Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ХНА – БАДАЛДЫН ДАРЫ ЖАЛБЫРАГЫ

№1050 20-26-январь, 2023-ж.

Табигый чач жана дене боёк катары илгертен колдонулуп келген хна тууралуу айтып беребиз. Ал кандай өсүмдүктөн алынат? Кайсы өлкөлөрдө өстүрүлөт? Билип алыңыз.

Хна – тикенектүү эмес лавсония деген аталыштагы өсүмдүктүн жалбырактарынан алынат. Лавсония – климаты ысык жана кургак аймактарда өсүүчү бадал сымал өсүмдүк.

Анын тарыхый мекени бул же тигил өлкөлөр деп айтыш кыйын. Мекени Түштүк Азия болушу мүмкүн деген жоромол бар. Өсүмдүк жапайы түрүндө Түндүк жана Борбордук Африка, Комор жана Сейшель аралдарында, Индия, Пакистан жана Шри-Ланкада өсөт. Учурда жалбырактарынан хна (хенна, лавсан) даярдап, экспортко чыгаруу үчүн аны Индия, Пакистан, Египет, Ливия, Судан, Нигерия, Иран, Марокко өлкөлөрү өстүрүшөт.

Лавсониянын бийиктиги 2-6 метрди түзөт. Гүлүнүн диаметри 1 сантиметрге чейин жетип, жыты жагымдуу. Гүлүнөн чай розасы сымал жытка ээ эфир майы алынат. Хна чачты, жүндү, кездемени, денени жана айрым азыктарды боёодо колдонулат. Индиялыктар майрамдарда жана салттуу жөрөлгөлөрдө денесине, көбүнчө колдоруна сүрөт, оюмдарды тартууда пайдаланышат.

Элдик медицинада колдонулушу

Элдик медицинада уругу, кабыгы, жалбырагы жана тамыры дарылык каражат катары колдонулат. Муну башка элден мурда араб табыптары колдонушкан деген маалыматтар бар. Касиети:

• Бел кубатты көтөрөт

• Шакыйды жана башка баш ооруларды басат

• Сезгенүүнү кетирет, дене табын түшүрөт

• Жараларды эрте айыктырат

• Экзема, псориаз, андан тышкары боор ооруларын, ич өтүүнү, кызамык, суу чечекти, грибокту айыктырууда, күйүктө колдонулат

Косметикада колдонулушу

• Хна менен чачты боёсо жалтыратат, чачтын өсүүсүн тездетет жана түбүн бекемдейт. Какачты кетирет. Майлуу чачтарды майынан арылтат.

• Тырмакты боёп жүрсө аны жылтыратат. Тырмактын жукарып, сынма болушунун алдын алат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(1)
28.01.2023. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш ооруда, псориазда кандай кылып колдонот, ичеби ошону да жаза кетсенер жакшы болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо