир Казакбаев, куудулдар Санжар Бердибеков, Талант Анарбаев, Жылдызбек Абдраимов да уул көрүп сүйүнүштү.
Ырчылардан Анжелика, Айбек Карымов менен Гүланда, Жаныш Момунов, Жылдыз Тутуева, ди-джейлер Бегайым Абдыкадырова, Арстанбек Абдыманов, бийчи Бакыт Байсариевдин кыздары Жолборс жылында жарыкка келишти.

ЧЫРЛУУ АЖЫРАШУУЛАР
Уй жылында унчукпай жаткандар Жолборс жылында күрүлдөп эле чыгышты бейм.
Жыл башында бири “мени сабатты” десе, экинчиси “мен сабаткан жокмун” деп Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика таарынышты.
“Экөөбүз карын бөлөбүз” деп, анан кайра “кайнаса каныбыз кошулбайт” дегендей түр көрсөтүп, Дайыр Исмадияров менен продюсери Канат Кадыржан иштешпей калышты.
Жалал-Абаддагы концерттен соң Самат Дөөлөтбаков менен Мирбек Иманбеков мушташып, жыйынтыгында Мирбектин кулагы шишисе, Саматтын көзү көгөрүп, өздөрүнчө “концерт” уюштурушту. Экөө жараштыбы, жокпу, айтор, дымы чыкпайт.
Айдиндин тушоо кесүү концертинен соң продюсер Динара Эсенгулова менен Айдин Шер таарынышып жүрүшөт. Эми Айдин продюсеринен кечирим сурап элдешеби же өз аты менен сахнага чыгабы, а балким, ырчылык карьерасы ушуну менен токтойбу, бул да күмөн.
Шайлоодон кийин таарыныштыбы же эмне болду, айтор, Ильяз Абдыразаков менен продюсери Баяке Чааров да иштешпей калышты.
16 жылга жакын бирге иштешип, эне-баладай болуп калган Гүлшайыр Садыбакасова менен Кенже Дүйшееванын кайым айтышуусу да Жолборс жылына туш келди. Кудай жалгап, экөө кайра элдешиптир.

КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
Кырсыкты кайдан деп болобу, дал ушул жылы бөөдө кырсыкка учурап, аман калганына сүйүнгөндөр да жок эмес.
Ынак Осмоналиев үй-бүлөсү менен автокырсыкка учурап, жыйынтыгында машинасы талкаланып, келинчеги экөө жеңил жаракат алып дарыланып чыгышты.
Роза Шакирова менен курбусун каракчылар тоноп, сумкаларын, телефонун, акчасын, жадакалса дисктеринен бери шыпырып кетишкен.
Фарида Карбосова да жол кырсыгына кабылып, өзүнүн машинасын гана оңдоп-түзөбөстөн, уруп алган Лексусту да оңдоп, оңой эмес чыгымга учурады.
Ушундай эле жол кырсыгына Омар менен Арсен кабылып, жеңил жаракат алышты. Омар каршысындагы машинаны сүзбөй эле, ырчынын машинасын болгондо да милиция кызматкери сүзүп, "билгениңди кыл" дегендей салкын мамиле кылганын азыр да айтып кейип жүрөт.
Жол кырсыгына кабылгандардын арасында Айя Садырова да бар. Айянын буту сынып, азыр үйүндө отурат.
Жогорудагы аты аталган атактууларга мындан ары бөөдө кырсыктан алыс болгула демекчибиз.

ЖҮРӨК ЖАРЫП, ДҮЙНӨ САЛЫП КЕТИШТИ
Адамзаты дүйнөгө түркүк боло албайт турбайбызбы!
Бул жылы кыргыз эстрадасында да жоготуулар болду. Мезгилсиз дүйнө салгандардын арасында "Сүрөтүңө", "Жазым келчи" сыяктуу ырлары менен Жолдошбек Мамажанов 58 жашында өмүр менен кош айтышты.
Өз ажалынан эмес, мыкаачылык менен белгисиз бирөөлөрдүн колунан ырчы Микаэль кырчындай 24 жаш курагында ажал тапты.
Бир канча популярдуу ырлардын автору, акын, белгилүү ди-джей Медер Осмоналиевди да асылган оору Жолборс жылында жалмап тынды. Атаганат, маркумдар тирүү болсо, дагы далай жүрөк жылытчу ырларды жаратышмак, ажалга айла жок тура!

Мындан сырткары шоу дүйнөдө темир тулпарлуу болгондор, бир канча ыр жазып, клип тарткандар, келин-күйөө балалуу болгондор санай берсек толтура экен. Эмне демекчибиз, босогодо баш багып турган Коён жылы жалаң гана жакшылыктын, токчулуктун, тынчтыктын жылы болсун дейбиз!

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(17)
30.12.2010. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыныздар оз жарыныздар менен бактылуу омур сурунуздор!

Кирип келген Жаны Жыл жалан гана жакшылыктарды алып келсин элибизде тынччылык,токчулук болсун!
30.12.2010. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баш кошкондор бактылуу болгула кармашкан колунар узулбосун
30.12.2010. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnege Sultan Sadyraliev jok bul jerde?
30.12.2010. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultan Sadyralievdin toiunun surotu!
30.12.2010. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула кармашкан колунар эч качан узулбосун
30.12.2010. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсыктагандардын арасында Тынчтыкбек Кожобеков да бар. Машинасын оңдотом деген күнөөлүү адам дагы да оңдотуп бүтө элек. Тынчтыкбек айдаган машинадан Бишкекте 3 гана даана бар. Кудай сактасын. Аман калды
31.12.2010. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulanda taaakyr ele bashka4a eken go bok jok bolso!?
01.01.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек менен Гуланданын кийимге вобше вкусу жок конечна у каждого свой вкус дечи бирок Айбек мырзаныкы вобше.
01.01.2011. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erlan Andashevdin ayali abdan suluu eken/ Molodets Erlan ushundai suluuunu alip algan/
02.01.2011. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulandanin surotun Aibektin birin4i jubaii kordu boldu beken?
02.01.2011. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Berkilerine meyiligo dechi Ayiya Sadyrovanyn butu ayiyksa eken
03.01.2011. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы сиздерге кошулам!Ар кимибиз озубуздун уй-булообуз менен аман -эсен бактылуу бололу.Кыргызымда тынчтык болсун токчулук болсун!
05.01.2011. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрлан Перизат, Кундуз Акбар, бактылуу болгула!
07.01.2011. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо да Гулянданы ким деп койом. молодцы баш кошкондорго бакыт каалайм.
21.03.2011. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БАШ кошкондор бактылуу болсун!ЛЯличкалар аман болсун!Ооооооо СУЛТАН по моему качырып келген го!
21.03.2011. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БААРЫНАН Кенже эжени жакшы кором жездешка дагы не че экен бактылуу болунуздар!Я за вас очень очень рада!
17.08.2011. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүланданын кебетеси кантет айланайын боектун күчү менен эе жүргөн турбайбы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо