№1059 24-30-март, 2023-ж.
Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу 22-мартта УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Күч түзүмдөрү абалдын курчушуна жол бербөө үчүн зарыл иш-чараларды жүргүзүп, Кыргыз-Тажик чек арасын кайтарууну жакшыртуу үчүн Тажик тараптын бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп жатканы айтылат маалыматта.
– Бирок акыркы күндөрү эл арасында такталбаган, туура эмес маалыматтарды тараткан учурлар катталды. Чек ара кызматы жарандарды ар кандай ушак сөздөргө ишенбөөгө жана дүрбөлөң түшпөөгө чакырат,- деп билдирди мекеме.
Маселе жаралган учурда жарандар чек ара кызматынын жакынкы бөлүмдөрүнө кайрылышы керек экендиги эскертилди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |