Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОЛИВЬЕ САЛАТЫНЫН ТАРЫХЫ

№1045 16-22-декабрь, 2022-ж.

Жаңы жылдык дасторконго оливьени коюуну сиз да адат кылсаңыз керек. Бул салт сизде качан башталды, ойлонуп көрүңүз. Ал эми биз анын качан, кантип жалпыга жаңы жылдык дасторкондун даамы болуп калганын баяндайбыз.

ОЛИВЬЕНИ КИМ ОЙЛОП ТАПКАН?

Оливье тамагын 1860-жылы француз ашпозу Люсьен Оливье ойлоп чыгарган. Ал Москвадагы белгилүү “Эрмитаж” ресторанынын жетекчиси болгон. Ресторан бай-манаптар келүүчү жай болгондуктан аларды таң калтыруу үчүн баалуу азыктарды колдонуп жаңы тамактарды ойлоп тапкан.Ресторандын имараты азыркыга чейин сакталуу.

ТАМАКТАН САЛАТКА АЙЛАНУУСУ

Оливье алгач токой чилинин этинен жасалган тамак болгону маалымдалат. Анын сууда бышкан эти өзүнчө, шорпосунан жасалган килкилдек төрт чарчы тууралып салынып, жанына торпоктун тили менен бөйөндүн эти провансаль соусуна – азыркы биз атап жүргөн майонезге аралаштырылып коюлуп, чалараак бышкан картошка менен туздалган майда бадыраңдар гарнир катары берилген. Ал эми жумуртка кооздук катары тарелканын четине жайгашкан. Бир жолу ашпоз бул азыктардын баарын кошуп, провансаль соусу менен аралаштырып көргөн. Мындай айкалыш көпчүлүккө жагып, белгилүү болуп кеткен. 1863-жылы оливье тамагы жаңы жылдык кечеде берилгени деп айтылып келет.

КАНТИП ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК САЛАТКА АЙЛАНДЫ?

1917-жылкы революциядан кийин “Эрмитаж” рестораны жабылып, Люсьен Оливьенин шакирти оливьени жаңылап иштеп чыккан. Мурунку азыктардан картошка, жумуртка, майонез калып, колбаса, буурчак, бадыраң кошулган. Бул салат оңой эле жасала койбогонуна карап майрамдарда гана жасала баштаган. Ал эми СССР убагында эң маанилүү майрамдардын бири Жаңы жыл эле. Көпчүлүк ушундан улам салт катары жаңы жылдык дасторконго коюп калган.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо