Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ФИКТОСЕКСУАЛДУУЛУК – ОЙДОН ЧЫГАРЫЛГАН ПЕРСОНАЖДЫ СҮЙҮП КАЛУУ

№1058 17-23-март, 2023-ж.

Медиада жана социалдык түйүндөрдө англис тилдүү терминдер барган сайын көбөйүүдө. Адатта, мааниси биз көрүп, байкап эле жүргөн көрүнүштөрдү билдирет. Айрымдарына токтолобуз.

Думскроллинг – англис тилинен которгондо doom – "жаман тагдыр", "кыйроо" жана scroll – "барактоо" дегенди билдирет. Жалпылап алганда, “жаман кабарлар жарыяланган ленталарга көз каранды болуу”, жаман кабарларды сиңирүү үчүн экранды кароого ашыкча убакыт коротуу. Бул учурда көпчүлүк адамдар алектенген көрүнүш. Социалдык тармактардагы ленталарды барактай беришет, токтоно алышпайт. Окумуштуулар белгилегендей, терс жаңылыктарды барактоо депрессия жана тынчсыздануу сезимдерин күчөтөт.

Сейфтизм – safe сөзү “коопсуз” дегенди билдирет. Бул термин думскроллинг сөзүнүн карама-каршы мааниси, башкача айтканда, терс жаңылыктардан аң-сезимдүү коргонуу. Бир жагынан психиканы коргосо, экинчи жагынан, көйгөйлөрдүн чечилишин, коомдун өнүгүшүн басаңдатат.

FOMO – fear of missing out – "бир нерсени өткөрүп жиберүүдөн коркуу" дегенди билдирет. Анын пайда болушу социалдык тармактардын өнүгүшүнө байланыштуу. Колдонуучуларда башка бирөөнүн жашоосуна байкоо жүргүзүү адаты күчөп, көбүнчө виртуалдык жашоо реалдуу жашоодон бир топ кызыктуу сезилет. Бул өзүн төмөн баалоого, ал тургай кээде депрессияга алып келет.

Деплатформинг – deplatforming – “платформалардан убактылуу ажыратуу” деп которулат. Кандайдыр бир сайттын колдонуучусунун билдирүүлөрү редакциялык саясатка каршы келсе, орунсуз, адепсиз деп эсептелсе, аны өчүрүү же бөгөттөө. Мисалы, өткөн жылы Twitter`дин жетекчилиги АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын аккаунтуна “зордук-зомбулукка шыктандыруу коркунучунан” жана шайлоодогу бурмалоолорго ишарат кылган постторунан улам биротоло тыюу салууну чечкен.

Фиктосексуалдуулук – fictional – "ойдон чыгарылган", sexuality – "сексуалдуулук". Фиктосексуалдар – ойдон чыгарылган персонаждарды сүйүп калган адамдар. Мисалы, япониялык Акихико Кондо виртуалдык ырчы Мика Хацунэни сүйүп калып, анын образы тартылган оюнчук сатып алып, ага үйлөнгөн. Анын айтымында, виртуалдык ырчы аны чыныгы адам менен турмуш кургандан кийинки узакка созулган депрессиядан чыгарган. Окумуштуулар фитосексуалдуулукту терапиянын бир түрү катары карашат, адамга адам керек, жадакалса, ал адам реалдуу жашоодо жок болсо да.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо