Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЫШЫКТАР ЖЫТТЫ АДАМДАН 14 ЭСЕ ЖАКШЫ СЕЗИШЕТ...

№1036 14-20-октябрь, 2022-ж.

Мышык – узак мезгилден бери адамдарды жандап келе жаткан кызыктуу жаныбарлардын бири. Алар тууралуу баарын билгендей болобуз, бирок дагы деле таң кала турган фактылар бар.

Жалпысынан 33 негизги мышык породасы бар. Ал эми үй мышыктарынын саны дүйнө жүзүндө
500 миллиондон ашат.

Мышыктын жүрөгүнүн кагышы адамдыкынан алда канча тез, мүнөтүнө 110дон 140ка чейин согот.

Мышык тандоо жасай албай жатканда куйругун шыйпаңдатат.

Үй мышыктары бири-бири менен мыёолоп байланышпайт. Бул "тилди" алар адамдар менен баарлашуу үчүн гана колдонушат.

Мышык өз жашоосунда жүзгө чейин мышыкты жарыкка алып келе алат.

Өткөн кылымдын 50-жылдарында АКШнын Техас штатында Дасти аттуу мышык төл боюнча рекорд койгон, ал өз өмүрүндө 400дөн ашык мый-мый тууган. Акыркы балдарын ал 18 жаштан ашкан кезде тууган.

Көчөдө жашаган мышыктар 4-6 жыл жашашат, ал эми үй мышыктары орточо 14-17 жашка чыгат.

Мышыктын мурун терисиндеги сүрөттөр уникалдуулугу боюнча манжа издерине окшош.

Мышыктын скелетиндеги сөөктөр адамдыкына караганда дээрлик 40 сөөккө көп.

Эң узак жашаган мышык Англиядагы Пусс аттуу мышык болгон. Ал 36 жашка толгондон бир нече күндөн кийин өлгөн.

Үйүндө мышыгы бар адамдар жүрөк ооруларына азыраак чалдыгышат жана мышыгы жокторго караганда орто эсеп менен узагыраак жашашат.

Мышыктар майда деталдарды жакшы ажырата алышпайт, бирок караңгыда жакшы көрүшөт.

Дүйнөдөгү эң оор мышык австралиялык Химми болгон. Анын салмагы 21 килограммды түзгөн.

Мышыктар өтө алысты көрө алышат. Орточо эсеп менен адамга караганда жытты 14 эсе жакшы сезишет.

Мышыктардын паранормалдуу жөндөмдөрү бар, алар коркунучту боло электе эле алдын ала сезишет, мисалы, жер титирөөлөрдү, өрттү, суу ташкындарын жана башка табигый кырсыктарды алдын ала сезе алышат.

Мышык уктаганды жакшы көргөн жерлер адамдар үчүн жагымсыз, андыктан ал жерлерге керебет же отургучту жайгаштырбаңыз.

Мышык жаланып жуунса – коноктор келет, ал эми мурдун куйругу менен жаап, тоголок болуп жатып алса – бул суук болорун билдирет.

Гулийпа Маметосмон кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо