Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АТЫР ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ

№1040 11-17-ноябрь, 2022-ж.

КЫСКАЧА ТАРЫХЫ

Парфюмерия – атыр жасоо искусствосу катары байыркы Месопотамия, Египет, Инд өрөөнү же байыркы Кытайда жаралышы мүмкүн деп айтылат тарыхый маалыматтарда. Байыркы атырларга чөптөр, татымалдар (кориандр, мирт), бадам, ийне жалбырактуу дарактардын чайыры, бергамот жана гүлдөр колдонулган. Перс окумуштуусу Ибн Сина гүлдөрдөн май бөлүп алуу ыкмаларын, ал эми италиялык чачтарач Жованни Паоло Феминис одеколонду ойлоп тапкан.

Жалпы жонунан биз атыр деп атагандар атыр, парфюмердик суу жана жыпар суу (туалетная вода) деп үчкө бөлүнөт.

АТЫР

Атыр – эфир майларынын спирттеги же спирт менен суунун кошулмасындагы аралашмасы. Парфюмердик каражаттардын ичинен атырда эфир майлары көп жана алар 96 градустагы спирт менен аралаштырылат. Башкача айтканда, эфир майлары атырдын 15-30 пайызын же андан көбүрөөк бөлүгүн түзөт. Ошондуктан жыты узакка сакталат. Мисалы, пахтадан жасалган кийимде 30 сааттай сакталат. Атыр үчүн сырьё – гүл желекчелери, мөмөлөр, тамырлар, жалбырактар. Буларды иштетүү менен эфир майлары алынат.

Жаныбарлардан алынуучу жыпар жыттуу заттар спиртке каныктырылат жана жытты күчөтүү үчүн колдонулат. Аларга амбра, мускус, цибетин жана башкалар кирет. Булардын баасы кымбат. Андыктан бардык эле атырларга кошо беришпейт. Кайсы атырга кошушса ал кымбат бааланат.

Атырды сактоо мөөнөтү 2-3 жыл. Туура эмес сакталса, ичиндеги заттардын түзүлүшү өзгөрүп, жыты башкача болуп калат. Андыктан оозун бекем жаап, күн нуру тийбеген жерге сактоо зарыл.

ПАРФЮМЕРДИК СУУ

Мында эфир майлары парфюмердик суунун 12-20 пайызын түзөт, 90 градустагы спирт колдонулат. Жыты 4 саатка жакын сакталат. Парфюмердик суу “күндүзгү атыр” деп да аталып жүрөт.

ЖЫПАР ЖЫТТУУ СУУ

Курамындагы эфир майлары 4-10 пайызды түзөт жана 80-85 пайыздык спиртке кошулат. Бир күндө бир нече ирет колдонсо болот. Жайкыга абдан ылайыктуу.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо