Мас айдоочулар 1 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. 3 ЖОЛУ ЭРЕЖЕ БУЗСАҢ, КАЙРАДАН СЫНАК ТАПШЫРАСЫҢ

№1056 3-9-март, 2023-ж.

2023-жылдын 8-мартынан тарта айдоочуларга талап катуулайт. Жогорку Кеңеш былтыр декабрдын аягында кабыл алган мыйзамга президент Садыр Жапаров 24-февралда кол койду, ал мыйзам 8-мартта күчүнө кирмекчи. Ага ылайык, мындан ары:

• Мас абалында унаа айдаган айдоочулар айдоочулук күбөлүгүнөн 1 жылга ажыратылат (буга чейин 17 500 сом айып салынчу).

• Айдоочулук күбөлүгү жок туруп унаа башкарган жаран 3 айга камалат (буга чейин 15 000 сом айып салынчу).

• Айдоочу мас же соо экенин аныктоодон баш тартса 3 суткага камалып, мас экени аныкталса, 1 жылга унаа айдоо укугунан ажыратылат (буга чейин 17 500 сом айып салынчу). Унаа айдоого укуксуз жаран текшерүүдөн баш тартса, 5 суткага камалат.

• Айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, этиятсыздыктын айынан башкалардын ден соолугуна зыян келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болсо, 1 жылга унаа айдоо укугунан ажыратылат. Унаа айдоого укуксуз жаран ушундай абалга туш келсе, 7 суткага камалат (буга чейин 20 миң сом айып салынып же 5 суткага камалчу).

• Эгерде айдоочу жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин кайрадан мас абалында рулга отурса жана жол кырсыгына кабылса унаасы убактылуу тартып алынып, 3 жылга унаа айдоо укугунан ажыратылат.

Ошондой эле жол эрежесинин айрым түрлөрүн 1 жыл ичинде 3 жолу бузган айдоочулар кайрадан айдоочулук күбөлүк алууга сынак тапшырышы керек болот. Ал эрежелер:

• Автоунаанын мамлекеттик номурун атайын жаап алуу

• МАИ кызматкери токтоткон учурда токтобой коюу

• Ылдамдыкты нормадан ашыра айдоо (биринчиси – саатына 40 чакырымдан көп, 60 чакырымдан аз, экинчиси – саатына 60 чакырымдан ашык)

• “Тез жардам” сыяктуу атайын жарык берүүчү жабдыктары бар унааларга жол бошотпой коюу

• Каршы тилкеге чыгып ашып өтүү же манёвр жасоо

• Жол эрежесин бузуу аркылуу башкалардын ден соолугуна зыян келсе, бирок айдоочунун аракетинде кылмыштын курамы болбосо

• Мас же айдоочулук күбөлүгү жок адамга унааны башкарууга берүү


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо