ДЕПУТАТТАР БЕКНАЗАРОВ БОЮНЧА ҮН КАТЫШТЫ

№1036 14-20-октябрь, 2022-ж.

12-октябрда Жогорку Кеңеште саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун кармалышы боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Тазабек Икрамов саясатчынын уулуна коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтты.

– Баласы атасынын сөзүнө, кылган ишине эч качан жооп бербейт. Азимбек Бекназаровдун уулуна коюлуп жаткан айып туура эмес, биз ал жигитти билебиз,- деген депутат тийиштүү органдарды адилет чечим чыгарууга чакырды.

Эскертсек, Руслан Бекназаров быйыл 14-сентябрда экстремизмге шектелип кармалган. Азимбек Бекназаров муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү, бийликке сын айтып чыкканы менен байланыштырууда. Ушундай эле пикирди Руслан Бекназаров өзү да сот отурумунда билдирди.

Эскерте кетсек, Руслан Бекназаров кармаларга жакын Азимбек Бекназаров бийликтин “Кумтөр” боюнча позициясын жана башка иштерин кескин сындап чыккан.

42 жаштагы Руслан Бекназаров кармалганга чейин Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштечү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо