СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№1036 14-20-октябрь, 2022-ж.

САМАТ АБДЫРАХМАНОВДУН ЖОЗЕ АЛЬДО МЕНЕН БЕТТЕШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

Орусиянын "Hardcore" уюму кыргыз мушкери Самат Абдырахманов менен UFC'нин экс-чемпиону, бразилиялык мушкер Жозе Альдонун беттешин өткөрүүнү пландоодо. Уюмдун жетекчиси Анатолий Сулянов Альдо үчүн келишим буга чейин даярдалганын, келишим жакында бразилиялык мушкерге берилерин билдирген. Өз кезегинде кыргыз мушкери Самат Абдырахманов бул боюнча билдирүү жасап, Жозе Альдону Орусияда күтөрүн билдирди.

Самат Абдырахманов "Hardcore" уюмунун экинчи сезонунун чемпиону.

МОХАМЕД САЛАХ ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫНЫН ТАРЫХЫНДАГЫ ЭҢ ТЕЗ ХЕТ-ТРИКТИ ЖАСАДЫ

Англиянын «Ливерпуль» футболдук клубунун чабуулчусу Мохамед Салах шотландиялык «Рейнжерс» клубу менен болгон оюнда Чемпиондор Лигасындагы эң тез хет-трикти жасады.

Шотландиянын Глазго шаарында болуп өткөн Чемпиондор Лигасынын "А" тайпасындагы оюнда египеттик футболчу 68-мүнөттө алмашууга чыгып, 76, 80 жана 81-мүнөттө гол киргизди. Хет-трик жасоо үчүн чабуулчуга 6 мүнөт 12 секунд жетиштүү болду.

Оюн 1:7 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктады.

КӨК БӨРҮ: ӨЛКӨ ЧЕМПИОНДУГУ ТАЛАСТА ӨТӨТ

Көк бөрү боюнча 2022-жылдын Өлкө чемпиондугу Талас облусунда өтмөй болду. Бул тууралуу спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясыан билдиришти. Чемпиондук 25-30-октябрь аралыгына белгиленген. Анда 7 облус, 2 шаар, жалпы 9 команда мөрөй үчүн ат салышат. Аны менен катар 18-23 жашка чейинкилер арасындагы жаштар чемпиондугу дагы өтөрү маалым болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо