Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АТКАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

№427 7-13-январь, 2011-жыл.

“Кыргызстанда адам атуу коён атууга тете болуп бара жатат” деген кепке кошулбай койбойсуң. Болгондо да милиция кызматкерлерин ит аткандай канга боёп атып салуу эмне деген шумдук?!

4-ЯНВАРЬ, ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯ
2011-жылдын биринчи айы чуулгандуу окуя менен башталды. 4-январь күнү Бишкек шаарынын 8-кичирайонундагы 16 кабаттуу үйдүн коридорунда милициянын 3 кызматкери кылмышкерлердин колунан каза болду. Саат 20:25 чамасында Октябрь РИИБинин кызматкерлери Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү
№8/1 кабаттуу үйүндө суткасына берилчү бөлмөдө жашап жатышкан азиат улутундагы 4 адамдын паспортун текшеришкен. Ошол учурда алардын бири милиция кызматкерлерине Калашников автоматынан ок чыгарган. Бир нече октон улам оор жаракат алгандар дароо каза табышкан.
Айрым маалыматтар боюнча, окуя болгондон кийин 4 кылмышкер BMW автоунаасы менен күн чыгышты көздөй качып кеткен.

“ЖАРДЫРУУГА ТИЕШЕСИ БОЛГОН”
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 4-январда милиция кызматкерлерин аткан адамдар террордук топтун активдүү мүчөлөрү экенин белгилөөдө. "Булардын Спорт Ордосунун жанында болуп өткөн жардырууну уюштурууга жана Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын алдында жардыруу аракетин жасоого да тиешеси болгон",- деп билдирет.

ТЕЛЕФОНУН СЫРТКА ЫРГЫТЫП...
Окуя болгон күндүн эртеси түшкү саат 12 чамасында чуулгандуу иш болгон жерге бардык. Үйдү сүрөткө тартып жатканыбызда эки машина менен катуу ылдамдыкта келип токтогон милиция кызматкерлери шаша-буша үйгө чуркап кирип, жапалдаш бойлуу үч кыргыз жигитти колдорун кайрып сыртка сүйрөп чыгышты. Мына ушул учурда үчөөнүн бири уюлдук телефондорун ыргытканга үлгүрдү. Бирок бул жигиттер тууралуу орган кызматкерлери эч комментарий беришкен жок. Болгону, үчөө милиция кызматкерлерин өлтүргөн кылмышкерлер түнөгөн бөлмөгө барышкандарын билдик.

“КЫЛМЫШТУУ ТОП КАРМАЛЫШЫ КЕРЕК”
Өлкөнүн премьер-министри Алмазбек Атамбаев 5-январда күч структураларынын жетекчилеринин катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Премьер-министр өз сөзүндө: “Кылмыштуу топтор кармалып, жок болушу керек. Ал эми каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө өкмөт ар тараптан жардам көрсөтөт",- деди.

“ТОПТУН 20 МҮЧӨСҮ БАР”
УКМКнын төрагасынын орун басары Марат Иманкулов милиция кызматкерлерине кол салган топту “жихадчылар” деп атады. Анын айтымында, “Жихад” уюму бир катар чет өлкөлөрдөгү уюмдардын идеясын туу туткан уюм катары Кыргызстанда мындан эки жыл мурда түзүлгөн. Бул уюмдун Кыргызстанда 20 мүчөсү бар. “Жихадчылар" динчил катары көрүнүп, террордук, экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга камынып келишкен.

БИРӨӨ КАРМАЛЫП, ЭКӨӨ ЖОК КЫЛЫНДЫ
5-январь күнү алдын ала алынган маалымат боюнча, Бишкектин четиндеги Беш-Күнгөй айылына жакын жерде согушчандардын тобу жашырынып жүргөндөрү аныкталган. Ошол эле күнү түштөн кийин шектүү адамдарды кармоо үчүн атайын операциясы өтүп, тик учактан аскер түшүрүлгөн. Анда куралдуу каршылык көрсөткөндөрдүн бирөө кармалып, экөө жок кылынды. Кармалганы "милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө тиешеси бар" делип издөө салынган Эдил Абдрахманов, жок кылынгандары Советбек Исламов жана Азим Султанкулов экендиги аныкталды.
Ошондой эле "террорчу" делип шектелгендерди кармоо операциясы учурунда "Альфа" кошуунунун бир кызматкери окко учту. Бул жоокер апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири экени маалым болду.

“СООДА БОРБОРЛОРУНДА ТЕРРОРДУК АКЦИЯЛАР УЮШТУРУЛМАК”
"Кыргызстандагы террордук топтордун бардык иш-аракеттери укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы багытталган",- деп маалымдайт Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев.
Ал өз сөзүндө: "Спорт Ордосунун жана Бишкек ШИИБинин жанындагы жардыруулар, ошондой эле милиция кызматкерлерин атып өлтүрүү окуясы буга күбө. Бизге жеткен маалымат боюнча, кылмыштуу адамдар «Айчүрөк» соода борборунда, «Вефа» борборунда жана ШИИБдин жанында террордук акцияларды уюштурууну көздөп, өлкөдө баш аламандыкты пайда кылууга умтулушкан",- дейт.

“ЭКСТРЕМИЗМ МЕНЕН ТЕРРОРЧУЛУКТУН ИСЛАМГА ЭЧ ТИЕШЕСИ ЖОК”
Кыргызстан мусулмандар диний башкармасынын атынан муфтий Чубак ажы Жалилов кыргызстандыктарга төмөндөгүчө кайрылды:
– Ислам экстремизмдин бардык түрлөрүн, ошондой эле адилетсиздикти, таш боордукту, коррупцияны, зулумдукту, бирөөнүн жанын кыюуну айыптайт жана кабыл кылбайт. Ислам баскынчылыкка, зомбулукка жана жан кыюуга тыюу салат. Кыргызстандын эли экстремизм менен террорчулуктун исламга эч тиешеси жок экенин билип, болуп жаткан окуяларды түшүнүү менен кабыл алып, кандай кырдаал болбосун тынчтыкты, стабилдүүлүктү сакташарына ишенебиз.

КЫЛМЫШТУУ ТОП КУРАМЫ

ЖОК КЫЛЫНДЫ

ИСЛАМОВ СОВЕТБЕК
АДИЛОВИЧ
1972-жылы 27-майда Чүй облусундагы Кемин районунун Ак-Түз айылында төрөлгөн.

СУЛТАНКУЛОВ АЗИМ
ЖАРКЫНБАЕВИЧ
1985-жылы 19-апрелде Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айылында төрөлгөн.

КАРМАЛДЫ

АБДРАХМАНОВ
ЭДИЛ АЛЫМЖАНОВИЧ
1986-жылы 25-фев­ралда Бишкекте төрөлгөн.
Оң көзүнө ок тийип, борбордогу ооруканалардын бирине жеткирилгени дайын болду.

ИЗДЕЛҮҮДӨ

САЛИЕВ КАЙРАТ
АЛЫБЕКОВИЧ
1981-жылы 11-июн­да Бишкек шаарында төрөлгөн. Жанында курал-жарагы бар, өтө коркунучтуу.

КАДЫРАЛИЕВ ДАНИЯР
КЫЛЫЧБЕКОВИЧ
1976-жылы 9-ноябрда Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айылында төрөлгөн.
Жашаган жери: Арча-Бешик конушу, Сыдыков көчөсү, 207-үй. Куралчан, өтө коркунучтуу.

ДӨӨТКУЛОВ РУСЛАН
ТУРДУБЕКОВИЧ

1982-жылы төрөлгөн.
Жашаган дареги: Бишкек шаары, Арча-Бешик конушу, Кең-Кол көчөсү, 60-үй. Куралданган, өтө коркунучтуу адам.


Окурмандын ою

"ИСЛАМДАН БАШКА ДИНДИ ДА ЖАЙЫЛТУУ КЕРЕК"

Бул жагымсыз окуя коомчулукта көптөгөн пикирди жаратты. Алардын арасында "башка диндерди жайылтуу керек" деген да окурманыбыз бар.

– Террорчулар баш көтөргөн учурда ар бир адамда ар түрдүү ой жаралат. Террорчулук биздин турмушубузга акырындан кирип келет. Бул мамлекет жана коом үчүн өтө коркунучтуу көрүнүш. Бирок биз буга кайдигер карабашыбыз керек. Террорчуларды мусулман эмес деп өзүбүздөн алыстата беребиз. Андай эмес, чынында, алар – мусулмандар. "Алла жалгыз, Мухаммед анын жардамчысы" деп ишенип тобо кылгандар. Алар Куранга чын жүрөгүнөн ишенгендиктен, курман болуп жатышат.
Албетте, бардык эле мусулманды террорчу деп айтууга болбойт, бирок бир дин үстөмдүк кылган өлкөдө сөзсүз террорчулук болот. Ошондуктан ислам дини менен катар протестанттык динди жайылтып, тең салмактуулукту кармаш керек. Ал үчүн мектептерге, окуу жайларга башка диндер боюнча сабактарды киргизүү зарылчылыгы келип чыгат.

Асек Ногоев

УКМК издөө салынган адамдар жөнүндө маалымат болсо, (0312) 62-65-04, (0312) 66-04-75 байланыш телефондору аркылуу Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө же 102ге билдирүүнү өтүнөт. Жардам берген адамдын коопсуздугун сактоого кепилдик берилет.

(Арашанда өткөн чуулгандуу окуя тууралуу
видеону сайтыбыздын
"Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар).
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
07.01.2011. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз ойун айтып кеткен адамдын башы кичине тетири айланып калыптыр.Сенин башын иштейби озу?Исламда куноосуз адамдарды олтуруу,жардыруу жок.алар эмне кафурларды олтурупатыптырбы?мусулман клк олуп жатат да.Сен башка динди таатыш керек деп тантыраба экинчи.
08.01.2011. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда каждый террор болгон жерде алар куранга ишенип террор кылып атышат деп отура беришибиз керек экен да.
08.01.2011. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салиев Кайрат Алыбековичти коргондой болуп жатамда бир жерде
08.01.2011. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaisy bashy joktun oozunan chykkan soz bul bashka dindi taratysh kerek degen kyrgyz kachan ele dinin almashtyryp keldi ele saga okshogon akmaktar buzat bir karyn maidy bir kumalak chiritet. Osmonaliev.
08.01.2011. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жеринде терористерди коргон же уккан адамдар болсо куч органдары кайрылуу жасаш керек.Терористер кыргызстан жараандарына коп кол салышы мумкун.
08.01.2011. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун баарын жанагы еврейлер кылып жатышат,анын артында болсо Бакиевтер турат(Тозоктун отуна отун болгурлар).
09.01.2011. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилибизди кордогонубуз аз калып эми динди саткандар чыга баштаганбы.??? Башы айныгандар башка элге барып айныгылачы КЫРГЫЗДАРДЫ бузбай.! Асек Ногоев дейби сен эсине кел. ойгон. айлананды кара. ашыкча болбосо бетти таза жууп кузгудон озунду карап корчу.Менде суроо сен озун окудун бекен жазган нерсенди? Эмнеге мынча акылыбыз кем? /Ата-баба сактап келген динди. тилди. ардактап биз дагы сактайлычы. Кыска омур дилибизди.тилибизди сатпайлычы.! .../
09.01.2011. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah jalgiz,Muhammed anin kulu jana paygambari dep iyman keltirgen adam bit kumurskani basip aluudan da korkot.Antkeni al chinigi musulman-Tilinen jana kolunan bashka biroogo ziyani tiybegen adam dep bilet.Men musulmanmin dep zulumduk kilgandar odorun musulman dep oylowot.Kimdin 4inigi musulman ekenin biluuchu jalgiz Jaratkanga maalim.
09.01.2011. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын кыргыз элим! ар кандай провокациялардан алыс болуп, бири-бирибизди урматтап жашайлычы! туура, ким динин,тилин алмаштыргысы келсе кайсыл дин, тил жакса ошол жака барып кабыл ала бергиле! бирок элди тынч койгула!!!
10.01.2011. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз мусулманбыз деп жатабыз? Оштогу окуя эсинерде болсо ал жерде кыргыз дагы озбек дагы мусулмандар каза болушту. Биз мусулман эл болсок кыргыз озбек дебей же тундук туштук айтпасакчы бундай террористер да жок болот. Озубуз биримдикте болсок душман да жок болот. Fоrsе: Сага айткым келип турат муну Бакиев же Акаев ж.б. кылып жаткан жок. Бир нерсе айтарда ойлонуп айтчы.
10.01.2011. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каза болгон милиция кызматкерлердин уй-булоосуно конул айтабыз!Ыйманы саламат,жаткан жери жайлуу болсун.
10.01.2011. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ шумшуктор не олтуруп жатасынар озу 5млн калк болсо
11.01.2011. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azek nogoev!"ИСЛАМДАН БАШКА ДИНДИ ДА ЖАЙЫЛТУУ КЕРЕК"degen soz. Soz emes!sozdun achygy
11.01.2011. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
исламда бее конуу адамды олтуруу, же болбосо зыян келтируу деген нерсе жок, а бул жерде терорлор анча милицияны аты мынчасын олтурду деп атышат, чындыгында мыйзамда отургандардын оздоры аларга акча берип аларды терор кылыб жатбаибы, дагы болсо келип ислам деп коёбуз?тероррлор кимдер озу???!!!..азыркы убакта бир аз оз аралык уруш болсо деле ислам деп исламга асыла калабыз,исламдагылар террор деп.
11.01.2011. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде мыйзамда отургандарын аларга акча берип терор кылыб жатса,мыйзамда отургандарын оздору чыгарган мыйзамдарын оздору бузуб жатса, кимге арызданат елен???!!!
12.01.2011. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aika li мен дагы сени бир жерден коргондой болуп атам тамаша Салиев Кайратты мен дагы тааный тургандай болуп атам
20.01.2011. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салиев Кайрат БГУда студент болчу, анда-санда суйлошуп калат элек. Мен да издеп журом корсонор айтып койгулачы 100.000 доллар сыйлык кутуп турат сизди.
09.02.2011. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок кылынды дегени эмне олду дегениби?
24.02.2011. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салиев Кайрат салам алейкум кандайсын?! Катты окуган болсон сага чон салам Москвадан.
30.03.2011. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асек акылын жок неме экенсин. Ислам динин коралбагандар кылып жатпайбы буну. Исламда башкаларга жамандык кылганга болбойт. Ошондуктан башка диндегилер террор болбой атат. болбосо исламдагылар деле башка диндегилерди жаман атты кылып койгонго кучу жетет.
25.07.2011. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
o9uyoiiiiiiiiiiiiiii
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо