Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айнура Салахидинова: «АЛА КАЧЫП КЕТИШСЕ, ОТУРМАКМЫН»

№428 14-20-январь, 2011-жыл.

Бойдоктор бурчу

«Бойдоктор бурчунун» коногу – ырчы Айнура Салахидинова. Айнура үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси. Эжеси турмушка чыгып, кезек Айнурага келген. Бул ырчы кызга кызыккан жигиттер болсо, биздин маек алар үчүн жакшы табылга.

АНКЕТА
Туулган жылы – 1984-жыл, 2-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 170 см
Салмагы – 61 кг
Фобиясы – Жалгыздык
Ким болгусу келчү – Кондитер
Ким болду – Ырчы
Учурда – Кыргыз экономикалык университетинин Маданий-эстетикалык борборунун комуз ийриминин көркөм жетекчиси

– Айнура, өзүңө-өзүң мүнөздөмө бере аласыңбы?
– Бирөөгө бат ишенем. Мени жакшы билгендер «сен өтө эле ак көңүлсүң, колу ачыктыктын да чеги болот» деп калышат. Абдан шайырмын. Бирок бат жиним келет да, ачуум тез таркап кетет. Таарынчаакмын, таарынганымдан жазылганым тез.
– Сүйүүгө кабылгансыңбы? Аны унутуу кыйынга турдубу?
– Ооба, кабылгам. Бирок ортобузда чын сүйүү жок белем, экөөбүз эки жакка кеткенбиз. Аны унутуу кыйынга деле турган жок, бат эле унутуп калдым. Чынында, аны эстегим да келбейт.
– Сенин жүрөгүңдү кандай мырзалар багынта алат?
– Биринчиден, жүрөгүм бош. Кыялымда сүрөтүн тартып алган мырзаны айтайын. Бою узун, ак жуумалынан келген, булчуңдары чыккан, дене-бою чың, мени түшүнө билген акылдуу мырза. Анан да менден башка эч кимди эркелетпесе. Таптакыр кызганбаса да кызыксыз болуп калат, туурабы? Ошондуктан кызгансын, бирок чеги менен. Себеби мурунку сүйлөшкөн жигитим менен дал ушул чектен ашкан кызганычтын айынан урушуп кеткем.
– Качан турмушка чыгайын деген оюң бар?
– Кудай буюрган күнү бир жакшы адамдын колун кармап, үй-бүлө күтөм. Жакында эле менден улуу эжемди күйөөгө узаттык. Ата-энемдин азыр ичи ачышып турган чагы. Алар «эми сен 1-2 жылдан кийин турмушка чык» дешүүдө. Дос-туугандарым «качан күйөөгө?» деп кулагымды кызытканын айтпа. Мен аларга жылын айтпай, «туулган күнүмдөн кийин күйөөгө кетем» дейм тамашалап. Ким билет, тагдыр буюрса, быйыл ата-энемди күйөө балалуу кылып сүйүнтөрмүн. Болбосо, аркы жылы...
– «Эркектин жүрөгүнө барчу жол ашказан аркылуу өтөт» дешет. Кандай тамактарды жасай аласың жана болочок күйөөңдү кайсы тамакты мыкты жасап берип кубантасың?
– Бир гана палоо басканды билбейм, калган тамактардын баарын жасайм. Дасторкон жайып, конок күткөн абдан жагат. Дайыма эле өзүмдүн фантазиям менен түркүн салаттарды жасап, анан кооз аттарды коюп алам. Алардын арасында «Айнура» деген да салатым бар. Кийин жолдошума сонун тамактарды жасап берем. Эгер эле күйөөм «палоо жасап бер» десе, анда заказ кылып алдыртам го. Себеби канча аракет кылбайын, палоо басканды эч үйрөнө албай койдум. Бирок «башка түшсө байтал жорго» дейт эмеспи, жакшылап аракет кылсам, аны деле үйрөнөрмүн.
– Эгер жолдошуң «ырчылыкты ташта, үйдө отур» десе эмне кыласың?
– Баары түгөл, жашоом тегиз болсо, эмне үчүн үйдө отурбашым керек? Жолдошумдун айтканына көнүп, үйдө отура бермекмин. «Эч качан ырдаба!» деп айткандан да Кудай сактасын, анткени жан дүйнөм ырга жакын.
– Сага кандай белек жагат? Жигиттерге кандай белек бересиң?
– Мен үчүн жүрөктөн чыккан жылуу сөз деле белек. Өзүм 5 убак намаз окугандыктан, мырзаларга жайнамаз, теспе белек кылганды туура көрөм.
– Келбетиңден кайсы жериң жакпайт?
– Боюмдун узундугу анча жакпайт. Анан да бир аз ак жуумал болгонумда жакшы болмок. Калганына кейибейм, эң негизгиси, алты саным аман жүргөнүмө сүйүнөм.
– Өзүң шаарда өсүп-чоңойсоң, айыл жергесине ала качып кетишсе кантер элең?
– Эгер жигит көңүлүмө жакса, отуруп калмакмын. Ак көңүлмүн деп айтпадымбы. Улуу апалар жоолук салып көндүрүшсө, алардын сөзүн угам. Бизде кызды ала качып келген соң кетпесин деп босогого нан коюп коёт экен го. Мен эч качан нанды аттап кете албайм. Ошентип койсом «буга боло берет экен» деп жүрүшпөсүн... Шаарда өскөнүм менен, 11-класста Нарында, таенемдин колунда 1 жыл жүрүп калдым. Уй саагандан баштап бозо салганга чейин үйрөнүп келгем. Ошондуктан элет жергесинде жашоого көнүп кетем.
– Кудай сактасын дечи, бирок кийин күйөөң көзүңө чөп салса, абалдан кантип чыгар элең?
– Мага билгизбей көзүмө чөп салса, кечирем. Эгерде эле ала жипти аттаганын билип калсам, анда мага таарынбасын. «Эрди эр кылган да, кара жер кылган да аял» деп коюшат, мен күйөөмдүн андай жолго барышына жол бербейт элем.
– Сени «куудул Эрнист Бөрүбаев менен жүрөт экен» деген сөздүн чындыгы канчалык?
– Эрнист экөөбүз «Унуталбайм» берүүсүнө тартылганбыз. Ошондон улам «экөө кыз-жигит» деген сөз чыкса керек. Эрнистти байкемдей эле көрөм.

Ашыктык ырларын созгон, айылдагы жашоого көнгөн Айнура менен таанышкысы келген жигиттер appakyz@namba.kg электрондук дарегине кат жазып, баарлашса болот.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(27)
14.01.2011. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 ubak namaz okugan kyzdar, ushundai bolup kalganby azyr.
14.01.2011. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kriwasi jilip ketken kiz go? 5UBAK NAMAZ OKUP ALIP tuwkon surotun kantet?? birin4i korup atam ayabay ne gramtnaya kiz eken...
14.01.2011. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myna saga,emne dejt?
15.01.2011. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwi reklama erkekter u4un(boidoktorgo).
15.01.2011. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кыз жакпаит да магачы....бул интервьюдан киин тем более жакпаи калды... аманэле болсун
15.01.2011. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарга жакпайт балдарга ушундай кыз керек мага жакты
15.01.2011. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыз мага да жакпайт...кыйратып ырдаганын деле уга элекмин....
16.01.2011. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намаз окуган кыздар канттет?Устудо АЛЛА карап тура.
16.01.2011. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы реклама! Эгер алып качсаныз,АК КОНYЛ отурат,бозо салат,АЙНУРА салат жасап берет, куйоосу козуно чоп салса деле мейли унчукпайт, почтасы бар тааныша бергиле!
16.01.2011. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз жакшы экени корунуп эле турат.Болгонун болгондой эле айтып атат да.Анткени ыймандуу экенин корсо болот Карылардын созунон баш тартып кете албастыгын сезет.Бул озун-озу реклама кылуу эмес суроого жооп беруу.Тамак жасай ала турганын керек болсо бозо да сала ала турганын айтканын эмнеси жаман .Кээ бироосу уялбай тамак жасаганды билбейм дешет кыргыз кызы учун бул уят нерсе.
16.01.2011. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamtsyn Ainura!
Oz jurogundun achkychyn taap alyshyndy men kaalaimyn.
17.01.2011. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адеми койнок менен шлепка кийип алган го....
17.01.2011. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай эле, ыймандуу эле кыз, ак конул. Кичине ачык кийинип койсо эле жаман кыз болуп калмак беле. Жамынып кийинип, намаз окумуш болуп, жаман иштерди кылып жургон кыздарды деле коруп журобуз го. Чын дили менен намазга ишенсе болду да, кандай кийинсе озу билет, балким бул сурот намаз окуганга чейинки сурот. Мени ала качкыла деген жок, жон гана эгер бала жагып калса олтурмакмын деп коюптур анын эч кандай рекламасы деле жок. Таланттуу кыз, комузда жакшы ойнойт, жакшы ырлары коп.Ийгилик!
17.01.2011. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты, орду-орду менен эле го, азыркылардын эн эле ыймандуусу десе деле болот.
17.01.2011. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой ай намаз окусан ырдабаш керек...чала молдо дин бузат! Баарын толук окуп ( эмне уруксаат эмне уруксаат эмес) билиш керек да...
17.01.2011. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kızık
17.01.2011. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 маал намаз окуйм дегени кичине окшошпой калыптыр кийген кийими кантет анда?
17.01.2011. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охх, ушу биздикилер кийимге асылганды качан коёбуз. Аябай эле жакшынакай кыз.Кыргызда соз бар го «Сулууга сулуу душман» деген, кыздар жамандай бергиле..
18.01.2011. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчы 1984 жылкы экенин эми уктум. Менден жашко десем улуу тура. Мен 1985 жылкымын. Эстеп корсом хит болгон ырлары деле жок экен. Эмнеси болсо дагы ийгилик каалап кетейинчи. Хит ырларды жаратышына тилектешмин.
18.01.2011. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы жамандагыла!!! Бул кайра Айнуранын кучуно куч кошот!!
18.01.2011. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кокуууй, кантет?!
Ананайын, намаз окуп эле койбостон, исламдагы аялдардын журум-турумун да уйронуп кой.
"Аврат" деген бар, ошону жаап жур чоочун коздон.
18.01.2011. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубик менен Арлекино туура айтат.Намаз окугандан кийин намаздагы суннотторду да аткарыш керек.Музыка шайтандын азаны болот.ыр жаттаганча Куран окуп жаттаган туура го.ырдап озун корсоткон да болбойт.Ырдабай эле койбойсунбу,зачем ырдап еще фонограма ырдайсынар,бул да элди алдап акча тапкан да.
18.01.2011. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм даааа укмуш. Элдер кыйын айтор,намаз окушат,шайтан менен кошо ырдашат,бийлешет.намаздын маалы келип калса чуркап барып окуп келишет да,анан кайра ырап чыга беришет жашоо керемет гооооооооо
19.01.2011. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azyr kop4ulugu ele kuyoogo tie albai,namaz okumuw bolot,hidjap salynat,uzun kiyiniwet kalp ele.bul degen alardyn saiasaty da,kuyoogo 4ygyw kerek...
21.01.2011. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ANELKA tyyra aitasyn,!
21.01.2011. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ANELKA saga kim aitty hidjap kijgen kysdardy kuioo tez alat dep.men misaly kudaiga ishenbesin debeim,namaz okusun birok koomdo el katary kijinip,el katary jurushun kaalaim.namaz oz ubagy menen.anan da kuranda yrdabasyn dep ech jerinde aitylgan emes.yrdasa da oz emgegi menen taap atat akchany.ainura yimanduu,achyk,tuz,taza kys ekeni korunup turat.alakachsa olturbaim dese dagy aitmaksynar boiun kotorup atat dep.
15.01.2012. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ailanaiyn kyrgyzdar,uwu koro albagagan adadtarybyzdy ka4an koet ekenbiz e,makul men oium4a jakshy kyz eken,yrlary hit bolbosoda maanili maga jagat,iigilik saga AINURA
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо