Каныкей, «2010-жылдын супер ырчы айымы»: «ЖҮРӨГҮМДҮ ГЕНИЙ АДАМ ГАНА БАГЫНТА АЛАТ»

№426 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.

Бул жыл Токмоктун ырчы кызы Каныкейдин мүчөл жылы. “Коёнго кайсы сапатың окшош?” дегенде “аябай коркокмун, тарс эткенге чочулай берем” деп жооп берди. Жыл жаңырарда биздин дилмаектин коногу Каныкей болду.

– Каныкей, Жаңы жыл сен үчүн кандай майрам? Негизи эле кайсы майрамды жакшы көрөсүң?
– Майрамдарды бөлүп, башкалардай чыдамсыздык менен күтүп көргөн эмесмин. Эл катары белгилеп коём. Мага бардык майрам бирдей эле.
– Ошондой болсо да, эсте калган Жаңы жылың болду беле?
– Эстешим керек экен. Канча жашта экеним эсимде жок, бир ирет Жаңы жылда ушунчалык салют аттыргым келген. Бирок шарт жок ала албай калганбыз. Азыр менде мүмкүнчүлүк болгону менен, салют аттыруунун такыр кызыгы жок.
– Кайсы сапатыңды баалайсың да, кайсынысын оңдогуң келет?
– Кайсы бир сапаттан арылгым келет дебейм, анткени идеалдуу адам бул жашоодо болбойт.
– “Коё бергин мени кайгы” деген ырыңды кайсы кайгыдан арыла албай жаздың эле?
– Негизи, ага токтолуп, эстегим келбейт. Ошондой болсо да, суроого жооп берейин. Каныкей кичинекей кезинде башка балдардай эле ата-энесине жардам берчү. Балдар менен кулпунай терип иштечүмүн. Бул мен үчүн оор болчу, бирок чыдачумун. Бул ыр кайсы бир түпкү маанисинде балдардын эмгеги тууралуу. "Коё бергин мени кайгы, мен эми башкамын" дегендей, ал оор күндөр артта калды. Дегеним, азыр мен башка адаммын.
– Билишимче, агаң бар. Жеңең менен мамилең кандай?
– Алар Кореяда жашашат. Бизден алыс болгондуктан, чындыгында эле мамилебиз да алыс. Мен жеңемди жакшы билбейм.
– Эртең менен туруп күзгүнү карасаң эле эркекке айланып кал­дың, сенин реакцияң? Эмне кылат элең?
– Эч нерсе. Артка кайрылууга арга жок деп кийинип алып сабакка кете бермекмин.
– Кантип? Эч кандай реакция кылбай элеби? Кыйкырып, бакырып дегендей...
– Ооба, эмоцияга алдырмак эмесмин. Биринчи, билдирбей сабакка бармакмын, анан дарыгерге барып, “эмне үчүн ушундай болуп калды?” деп сураштырмакмын.
– Жакында биз Балдар үйүндө болдук. Сурайын дегеним, Балдар үйүнөн бала багып алат белең?
– Бул тууралуу ойлонгом. Эгер шартым, баланы тарбиялоого материалдык мүмкүнчүлүгүм болсо, багып эле алмакмын.
– Кайсы өлкө, кандай имарат өзгөчөлүү жайы менен эсиңде калган? Дегеним, саякатты жакшы көрөсүңбү?
– Саякатты сүйбөгөн адамды кезиктирүү кыйын болсо керек. Мен барган өлкөлөр өнүккөндүгү менен жаккан. Мисалы, Берлин, Лондон, Стамбул шаарларында, АКШнын бир нече штаттарында бийик, кооз имараттар көз жоосун алат.
– Кайсы музыкалык аспапта ойной аласың?
– Фортепианодо гана ойной алам. Арфада ойноону үйрөнгүм келет. Билишимче, ал аспап бизде жок.
– «Байлыктан да, бийликтен да баалуу нерсе – сүйүү» деп мурун интервью бергенсиң. Ал баалуулук учурда сени менен жашайбы?
– Дүйнөнү сүйүү сактап келген. Сүйүүм трагедиялуу же ийгиликтүү болсо да, сүйүүдөн бак айтпаса да жашай алам.
– Сүйүү эле дешет, сенин көз ка­рашыңда ал эмне?
– Англиялык окумуштуулар “сүйүү бул – оору” деп чыгышты. Буга кошулам, акыркы кезде сасык тумоо жугуштуу ооруга айланууда. Бардык адамдар кабылат, бирок андан дарыланса болот. Ата Мекен, ата-эне, жакындарга болгон сүйүү баарынан артык. Ал эми жигитке болгон сүйүүсүз жашаса болот.
– “Жигитим бар, ал чыгармачыл адам” деп интервью бер­генсиң, дагы деле сүйлөшүп жа­­­та­сы­ңарбы?
– Жеке турмушум тууралуу айткым келбейт. Бир нерсени айтайын, ал бар, жашап жатат, бирок менден алыс, мени менен эмес.
– Жүрөгүң бош турбайбы. Сенин назарыңды кандай мырзалар бурат?
– Сырткы келбети андай, мындай болуш керек деп айтпайм, эң негизгиси, гений адам болуш керек. Ал бардык кемчилигин жабат.
– Бүгүнкү замандын Эйнштейн, Аристотелдерин издей­сиңби?
– Ооба (күлүп).
– Кайсы артист мырзаларды эталон дейсиң?
– Эрнест Абдыжапаров, Актан Исабаев, музыкант Нурлан Нышанов.
– Бир күндүк өмүрүң калды десе эмне кылмак элең?
– Эч нерсе кылбайт элем. Ичер суум тү­гөнгөнүнө баш иймек­мин. Анан күтүп отурмакмын.
– Ырларыңдын сө­зүн өзүң жазасың. “Сарала”, “носонтэ” сыяктуу сөз­дөрдү өзүң гана түшүнөсүң, баш­калар бул филосо­фияңа тү­шүн­бөй калышууда...
– Биз эч качан бир нерсе менен чектелип, чет элдиктерди агалап, эшигин сагалабашыбыз керек. Андан көрө өзүбүз жаңы нерсени ойлоп табуубуз керек. Мен эч кимди түшүн же түшүнбө деп таңуулабайм. Ар ким өз каалаганын тандайт, угат. Жаңы нерсе керек, өсүш керек. Менин жасап жаткандарым жаңы нерсе дейм.
– Носонтэ деген сөздүн “энеси” сен турбайсыңбы?
– (Күлүп) Ооба. Мен ыр жазам, жазбай коё албайм. Жазып жатканда жаңы сөздөрдү өзүм эле жаратып алганым жагат.
– Түшүнүктүү. Болочокто көп сөздөргө “апа” болот тур­байсыңбы. Өзүңдүн стилиң жа­габы, жүдөп кетпейсиңби?
– Ооба, аябай жагат. Бул – жашоонун жаңы азыгы. Жаңы боёкту адамдарга берип жатам. Жагып турса кантип жүдөйм?
– Өзүң менен иштеген ко­мандаң тууралуу айтып кет­пейсиңби?
– Келишим боюнча, мен “Каныкей” долбоорун түзгөн команда тууралуу айтпашым керек. Негизи, 10 адам иштейт. Бири стилимди, экинчиси ырларымды көзөмөлдөгөн, үчүнчүсү аранжировка жасап, айтор, чоң команда.
– Башыңдан өткөн кайсы окуяга жүрөгүң катуу сыздайт?
– (Көпкө унчукпай) Жарым жыл болду, эң жакын адамым – атамдан айрылдым. Буга кенен токтолгум келбейт. Дайыма жаныңда жүргөн адам кокустан эле бизди таштап, жок болуп кетет экен. Биз буга даяр болушубуз керек тура.
– Сахна­лаштарың сен тууралуу “учурда эстраданын популярдуу ырчыларынан эч ким­ди тааныбайт” деп айтышат. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Тааныйм, чыгармаларын угам, билем. Бирок эч кимиси менен мамиле куруп, сүйлөшүп көргөн эмесмин.
– Алдыдагы пландарың менен бөлүшүп кетпейсиңби?
– Январда жеке концертимди бергени турам. Буюрса, жогорку деңгээлде өтөт деп ишенимдүү айта алам. Учурда ошол концерттин үстүндө иштеп жатам.
– Аяз ата бир каа­лооңду аткарам десе, эмнени сурайт элең?
– Ой, билбейм. Негизи, Аяз атадан материалдык нерсени сурай албайм, уят да. Адам өзү иштеп табуусу зарыл.
– Жаңы жылдан эмнени кү­төсүң?
– Жаңы жылда жакшы нерсенин баарын күтөм. Ал эми жакшылыктын чеги жок.
– Ойлогон максатың ишке ашсын, келип жылуу маек куруп бергениңе рахмат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg


"2010-жылдын супер ырчы айымы" - Каныкей

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(56)
SUPER.KG видео
02.01.2011. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MIRDJAMELL Мен стилин айткан жокмун,уну окшоштурдум.
SUPER.KG видео
02.01.2011. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men dagy Kanykeydyn talantyna, yrlaryna baa berem.A kebetesinen korkup jatsanar, kozunordu jaap alyp uga bergile da(mendey)...he-he
02.01.2011. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yigylik yrlary jakshy abdan !
02.01.2011. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apasy ayabai tatynakai eken yigilik !
02.01.2011. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей деген бул озунчо эле образ! Балким жонокой жашоодо башкача адамдыр...Корунуп турбайбы, бутундой ааламды, андагы корунушторду башкача кабыл алаары...Ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
02.01.2011. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ketebesi kantet?
Модератор info түзөттү 03.01.2011 05:51
SUPER.KG видео
02.01.2011. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кукла го кукла ырына соз жок ийгилик дайыма балпайган байбиче болуп журо бер
SUPER.KG видео
02.01.2011. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кебетеси менен силердин ишинер канча? Керек болсо чачын кырып алып, чечинип ырдаса да озунун иши. Кеп талантта. Молодец! Баа берем.
03.01.2011. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Каныкей.Сага жаны жылда , жаны жаны ийгиликтерди каалайм.
03.01.2011. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сенин озгочолугун стилин жана ырларын. жаны ийгиликтердин бийиктигин багынтып журо бер. жана интервьюнда носонтэ сыяктуу создорунду чечмелеп койсон болмок
SUPER.KG видео
03.01.2011. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant ele bolso anda yrchylar kebetesine karabait ele da! al bette kelbetke konyl byrysh kerek. erkek bolso bir jon!!!
SUPER.KG видео
04.01.2011. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stili ujas, birok iri, unu jakshi albette. Kichine kebetesin ondoso jakshi bolmok, bashka jerge, elge barip ushintip kiyinip alsa, alar emne dep oyloshot, kirgizdar ushintip kiyinishet eken deyt ta.
04.01.2011. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ф И Л О С О Ф И Я дечи...? пай-пай-пай.
04.01.2011. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan uluu korynot, kebetesi gana emes, dyino taanuusu da albette, komandasy abdan mykty ekenin tastyktashty kyska moonotto, oz jyzdoryn da korsotyp kojushsa jakshy bolot ele. Kanykeige bolso iygilik!
04.01.2011. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
P.S. jany stilin takyr jakkan jok, pepi dlinnyi chuloktun obrasyn jalpysynan berse, mongol/chuk4a elderinin jyzyn bet tyspolyndo bergen; ky4tyy makijdyn artynan jansyz, kaydyger obras jaralyp atat, balkim ataylap, a birok keregi ne? anan da jash kyzga emotialuu ele jyz jarashat; byltyrky stilin ele jakshy ele
04.01.2011. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей мучол жылын менен. Ырларын аябай сонун. Эмне максат кылсан максатына жет. Апамдын бактына аман бол!!!
05.01.2011. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
стиль супер...но ырларын тушунбойм...........
SUPER.KG видео
05.01.2011. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshol bashka jakta, chet jerde ushul stili ushul kiyimi mn jogoru baalanuuda Kanykei, a biz ozubuzdo bar nerseni baalai albaibyz, birok Kanykei ech kimge tanuulagan jok ozunukun, al bolgonu ozunun ichki duinosu chygarmasy mn bolushot, tushungon tushunot, tushunbogon konul burbai ele koisun.
SUPER.KG видео
05.01.2011. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ТВ каналын спутник антеннасы менен корсо болот
SUPER.KG видео
07.01.2011. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
minday stili menen geniyler karabaytgo deym..4in aytsam pri4eska ujasnee moix kowmarnix snov! bezvkusitsa! ne ojidala..a golos to xorowiy..ne ujeli zvezda v golovu udarila!
09.01.2011. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stil' jaman yrlaryn dagy jaman kanykei
SUPER.KG видео
09.01.2011. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну ото оригиналдуу, уга бергин келет маанисин тушунбосон да.Кийген кийими эч жарашпаптыр!
SUPER.KG видео
09.01.2011. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында Каныкейдин концерти болот деп уктум, качан жана кайсы жерде болоорун ким билет? Билсенер маалымат менен болушуп койсонор, силерден отунуч!!!
SUPER.KG видео
10.01.2011. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanykeidin Jeke Konzerti 20-21-yanvarda, opera jana balet teatrynda otot. Biletter j-do maalymat:(550) 479 550, (543) 169 617. Bashtalyshy 19:00, bilet baasy 200don 500go cheyin.
SUPER.KG видео
11.01.2011. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимге кандай жагарын билбеймин бирок мага бул боенгону жана кийингени жаккан жок. Бирок талантуу адам экени барыбызга эле белгилуу болсо керек.
SUPER.KG видео
13.01.2011. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкейдин кийимин эч ким мактаган эмес. Озуго жакса болду окшойт... Бритни Спирздей!Озгочо талантуу.АЗАМАТ!
SUPER.KG видео
22.01.2011. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
заманга бап деп эле боено берсе болот экен да ээээ . Бирок биздин кыргыздын сулуу кыздарына мынчалык боенуш жарашпайт экен.
SUPER.KG видео
02.02.2011. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу кыз азамат ийгилик сизге
SUPER.KG видео
10.03.2011. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башында уктунарбы "мой мирдин" звугун? супер твдегилер да мирден башы чыкпайткен хехех:)
SUPER.KG видео
05.04.2011. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкейдин уну,ырлары жакшы бирок азыркы стили озуно жарашпайт. Бул менин оюум
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо