БИЛИП АЛ

№1039 4-10-ноябрь, 2022-ж.

Эмне үчүн ит ээсинин колу-бетин жалагылайт?

Орусиялык ветеринар врач, хирург, стоматолог Евгений Костылёв эмне үчүн иттер ээсинин колу-бетин жалагылай тургандыгын айтып берди. Айтымында, иттер карышкырлардан келип чыккан. Андыктан ал муну инстинкт боюнча жасайт. Адам иттер үчүн – жол баштоочу, альфа, анын колу-бетин жалагылоо – ага баш ийүүнүн белгиси. Карышкырлардын иерархиясында да альфага башка карышкырлар ушинтип баш ийгенин билдиришет. Иттин адамды жалагылоосу анын тамак сураганынын бир белгиси дагы.

Бэкпекер деген ким?

“Жүгүмдүн баарын өзүм менен алып жүрөм” деген сөз түздөн–түз бэкпекерлерге таандык. Бэкпекер (backpack ) англис сөзү, “рюкзак” дегенди билдирет. Демек, бэкпекерлер – рюкзак асынган адамдар, саякатчылар. Бул аталыш болжол менен 1960-жылдары адамдар Европадан Азияга саякаттай баштаган учурда пайда болгон. Бэкпекерлер адатта жалгыздап узак саякатка чыгышат, аз чыгаша кетиришет, анан дагы болгон жүгүн рюкзакка батырышат.

Байыркы Египетте эмне үчүн Жаңы жылды сентябрда белгилешкен?

Африкадагы Нил дарыясы Чыгыш Африка бөксө тоолорунан башталып, Жер ортолук деңизине куят. Египет аркылуу ал чөлдөрдү аралай агат. Жайдын толгон кезинде Нилдин суусу тартылмак түгүл, тескерисинче, толуп-ташыйт. Сентябрда нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан суунун деңгээли 10 метрге чейин көтөрүлөт. Андыктан өзү агып өтчү өрөөндү чоң көлгө айлантат. Октябрда дарыянын нугу өз калыбына түшөт. Ошол маалдан тартып эгин эгүү жумуштары башталат. Байыркы египеттиктерде Нилдин толуп-ташып агышы мол түшүмдүн белгиси катары саналган. Ошондуктан алар Жаңы жылды сентябрда белгилешкен.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо