Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АПАМ ТОЙДО УЧА ТАРТПАЙ КОЙГОН КУДАЛАРЫ МЕНЕН КАТТАШПАЙТ...»

№1059 24-30-март, 2023-ж.

Ата-энемдин эң кичүү кызы болуп эрке чоңойдум. Баткендин алыскы айылдарынын биринен болобуз. Ата-энем “кызыбыз окусун, билим алсын” деп мектепти бүтөрүм менен мени Бишкекке жиберишти. Тагдырдын жазганы белем, 2-курста бир жигитти жактырып калып ага турмушка чыктым. Жаш болгон экенмин, сүйүү деген ушул тура деп эле коркпой азыркы күйөөмө баш байлаптырмын. Жигитим Ысык-Көлдөн, мен Баткенден, биз Бишкектен таанышып, борбор шаардан баш кошуп, университеттин жатаканасында жашап калдык. Ата-энелерибиз бири-бири менен таанышкан жок, чакан нике кыюу кечесине эки тараптан эки жеңебиз гана катышты. Кайын журтум “ата-энеңдин алдынан быйыл өтөбүз, кийинки жылы өтөбүз” деп жатып арадан 5 жыл өтүп кетти. Бул арада жолдошум экөөбүз тең окууну аяктап, өз алдынча иштей баштадык. Баш кошконубузга 5 жыл болгондон кийин кайнене, кайнатам кызыбызга жентек той бермей болушту. Бул кабарга маңдайым жарыла кубанып “биротоло кудаларын тосуп милдетинен бир кутулат экен” деп сүйүнгөнүмдү сурабагыла. Бир күнү кайненем телефон чалды:

– Ай келин, мага сенин туугандарың тараптан келчү коноктордун тизмесин сурап берчи...

– Канча киши чакырабыз, апа? Баткенден апам чалды, куда тарап 20 киши – эки союштук болуп баралы деп жатат.

– 20 киши?! Койчу айланайын, 20 киши тосконго шартыбыз жок. 8 киши келсин, бир туугандарың, анан ата-энең...

– Апа, тойго 200 киши келет да, куда тарапка 20 орун бергениңиз туура эле го. Өзүңөр биринчи жолу жолугуп, таанышып жатсаңар...

– 200 киши болсо, баарынын өз орду бар. Кошумча кошчуларды чакырам да, бул куда тосуу тою эмес, жентек той. Кудаларды тосуу өз жолу менен. Кандай түшүнбөгөн келинсиң?!

Ушинтти да телефонду өчүрдү. Мейли, келин болгондон кийин үйдүн улууларын угам да деп отуруп калдым. Той күнү менин туугандарым Баткенден 10 киши болуп келишти. Бирок кайын журтум аларды кудалардай сыйлап тосушкан жок. Кайненемдин кылыгы мени таң калтырды. Өмүрү көрбөгөн кудаларына сый көрсөтмөк тургай, туугандарым отурган столго бир жолу басып барып ал-абалын сурап койгон жок. Кызыгы, сыйлуу устукан – учаны биринчи жолу таанышып жаткан, алыстан келген менин ата-энеме эмес, мындан 10 жыл мурун күйөөгө чыккан кызынын кайнатасына тартышты. Апам аябай таарынды, “алыстан жол арытып, кой эми, кызыбыздын бактысы үчүн деп намысыбызды жыйыштырып конок болуп келсек, кайын журтуңдун кылганы бул. Силердин кызыңардын жентек тою болуп жатат, биз биринчи жолу таанышып жатабыз, учаны бизге тартышы керек болчу” деп туугандардын көзүнчө мени бир сыйра урушту. Ошондон кийин апам кудалары менен катышпайт, той кылса жолдошум экөөбүздү эле чакырат. Менин кайын журтумду айтсам “айтпа мага аларды, каадасын кылбаган кудаларды мен эмнеге жакшылыгыма чакырмак элем?” деп мени урушат. Билбейм, апамдын бул таарынычы туурабы же туура эмеспи. “Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт” дейт кыргызда. Ата-бабадан келе жаткан салт-санаа, үрп-адаттарды биле жүргөнүбүз жакшы окшойт...

Айдай


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(3)
27.03.2023. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Көлдүктөр ошондой сыйлаганды билбейт, алганды эле билет , деңгээлдери төмөн экен, биздин да баштан өткөн,этин кесип алып жылаңач устукан тарткан .
27.03.2023. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кеп учада эмес кеп мамиледе, менин кайын журтум да колдон болот точно ушундай кылышкан:)) Жаман окшош сценарий го, колдуктор барсынарбы кол которуп койгула))))
31.03.2023. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызда көбүндө келин-картошка, өзүнүн уул-кыздары бриллиант. ))) Менин да кайын журтум сыйды билишкен жок. Акыры тап-такыр эч бири менен сүйлөшпөй коюуп кутулдум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо