Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№1041 18-24-ноябрь, 2022-ж.

Самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы 2-орунду ээледи

Бишкекте 11-13-ноябрь күндөрү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Чемпиондукка 50дөн ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышты. Жалпы 21 медалдар топтому ойнотулду. Кыргыз курамасы аталган мелдеште жалпы 6 медаль жеңди, 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло.

Дайыр Карыяев, Бекболот Токтогонов алтын, Феликс Уланбеков күмүш, Жамалбек Асылбек уулу, Саяк Бараканов, Бектен Эркебай уулу коло медалга ээ болушту.

Жалпы медалдык эсепте Кыргызстан 2-орунду ээледи. Биринчи орунду Орусия, 3-орунду Беларусь өлкөсү ээледи.

Чемпиондуктун байге фонду 231 миң АКШ долларын түздү.

1-орун – 4000 доллар;

2-орун – 3000 доллар;

3-орун – 2000 доллардан.

Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу Кыргызстанда алгачкы ирет өткөрүлдү.

Футбол: Дүйнө чемпиондугунда 32 команда ат салышат

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 20-ноябрда старт алат. Бул ФИФАнын 22-дүйнөлүк чемпиондугу болуп саналат. Чемпиондук үчүн Катар өлкөсүнүн 5 шаары, 8 стадиону даярдалган. Дүйнө чемпиондугунун финалдык турниринде жалпы 32 команда мөрөй үчүн ат салышат:

A тайпасы: Катар, Эквадор, Сенегал, Нидерланды.

B тайпасы: Англия, Иран, АКШ, Уэльс.

C тайпасы: Аргентина, Сауд Арабиясы, Мексика, Польша.

D тайпасы: Франция, Австралия, Дания, Тунис.

Е тайпасы: Испания, Коста-Рика, Германия, Япония.

F тайпасы: Бельгия, Канада, Марокко, Хорватия.

G тайпасы: Бразилия, Сербия, Швейцария, Камерун.

H тайпасы: Португалия, Гана, Уругвай, Түштүк Корея.

Чемпиондук 18-декабрга чейин созулат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо