Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№1043 2-8-декабрь, 2022-ж.

Армрестлинг боюнча улуттук курам Азия кубогунда 25 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын армрестлинг боюнча улуттук курама командасы 21-26-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн Азия кубогунда 25 медаль жеңди. Жалпы медалдык эсепте Кыргызстан курама командасы үчүнчү орунду ээледи.

Алтын медалдын ээлери: Алтынай Өмүрбекова, Асема Маликова, Шахзода Юнусова, Байтур Абжалбеков, Владимир Рыбаков, Чолпонай Жапаркулов.

Күмүш медалдын ээлери: Алтынай Өмүрбекова, Жыргал Бактыбаев, Асема Маликова, Афтандил Эгембердиев, Дарья Ибрахимова, Ажар Сматова, Максим Хивренко, Элнура Тагайбекова, Самат Байызбеков.

Коло медалдын ээлери: Садыр Баатыров, Дарья Ибрахимова, Афтандил Эгембердиев, Максим Хивренко, Самат Байызбеков, Айбек Наралыев.

Футбол боюнча дүйнө чемпиондугунда биринчи жолу аял калыстык кылат

Франциялык Стефани Фраппар футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда башкы калыс болуп иштеген биринчи аялзаты болот. Ал Германия менен Коста-Рика курама командаларынын тайпалык этабынын 3-турдук оюнуна калыстык кылат. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы жарыялады.

Кошумчалай кетсек, Фраппар 2019-жылы УЕФАнын Суперкубогу үчүн "Ливерпуль" менен "Челсинин" беттешин башкарып, УЕФАнын эркектер арасындагы ири турниринде кызмат кылган биринчи аял калыс болгон. Мындан тышкары, ал Франция чемпиондугунун жана Чемпиондор Лигасынын оюндарына калыстык кылган. Стефани Фраппар учурда 38 жашта.

Самат Абдырахманов Элвин Брито менен беттешет

Кыргыз мушкери Самат Абдырахманов муштум менен таймашуу боюнча дүйнөнүн эң ири лигасы Bare Knuckle FC`нин мурдагы чемпиону Элвин Брито менен беттешет.

Таймашты Орусиянын Hardcore профессионалдык бокс лигасы уюштурат.

Абдырахманов мээлейсиз, муштум менен урушкан Hardcore FC уюмунун экинчи сезонунун жеңүүчүсү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо