СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

№428 14-20-январь, 2011-жыл.

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бириктире кармалган үчөө­нүн колдору дирилдеп жатты. Бир аялзаты жүрөгүндөгү эң жакын адамдарын тапшырып, экинчиси тагдыр сыйын кош колдоп кабыл алып жатты. Ушундан көп өтпөй Айнура дарылануу үчүн Алматы шаарына жөнөп кетти. Учакка отурар замат жеңилдене дем алып, өзүнчө күлүмсүрөп алды. Жанында отурган сапарлашы анын жайнаган көз карашын байкады көрүнөт.
– Сиз кимдир бирөөгө жолугууга бара жатат окшойсуз. Аябай сүйүнүп алыпсыз.
– Ооба, ашыгып турам.
– Сизди кимдир бирөө күтүп жатат окшойт, ээ?
– Ооба, мени жаңы турмуш, жаңы жашоо күтүп жатат.
Айнура жеңил дем ала отургучка чалкалады.

ххх

Айнуранын операциясы ийгиликтүү өткөнүн угушкандан кийин Рустам менен Айдана үйлөнүүнү чечишти.
Колуктунун аппак көй­нөгүн кийген Айдана чимириле бийлеп, күзгүдөн өзүнүн албырып турган жүзүн тиктеди. Ар дайым тереңине сыр катып, муңайым көрүнгөн каректерден бакыттын нуру көрүнүп турду.
– Бол, колукту, коноктор күтүп калды...- деген үндү укканда шашыла жөнөдү. Чоңдордукундай костюм кийип жасанган кичинекей Айдин чуркап келди.
– Апа, гүлдү унутуп баратасың.
– Апа?! Сен мени апа дедиңби?
Чөгөлөй калган Айдана Айдинди жалбара карады. Наристе башын аста ийкей кичинекей колдору менен мойнунан кучактай калып, акырын үн катты.
– Бүгүнтөн баштап сизди апа дейм. Бирок бул сыр боюнча калсын, ээ? Болбосо мамам таарынат да...
Наристенин көкүлүнөн сылаган Айдана бооруна кыса кучактап алды. Эшикти ача бергенде күндүн нуру жарк дей түштү. Күн да анын бактысын кубаттагандай жылмайып турган экен. Рустам жакын келип, анын жүзүнө жадырай карады. Кайнатасы Иман, кайненеси Айшанын да кабактары жаркып турду.
Сиз бакытка ишенесизби, окурман?! Айрым адамдар “толук бакыт жок, бакыт чөйчөгү баары бир бөксө болот” дешет. Бирок Рустам менен Айдананын бакыты толук эле. Бакыт толук болуш үчүн айрым учурда пенделер тагдырдын бир топ сыноолорунан өтүш керек окшобойбу. Бул жолу да ушундай болду.

Нуржамал Жийдебаева

(Аягы)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
14.01.2011. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidananyn kyzychy emne boldu baikush?ayagy jakkan jok.Jetpei kalgan suiuusu uchun kyzyn kurman kyldyby?
14.01.2011. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аягы анча конулумо толбоду. Дагы бир серия кылып баарын бир сыйра жазып анан бутурсо болмок.
14.01.2011. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болдубу а Айнурасы эмне болду жашайбы же
15.01.2011. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ainuranin baktisin kim oilodu baari ele ozum4ul okwoit,tiginin kizi4i apasi jok kaldibi,ulandisin kytobuz.
15.01.2011. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уууф буттуу.....
15.01.2011. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдананын кызынан да суйуусу артык болуп кетиптир да.Аягында жок дегенде кызын озу алгандай кылып койсо болмок экен.
15.01.2011. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу бул кээде ушундай курмадыктар каалайт...Чынныгы суйууго жетпегендер муну эч качан тушунбойт!
17.01.2011. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кандай чындыкка окшобой калыптыр. Начар!!!!
17.07.2011. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рустам Айнура менен эле калса жакшы болмок акыры тушунуксуз эле бутуп калыптыр
23.09.2011. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Al ekkonun bakyty toluk deit birok andan bashkalarychy. Jakpady bul chygarma beker ele ubaktym ketti
29.01.2014. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягы начар бутуп калган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо