ТЕҢГИЗ БӨЛТҮРҮК “КОРКУТУУГА АРАКЕТ КЫЛЫП ЖАТЫШАТ” ДЕЙТ

№1035 7-13-октябрь, 2022-ж.

"Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк камактан кат жазды. 4-октябрда жарыяланган катта Бөлтүрүк ага карата коркутуу аракети болуп жатканын ачыктады. Чет өлкөдөн 2020-жылы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен, “Кумтөрдү” кайтарып алууга жардамдашуу үчүн келгенин белгилейт.

– Президенттин тапшырмасын аткарып, эл алдындагы жарандык жана адамдык милдетимди аткардым. Менден саясий фигура жасагылары келип жатышат. Оппозицияга, мен Кумтөрдөгү коррупциялык жемкорлорго бөгөт койгондорго канчалык жакпаса да биз кетпейбиз. Алар мени 2 жылдан бери коркутууга аракет кылып жатышат, бирок мен президенттин реформаларын колдоодон кайтпайм. Өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн өмүрүн тобокелчиликке салып жатам,- дейт Бөлтүрүк.

Айта кетсек, Бишкек шаардык соту 3-октябрда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды, ал 10-ноябрга чейин камакта болот.

Бөлтүрүк кылмышка шектелип 13-сентябрда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Андан тышкары “Кумтөрдүн” башка 2 адиси да кармалып, камакка алынган. Башкы прокуратура ишканадагы коррупциялык схеманын айынан мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилди деп маалымат таратты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо