Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕМПИР-АБАД: КЕЛИШИМ ДОЛБООРУ ПАРЛАМЕНТ КОМИТЕТИНЕН ӨТТҮ

№1039 4-10-ноябрь, 2022-ж.

7 депутат добуш берди

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун карап, жактырды. Жыйын жабык эшик артында өттү. Ага 11 депутат катышып, добуш берүүгө 7 депутат катышканы айтылды. 4 депутат: Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Эрулан Көкүлов жана Нуржигит Кадырбеков добуш берүүгө катышпай залдан чыгып кетишкен. Комитеттин 14 мүчөсү бар, 3 депутат ал күнү жыйынга келген эмес.

Комитет төрагасы Улан Примов кворум болгонун, регламентке ылайык, чечим көпчүлүк депутаттын добушу менен кабыл алынарын белгилейт.

Экинчи аракет...

Келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин аталган комитетинде буга чейин да каралып, бирок комитет төрагасы Чыңгыз Айдарбеков “документтер толук берилген жок” деп корутундуга кол коюудан баш тарткан эле. Мындан кийин кесиптештери Айдарбековду “документ толук берилбесе, анда эмне үчүн комитет жыйынын өткөрдү? Жыйынды өткөргөн соң чечимге кол коюуга милдеттүү” деп сындашты. Бул окуядан кийин парламенттеги 4 фракциянын сунушу менен Чыңгыз Айдарбеков комитет төрагалыгынан бошотулуп, ордуна Улан Примов шайланган.

Ратификация ачык болот

Келишим долбоорундагы талаштуу жагдай – Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдыры. Анда суу сактагычты эки өлкө тең орток башкарат деп жазылууда. Эми документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлүп, андан ары Жогорку Кеңештен ратификациядан өтөт. Ушундай эле процедура Өзбекстанда да жасалууга тийиш. Кыргыз бийлиги келишимди ратификациялоо Жогорку Кеңеште ачык өтөрүн билдирүүдө. Коомчулукта Кемпир-Абадды биргелешип башкарууга каршы пикирлер азая элек. Оппозиция бийликтин бул кадамын “кечирилгис катачылык” деп баалап жатат. Президент Садыр Жапаров “келишим ратификациядан өткөндөн кийин бийлик туура кадам жасаганына ишенесиңер” деп каршы тарапты көндүрүүгө аракет кылууда. Өмүр бою талашып-тартыша бербей, коңшулар менен чек араны толук тактап алган туура деген пикирлер да арбын.

Өзбекстан президенти Бишкекке келет

Жакында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Бишкекке расмий иш сапары менен келери күтүлүүдө. Ошол иш сапарда Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча келишимге эки тараптуу кол коюлуп, эки өлкө чек арасын биротоло тактап бүтөт деп айтылып жатат. Иш сапардын күнү азырынча белгисиз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо