САЛМАГЫ 6,37 КИЛОГРАММ БОЛГОН “КУДАЙДЫН БЕРМЕТИ”

№1056 3-9-март, 2023-ж.

Өзгөчө кооз асем буюмдар жасалган бермет тууралуу маалыматыңыз барбы? Табигый бермет деңиз моллюсктарынан алынат, булардын баасы да өтө кымбат болот. Азыркы учурда карапайым калктын чөнтөгүнө карап берметти жасалма жол менен өстүргөндөр бар, андан сырткары кадимки пластиктен эле жасалгандарын көрүп жүрөбүз. Көп убакытка чейин дүйнөдөгү эң чоң бермет катары Филиппиндин Палаван аралында табылган “Кудайдын бермети” же болбосо экинчи Лао-Цзы аталышын алып жүргөн бермет эсептелип келген. Бул табигый бермет 1934-жылы кырсыктын кесепетинен табылып калган. Тагыраагы, жергиликтүү балыкчы моллюсктардан бермет издейм деп суу астында жүрүп, абдан чоң тридакнаны (моллюсктардын бир түрү) байкабай калган. Балыкчы кокусунан колун ачылып турган тридакнанын раковинасына салып алат, раковина капкан сымал жабылып, курмандыгын кайра коё бербей койгон. Балыкчыны издеген куткаруучулар тридакнанын ичинен салмагы 6,37 килограмм, диаметри 23,8 сантиметр болгон берметти табышкан.

Бермет башкалардай жалтыраган көрүнүшкө ээ эмес, формасы болсо чалма оронгон адамдын башын элестетет. Ушундан улам ага “Кудайдын бермети” аталышын беришкен. Ал эми кытай элинде бул берметке тиешелүү башка миф бар. Улуу философ Лао-Цзы өзүнүн, Будданын, Конфуцийдин келбетин таш бетине чегерип үч айкел жасаган. Айкелдерди океан аркылуу башка жакка көчүрүп баратканда катуу шамал болуп, алардын бири Филиппин аралдарынын жоголгон дешет. Кылымдар өтүп, тридакна жутуп алган айкелдин бети бермет сымал көрүнүшкө ээ болгон, андыктан алар берметти Лао-Цзы аташат.

“Кудайдын берметинин” болжолдуу баасы 40 миллион АКШ доллары.

2016-жылы чоңдугу боюнча биринчиликте келе жаткан “Кудайдын берметин” экинчи орунга жылдырган Пуэрто бермети ачыкталган. Ондогон жылдар бою баалуулугу билинбей балыкчынын үйүндө жаткан бермет 2016-жылы гана көпчүлүккө маалым болгон. Пуэртонун салмагы 34 килограмм, узуну 67, туурасы 30 сантиметрди түзөт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо