Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бир бүркүм. Кыргыз 7 миллионго жетти...

№1037 21-27-октябрь, 2022-ж.

  • Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келери күтүлүүдө.
  • Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда эттин, кумшекердин жана өсүмдүк майынын баасы арзандады.
  • Азыркы тапта Украинада 50 кыргызстандык жаран бар экени маалымдалды.
  • Кыргызстанда 7-миллионунчу жаран жарыкка келгени расмий жарыяланды.
  • Өлкөдө жыл башынан бери 117 адам адвокаттык лицензия алганы айтылды, республика боюнча мындай лицензия 4700 адамда бар.
  • Бишкекте 18-октябрда киши өлтүрүүгө шектелип 7 адам кармалды, анын бешөөсү кыздар.
  • Өзгөндө мектеп окуучулары мушташып, 1 окуучу каза тапты.
  • Депутат Марлен Маматалиев Кыргыз жеринде Яндекс таксини жаап, ордуна ата мекендик такси кызматын ачууну сунуштады.
  • 19-октябрда Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Акылбек Жапаров: “Калкты көмүр менен камсыздоодо көйгөй жок”.
  • Өлкөдө жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилери расмий маалымдалды.
  • Иркутск-Бишкек багыты боюнча кошумча авиакаттамдар ачылды.
  • Ошто 15 жаштагы кызды ала качууга шектелип 4 жигит кармалды.
  • “Дары-дармекти мыйзамсыз каттаган” деп шектелип Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери кармалышты.
  • Жалал-Абад шаарында убактылуу иштеп келген унаа токтотуучу жайлар жоюлду.
  • Бишкек ЖЭБине быйыл 400 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча казакстандык компаниялардын бири менен келишим түзүлгөнү белгилүү болду.
  • 20-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 13 миллиард 689 миллион метр куб суу бар.
  • Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо