Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СЕМИЧКЕ: ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

№1041 18-24-ноябрь, 2022-ж.

Күн карама данында организмге керектүү жарым каныккан май кычкылдары, көптөгөн витаминдер жана микроэлементтер бар. Ошол эле учурда анын терс жактарын да эске ала жүргөнүңүз туура.

ПАЙДАСЫ

Жарым каныккан май кычкылдары зыяндуу холестериндин дэңгээлин азайтуу менен жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактайт;

E витамини бырыштын жана жүрөк ооруларынын алдын алат;

A витамини терини жана көрүүнү жакшыртат;

B витамини чачты какачтан, бетти безеткиден сактайт;

D витамини сөөктөрдүн калыптагыдай өсүшүн камсыздайт, остеопороздун жана рактын алдын алат. Иммунитетти бекемдейт, калкан сымал бездин иштешин жакшыртат, кан басымды калыпка келтирүүдө башка дарылар менен кошо колдонсо пайдасы чоң;

Цинк тырмакты бекемдейт. Чачты кулпуртуп өңүнө чыгарат;

• Магний булчуңдардын өсүшүнө жана иштешине, артериалдык кан басымды калыпка келтирүүдө жардам берет.

ЗЫЯНЫ

Тиш менен чакканда анын эмалын бузат. Эмаль жабыркаганда кариес жаралат;

Калориялуулугу жогору болгондуктан толук адамдарга жана арыктайм дегендерге болбойт. Анткени 100 грамм күн карама даны 580 килокалорияга ээ;

Тазаланбаган чаңдуусу ашказанга, ичегиге зыян. 1 стакан чаң семичке чагуу 1 чарчы метр полду тил менен жалоого барабар;

Ашыкча куурулган семичке зарна жаратат, ичти көптүрөт, ашказан, ичегини жабыркатышы мүмкүн;

Ашыкча жеп алганда сиңирүү кыйындап, ашказан ооруйт;

• Боор жана ичеги-карын оорулары кармаганда чакканга болбойт. Ооруларды курчутат.

ЖЫЙЫНТЫК

Семичкени кез-кезде ашыкча куурулбаганын чакканга болот. Анан тиш менен эмес, кол менен чагууга үйрөнүү зарыл. Атайын өнөр жайда даярдалганын сатып алган оң. Бир чакканда 2-3 аш кашык чаксаңыз жетет, мында 200 килокалория бар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо