СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№1035 7-13-октябрь, 2022-ж.

Дүйнөлүк рейтинг: Жоламан Шаршенбеков 1-орунга көтөрүлсө, Айсулуу Тыныбекова 6-орунга түшүп калды

Дүйнөлүк күрөш уюму Белградда өткөн дүйнө чемпиондугунан кийин рейтингин жаңылады. Балбан Жоламан Шаршенбеков өзүнүн салмагында рейтингде биринчи орунга чыкты. Ал 55 миң упайы менен биринчи орунга жайгашты. Ушул эле салмак категорияда экинчи орунга финалда Жоламан Шаршенбековдон жеңилген болгариялык Эдмонд Назарян жайгашкан.

Ал эми Акжол Махмудов жаңыланган рейтингде экинчи орунга жайгашты. Ал 55 миң упай топтогон. Ал эми биринчи орунга 59 миң упайы менен түркиялык Юнус Басар жайгашты.

Ал эми Айсулуу Тыныбекова бул рейтингинде 6-орунга түшүп калды. Ал 33 миң упай менен алтынчы сапта турат. Буга чейин ал биринчи орунду эч кимге бербей келген. Учурда рейтингдин сап башына быйыл дүйнө чемпиону болгон япониялык Нонока Озаки чыкты. Ал эми 68 килограмм салмакта буга чейин биринчи орунда турган Мээрим Жуманазарова 12-сапка, буга чейин 76 килограмм салмакта экинчи орунда турган Айпери Медет кызы 9-сапка түшүп калды.

Балбандар Дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргыз балбандары 15-24-октябрь аралыгы Испаниянын Понтеведера шаарында 23 жашка чейинкилер арасында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышып, грек-рим жана эркин күрөш боюнча күч сынашат.

Грек-рим боюнча: Таалайбек Бейшенбек уулу, Аманат Самат уулу, Адилхан Нурланбек уулу, Акылбек Талантбеков, Бексултан Назарбаев.

Эркин күрөш боюнча: Бекзат Алмаз уулу, Мухаммад Абдуллаев, Карыпбаев Нуртилек


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо