-

27-февралда Кыргыз-Кытай чектешкен жерде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталып, калктуу аймактарда 3,9 баллга жетти.
-
28-февраль күнү Бишкекте жаран өзүн өрттөп, алган жаратынан улам эртеси ооруканадан каза болду.
-
Коргоо министринин орун басары: “Учурда Кыргыз армиясында “дедовщина” жок экенине кепилдик бере алам”.
-
Улуттук банкта учурда 46,7 тонна алтын бар экени расмий маалымдалды.
-
Өлкөдө автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатууга каршы 28-февралдан 10-мартка чейин атайын рейд жүрөт.
-
Суусамырда жылкы уурдоого шектелип
-
24 жаштагы жигит кармалганы маалымдалды.
-
Канат Асангулов Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
-
Бишкекте “Унаа” мамлекеттик ишканасы мындан ары дем алышсыз иштейт.
-
Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматынан бошотулуп, ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды.
-
Бишкек мэриясы: Бишкекте коомдук унааларда жүрүү акысы азырынча кымбаттабайт.
-
Кадамжайда 14 жашар кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталгандардын бири өмүр бою эркинен ажыратылды.
-
Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу быйыл 22-мартта башталып, 26-мартта аяктайт.
-
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астанада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.
-
Нурлан Шакиев, спикер: “Мектепте 3-класска чейин балдарга кыргыз тилинен башка тилдер окутулбашы керек”.
-
Сузакта 15 жаштагы бала мектептин аймагында сабалып каза болгону кабарланды.
-
"Кумтөрдүн" камакта отурган мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк ырайым сурап президентке кат жазды.