Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президент “Кумтөр” боюнча камалгандарга: “УУРДАГАНЫҢАРДЫ ОРДУНА КОЮП КОЙГУЛА”

№1058 17-23-март, 2023-ж.

Президент Садыр Жапаров 14-мартта “Кумтөрдүн” мурдагы тышкы башкаруучусу, учурда камакта отурган Теңгиз Бөлтүрүк боюнча дагы бир билдирүү жасады. Жапаров алар абактан кандай шартта бошотулушу мүмкүн экенин айтты.

– “Кумтөрдөн” 1 грамм да алтын уурдай алышпайт, канадалыктар көзөмөл системин мыкты коюшуптур. Ал эми ишканага керектүү шаймандарды, азык-түлүктөрдү сатып алууда акча уурдалган. Мен Бөлтүрүктү кызматка койгондон баштап “таза иште, 1 сомдун да изинен түшөт” деп какшап келгем. Учурда он чакты адам камакта отурат, эми алар чыгымды ордуна коюп коюшсун. Ошондо укук коргоо органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек. Аларды түрмөдө чирители деген ой жок,- деди президент.

Буга чейин Теңгиз Бөлтүрүк президентке ырайым сурап кайрылган. Анда ал “Кумтөрдөгү” коррупцияны толук жоё албадым, бирок өзүм пара алган жокмун деп билдирип, “эгер мага ишенсеңиз мындан ары да сизге жардам берүүгө даярмын, өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоол болуп жатсам, анда тынч эле Канадага кетип калайын” деген эле. Жакында Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева ачкачылык жарыялаганын билдирип президентке кайрылуу жасады.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо