Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНА ДАГЫ 50 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КРЕДИТ ЖАНА ГРАНТ АЛЫНАТ

№1052 3-9-февраль, 2023-ж.

Кыргызстандын энергетика тармагына дагы 50 миллион доллар кредит жана гранттык каражат алынат. Маалыматты 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Каражат Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (Дүйнөлүк банктан) 38 жылдык мөөнөткө алынмакчы. 25 миллион доллары грант, 25 миллион доллары насыя катары берилет. Жеңилдетилген мөөнөтү 6 жыл экенин айтты министр.

Алынган акча электр энергиясын бөлүштүрүү түйүндөрүн модернизациялоо, көмөк чордондорду куруу жана жаңылоо, акылдуу эсептегичтерди жайылтуу, энергетика тармагын реформалоо сыяктуу иштерге жумшалат деп пландалууда.

Депутаттар энергетика тармагын оңдоого деп мурда карызга алынган акчалардын дайыны чыкпай жатканын, ал эми тармактын абалы оор бойдон экенин, муну быйылкы катуу суук ырастаганын айтышты. Айта кетсек, 1991-жылдан бери Кыргызстан энергетика тармагына кредит алуу боюнча 42 макулдашууга кол койгон, суммасы 2 миллиард 152 миллион доллар. Бүгүнкү күнгө чейин бул каражаттын 1 миллиард 435 миллион долларга жакыны алынып, иштетилген.

Депутат Адахат Мадумаров “энергетика тармагына алынган кредиттер туура иштетилгенде "Камбар-Ата-2ге" окшогон 15-20 ГЭС куруп койсо болот эле” дейт.

Расмий маалыматка таянсак, учурда Кыргыздын энергетика тармагында 16 миң кызматкер иштейт. Айрым депутаттар “16 миңдин 4 миңи чиновниктер, кызматкерлердин санын кыскартыш керек” деп да чыгышты.

Буга чейин өлкөнүн энергетика тармагы үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар, Швейцария өкмөтүнөн 8 миллион доллар алынары маалымдалган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо