Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

WWW.SUPER.KG САЙТЫ БИР ЖЫЛ ИЧИНДЕ

№428 14-20-январь, 2011-жыл.

Ар ким эле жыл аягында өзүнө “быйылкы жылы эмнеге жетиштим?” деген суроо узатса керек. Биз да бул суроого жооп издеп, өткөн жыл текке кетпегенине ынандык.

МЕДИА-ПОРТАЛДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
Сайтыбызда быйыл жаңы­лыктар көп болду. Июнь айында форум толугу менен жаңыланып, анын артынан эле Медиа-порталда “Элдик видео” бөлүмү ачылды. Мурун колдонуучуларыбыз жергиликтүү ырчылардын ыр, клиптерин сайттан көрүп, көчүрүп, пикирин жазуу менен чектелишсе, эми өздөрү каалаган тармактагы видеону жүктөөгө мүмкүнчүлүк туулду. Андан да башкысы, сайттын колдонуучулары Кыргызстандагы болуп жаткан ар кандай жаңылыктар менен “Элдик видео” бөлүмү аркылуу кабардар болушууда.
Аны улай эле Медиа-порталда “СуперТВ” бөлүмү ачылды. Ага “СуперТВ” телеканалынын кызыктуу берүүлөрү жүктөлүүдө.

СУПЕРСТАНДЫН ЖАШООСУ
Форумду Суперстан мамлекети деп, ал эми колдонуучуларды бекеринен суперстандыктар деп атап койбоптурбуз. Биздин форумчулар чын эле бир үй-бүлөдөй ынтымактуу жана биримдиктүү. 2010-жылдын эсебинен алганда көптөгөн иш-аракеттерди чогуу өткөрүштү.
Алгач “Супер-Инфо” гезитинин редакциясы виртуалдуу дүйнөдө көптөн бери жашап келатышкан форумчуларды жүз көрүштүрүп, март айында жолугушуу уюштуруп берди. Жолугушууга алыскы Аксыдан да аксакал форумчуларыбыз келип кубантышты. Андан кийин эле жайдын ысык аптабында Орусиянын Москва шаарындагы окурмандарыбыздын жана форумчулардын башын бириктирип, жолугушуу өткөрдүк.
Түштүк жергесинде болгон коогалаңдуу окуяда канчалаган эл сыздаганын айтпасак деле маалым. Ушул оор кырдаалда Ош шаарынын жашоочуларына аз да болсо көмөк болсун деп Fianit (Гүлзат) аттуу форумчубуз бардык колдонуучуларды ынтымакка, биримдикке чакырып, жабыр тарткандарга гуманитардык жардам жөнөтүштү.
Сентябрь айында болсо шаар четине чыгып таң аткыча ырдап-бийлеп, маектешип чер жазышты.
Supernurgazy аттуу активдүү форумчубуз да эки жолу акция өткөргөнгө үлгүрдү. Биринчи жолу шаардын борборунда флешмоб өткөрсө, экинчисинде 24 саат бою уктабас­­тан
WWW.SUPER.KG сайтында форумчулар менен байланышта болду.
Ал эми 2010-жылдын 28-декабрында активдүү форумчулар биригишип жаңы жылдык кече өткөрүштү. Кечеге Түркиядан жана Швециядан да форумчуларыбыз келгенин белгилеп кетпесек болбос.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
14.01.2011. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперстан кудай буйруса мындан да жакшы ийгиликтерге жетишет Форумчулар жалпыныздарга ден-соолук ийгилик каалап кетем ар дайым ынтымактта болунуздар!
14.01.2011. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан 3 жыл мурун Суперстан мойтон баскан баладай эле. Азыр бара-бара арымын алыс таштап атат. Азаматсынар супердин жамааты. Ишинерге ийгилик.
14.01.2011. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар суперстандык достор!
14.01.2011. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик супер! арымыңыздар алга жылыштай берсин, элдин ишенимин актап элдин сүймөнчүлүгүнө ээ боло бериңиздер.
15.01.2011. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattu info Jyldyzdardyn uiundo programmasy emnege chykpai kaldy je ech kim uiuno uruksat berbei elebi.
16.01.2011. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперсинер кыргызстандын алдынкы гезитисинер
17.01.2011. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Byjyrsa men dagy KGga barsam Super-infonun jolugushuusuna baram.
18.01.2011. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Начальствадан жашынып бул жолугуушу кечесине бардык эле, кулкуну келтирип гезит бетине чыгып калыптырда. Кудайга шугур шефим супер инфо окубайт окшойт, бул сурот боюнча комментарий сурай элек.
20.01.2011. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир кемчилигим, ушундай суротко тушчу учурда дайынымды таппай калышат да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо