СУУКТА ЭРИНГЕ КАНТИП КАМ КӨРӨБҮЗ?

№1039 4-10-ноябрь, 2022-ж.

Кургак, жарылган эриндер – аба ырайынын суук тартышынын биринчи белгилери. Кышында мындай көйгөйгө эринине кам көрбөгөн ар бир адам туш болушу мүмкүн, андыктан суук мезгилде эринге кантип кам көрүү керектигин билип алыңыз.

ПИЛИНГ ЖАНА ТАЗАЛОО

Көпчүлүк адамдар эринге пилингдин таптакыр кереги жок деп ойлошот, бул жаңылыш ой. Адатта, теринин түлөөсү өлгөн теринин бөлүкчөлөрүнөн жаралат. Андыктан эрин пилинги алардан арылууга жана кан айланууну жакшыртууга жардам берет, натыйжада эриндер назик, жылмакай болуп калат. Эрин скрабын косметика саткан дүкөндөрдөн таба аласыз же азыктардан өзүңүз даярдасаңыз болот. Үйгө келериңиз менен макияжды эриндериңизден да тазалаңыз, помада эрин терисин кургатып, түлөөгө шарт түзөт. Тазалоо үчүн катуу каражаттарды колдонбоңуз. Жакшысы, майлуу бальзамды эринге жарым мүнөткө сүйкөп, анан оозуңузду салфетка менен аарчып салыңыз.

Азыктандыруу

Сыртта канчалык суук болсо, эриндин терисин азыктандыруу да ошончолук зарыл. Адистер курамында майы бар азыктандыруучу каражаттарды уктаар алдында колдонууну сунушташат. Сыртка чыкканда да эриндериңизди көңүл сыртында калтырбаңыз. Суук мезгилде күндүн нуру азайганына карабастан, SPF менен каражаттарды колдонуу керек. Ультракызгылт нурлар жылдын каалаган убагында таасир этет, айрыкча эриндер фотокартаюуга көбүрөөк жакын.

Косметологдор күзүндө жана кышында курамында витаминдер бар эрин бальзамдарын жана жылтыраткычтарды тандоону сунушташат. Мисалы, А витамини терини эң сонун жумшартат, ал эми Е витамини антиоксидант катары иштейт. Туура тамактануу бул таасирлерди бекемдейт: жаңгактын кээ бир түрлөрүндө, балыкта жана жүзүмдө Е витамини бар, ал эми сүт, жемиштердин жардамы менен организмдеги А витамининин жетишсиздигин толуктай аласыз.

БАЛЬЗАМ ТАНДОО

Эрин бальзамдары бир нече түргө бөлүнөт: нымдандыруучу, азыктандыруучу, айыктыруучу жана башка. Айыктыруучу бальзам эрини түлөп кеткен, жарылган эриндери оорутуп жаткандарга жарайт. Нымдандыруучу жана азыктандыруучу бальзамдардын курамынан мом, вазелинди жана ар кандай майларды, мисалы, ши майы же бадам майын издеңиз. Алар териде нымдуулукту сактап турат жана сезгенүүгө каршы таасирге ээ.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо