№1060 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
Кыргыздын белгилүү хирургдары Мамбет Мамакеев менен Эрнст Акрамов 42 жылдан кийин элдешти. Жарашуу демилгесин Мамакеев көтөрүп, эки хирургдун жолугушуусу быйыл 17-мартта өткөн. Жолугушуу учуру тартылган видеодон Мамакеев таарынычтардын баарын унутканын кайра-кайра кайталап, Акрамовдун колун бекем кармап алып ага жакшы сөздөрдү айтканын көрүүгө болот. – Кырк жыл өттү, көрүшпөдүк. Сени көргөнүмө абдан кубанычтамын, коркунучтуу убакыт өтсө да, мен сени эч качан унутпадым. Менин эң биринчи, эң сүйүктүү окуучум сенсиң. Эң башкысы – өткөндү эстөөнүн кереги жок. Эми мына, карыдык,- деген Мамбет Мамакеев Эрнст Акрамовго чепкен жаап, башына калпак кийгизди.
– Бүттү, мендеги жүктүн баары алынды. Биздин мамилебизди врачтар, айрыкча, хирургдардын баары билет. Эми эки баатыр элдешти деп баары билишсин,- деп кошумчалады аягында.
Эскерте кетсек, Мамбет Мамакеев учурда 96 жашта, ал эми Эрнст Акрамов 86 жашта. Экөөнүн ортосундагы таарынычтын себеби көпчүлүккө белгилүү эмес.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |