ЭКИ ТЕНТЕКТИ ЭСИНЕ КЕЛТИРГЕН ҮМҮТ

№426 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.

25-декабрь күнү Опера жана балет театрында “Аяздагы саймалар” деген аталышта президенттик балаты болду. Ага өлкөбүздүн туш тарабынан келген 800гө жакын бала катышты.

Жогоруда айтылгандай, балдар үчүн арналган бул кече президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен өттү. Театрдын сахнасында алгачкы жолу түрдүү чыгармачыл топтун балдары катышкан мюзикл коюлду. Кичинекей аткаруучулардын ыр-бийи менен коштолгон мюзикл жаш балдарды эле эмес, алар менен келген ата-энелерди да арбап алды. Кыскача маңызына токтолсок, эки тентек бала куурчактарды, ага кошо Дөөтү чебердин устаканасын талкалап кетишет. Бирок Үмүт аттуу Аяз кыз сыйкырдуу таякчасы менен баарын заматта калыпка салып, эки тентекти да акыл-эске келтирет.
“Нарында жашаган балдар Ош шаарындагы теңтуштарын жакшы билишпейт. Же Таластын балдарынын Жалал-Абадда жашаган өспүрүмдөрдөн кабары жок. Андыктан азыр жакшылап таанышып алып, бири-бириңер менен дос болгула”,- деди президент Роза Отунбаева кечедеги куттуктоо сөзүндө.
Жол киреси мамлекет тарабынан төлөнүп, дубандардан келген 100 баланын айрымдарын кепке тарттык.

Бекболот Бактыбек уулу,
Ош шаарынан, 4-класстын окуучусу:

– Мен биринчи жолу Бишкекке, президенттик балатыга келдим. Мага аябай жакты. Киного, театрга алып барышты. Аяз атадан “Ош шаарыбыз тынч, ал эми досторум аман болсун” деп сурамакмын.

Сапарбек кызы Сымбат,
Талас шаарынан, 6-класстын окуучусу:

– Мен мындай концертке алгачкы жолу катышып жатам. Президенттин кыргыз, орус жана англис тилинде сүйлөгөнү өтө жакты. Чоңойгондо Роза эжеге окшогум келет, анткени англис тилинен котормочу болууну каалайм.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
30.12.2010. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин келечегибиз болгон наристелерибиз,жаштырыбыз аман болушсун азаматсынар балдар!
30.12.2010. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baldar -Kyrgyzstandyn kelechegi..Batyluu balalykty bashtan kechirgile boboktor...
03.01.2011. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кеченин уюштуруучуларына "5"
04.01.2011. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш таланттар элден табылат да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо