Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШдагы ЫРААЗЫЧЫЛЫК КҮНҮ КАНТИП ЖАРАЛГАН?

№1042 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.

АКШда Ыраазычылык күнү кантип жаралганына кызыгып көрөлү. АКШда жыл сайын ноябрь айынын 4-бейшембесинде (2022-жылы 24-ноябрга туш келди) Ыраазычылык күнү белгиленет. Бул америкалыктардын эң сүйүп күткөн светтик маанилүү майрамдарынын бири.

Ыраазычылык күнүн белгилөө 1621-жылы башталган. Ага чейин Англиядан жаңы көчүп келип отурукташкандар Түндүк Америка материгинде Плимут колониясын түзүшкөн. Андан бир жыл мурун, 1620-жылы чөлкөмдө түшүм жакшы болбой калган, ошондуктан көчүп келгендердин жарымы кышында ачкачылыктан кырылып калган. Кийинки жылы мол түшүм алышып, кырман майрамына индейлерди чакырышат. Анткени алар кыйынчылык учурда аларга жүгөрү, буурчак өстүрүүнү, балык кармоону үйрөтүшкөн эле.

Ошондон тарта мол түшүм үчүн Кудайга ыраазычылык билдирүү майрамын өткөрүү салтка айланган. Бирок кийин башкы маанисин жоготуп, болгону үй-бүлө, достор менен чогулуп, жыл ичинде болуп өткөн жакшылыктарга ыраазычылык билдирүү, майрамдык сый тамак ичүү катары белгилене баштаган.

Ыраазычылык күнүн майрам катары белгилөө тууралуу жарлыкка 1789-жылы АКШ президенти Жорж Вашингтон тарабынан кол коюлган. Майрамды бардык штаттагылар бир учурда майрамдашкан эмес, октябрда, январда да белгилешкен.

Жазуучу Сара Жозефа Хейл улуттук жалпы майрамды майрамдоо тууралуу 17 жыл катары менен АКШнын 4 президентине кат жазган. Жыйынтыгында 1863-жылы Авраам Линкольн бир датаны белгилеген. Ал дата ноябрдын 4-бейшембиси.

Ыраазычылык күнү майрамынын тегерегинде жаңы салттар жаралган. Мисалы, дасторконго сөзсүз үндүк эти коюлат. Жыл сайын америкалыктардын столуна 50 миллиондон кем эмес үндүк коюлат. Ошол эле учурда АКШнын президенти жыл сайын 1 үндүктү аяп, аны духовкага киргизүүдөн сактап калат. Минтип үндүккө ырайым кылуу биринчи жолу 1865-жылы Авраам Линкольндун үйүндө болуп өткөн. Кечки майрамдык сый тамакка деп алып келинген тирүү үндүктү президенттин баласы өлтүрбөөнү суранган. Ошондон тартып ар бир президент жыл сайын 1 үндүктү өлүмдөн арачалап келет.

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо