КАЙСЫ ЗЕР БУЮМДУ КАНТИП ТАЗАЛАШ КЕРЕК?

№1054 17-23-февраль, 2023-ж.

Айымдардын сулуулугун арттырган, маанайын көтөргөн – зер буюмдар эмеспи. Асем буюмуңуздун баштапкы өңү өчүп, кирдеп калса, төмөндөгү кеңештерди сунуштайбыз.

Алтын

Алтын буюмду тазалоодо 200 грамм жылуу суу, 2-3 тамчы идиш жууган каражат жана 3-4 тамчы нашатырь спирти керектелет. Керектүүлөрдүн баарын аралаштырып, тиш жууган щётка менен асем буюмду акырындан сүртүп тазалап алабыз. Андан соң таза суу менен чайкап, кургатып койсоңуз, жаңыдай болуп жалтыраган зер буюмга ээ болосуз.

Күмүш

Күмүшкө да алтындыкы сымал ыкманы колдонсоңуз болот. Дагы бир кошумчалай кетчү ыкма, күмүш буюмдарды тиш жууган паста жана кадимки кетчуп менен да тазаласа болот. Тиш щёткага паста же кетчупту сыгып алып, буюмдун бардык жерине тегиз жеткидей сүртүп чыгасыз. Акырында жылуу суу менен чайкап, кургатып коюңуз.

Бриллиант

Бриллианттарды жылуу сууга идиш жуучу каражат кошуп жууса жарашат. Анан да жылуу суу куюлган стаканга атайын тиш протездерин жууй турган таблетканы кошуп аралаштырып, күмүштөрдү жарым саатка чылап коюңуз. Жаркыраган асыл таштар колуңузда болот.

Изумруд+рубин

Бул кымбат баалуу таштарды тазалоодо ысык сууга салуудан алыс болуңуз. Андан көрө сууга идиш жуучу каражат кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Ага таза чүпүрөктү суулап алып, чүпүрөк менен асем буюмдарды сүртүп коюңуз.

Бермет

Берметти да сууга салуунун кереги жок. Жаш балдарга арналган шампунь кошулган жылуу сууга макияж жасоодо колдонулган щётканы малып, берметти щётка менен кылдат жууңуз. Акырында таза чүпүрөктү таза сууга малып суулап берметти сүртүп койсоңуз жетиштүү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо