Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕР КАШ АСКА ЧЫМЧЫГЫ

№1044 9-15-декабрь, 2022-ж.

Кер каш аска чымчыгы Европаны жана Орто Азияны мекендейт. Денесинин узундугу – 12-14 сантиметр, салмагы – 20-25 грамм. Деңиз деңгээлинен 400-2000 метр бийиктиктеги ийне жалбырактуу жана аралаш токойлордогу аскалуу капчыгайларда, зоокаларда жашайт. Аскаларга, дарактарга мыкты чыгат.

Бири-биринен алыс кылып, аска бетине жабыштырып топурактан уя салышат. Уясынын салмагы 3-18 килограммга чейин жетет. Аны бир канча жыл колдонушат. Ургаачысы 5-7 жумуртка басып балапан чыгарат.

Кер каш аска чымчыгы кышында жем издеп айылдагы үйлөргө чейин учуп келет. Ийне жалбырактуу дарактардын тобурчактарын, мөмөлөрдү, жаңгак, дандарды, курт-кумурскаларды жейт. Дарактардын кабыгынын алдындагы курттар булар үчүн деликатес катары эсептелет.

Кер каштар кыйкырчаак чымчыктар. Бири-бири менен байланышууда ар түрдүү үндөрдү чыгарышат.

Дарактардын кабыктарынын алдына дан, уруктарды бекитип коюшат да, аны эстен чыгарышпайт. Кышкы суукта жем табуу кыйынчылык жараткан учурларда жешет. Эркиндикте орточо 10 жылдай жашашат.

Колго багууда адамга бат көнөт.

1 жыл дегенде жупташууга жарап калышат.

Душмандары – үкү, ылаачын жана бүркүт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо