Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЭҢ ЖАКЫН АДАМДАРЫМ АЛДАШЫПТЫР»

№428 14-20-январь, 2011-жыл.

Жүрөк сыры

“Эки доочу бир келсе – амалыңдын кеткени, эки илдет бир келсе – ажалыңдын жеткени” дешет кыргыздар. Ал эми ыза, каар, өкүнүч бирдейинен сени каптап келсе кантесиң? Менин суроомо жооп таап, жол көрсөтөр жан бар болду бекен?

Апамдын жападан жалгыз сиңдиси баш калаада турчу. Мектепти бүткөн соң ошолорго бардым. Абдан ынтымакта, бардар турмушта жашаган жездем экөө бала жытына зар эле.
Эжемдин “Дордой” базарында контейнерлери, жездемдин курулуш фирмасы бар, экөө тең жумушу менен убара. Анда-санда экөөнүн теңтуштары чогулган той-кечелерге барып калганым гана болбосо, биринчи курста окуудан башканы ойлочу эмесмин. Ошондой кечелердин биринде аны менен таанышкам.
– Зеригип жатасыңбы?
Кайрылып карап, саамга делдейип туруп калдым. Кара торусунан келген сулуу байке туруптур. Кайдан көрдүм эле?
– Эрмек.
– Жыпар.
– Чоңдордун арасында эригип кеттиңби?
Эрмек байке ар кандай кызыктарды айтып берип, күлдүрүп отурду. Көптө барып гана кайдан көргөнүмдү, ой, жок, кимге окшотконумду түшүндүм. Энрике Иглесиаска абдан окшош экен, болгону меңи жок.
– Бүгүн Эрмек келет, кечинде дасторкон дайындап койгула.
Бир күнү жездем жумушка баратып мага эскертип калды.
Дасторкон үстүндө Эрмек улам мага жүз буруп, сабагымды, досторумду сурап жатты. Ал кетери менен эжем жымыңдай мага тийишип кирди:
– Эрмекбайга биздин кыз аябай жагып калган көрүнөт. Канчадан бери үйгө келтире алчу эмеспиз. Жыпардан көзүн албай отурду.
Эжемди жездем да коштой карс-карс күлүп калды:
– Баягы Эрмек жок, бир топ токтолуптур. Чын эле күйөө бала кылып алсакпы?
Эртеси Эрмекти биздин окуу корпусубуздан көрдүм. Жылмая өөп учурашып, аңкайып турган мени жетелеп бараткан сулуу байкени көрүп, группалаштар кызыгуу менен тиктеп калышты. Ал күнү экөөбүз киного, андан чыгып кафеге бардык. Саатымды карап тынчсыздансам, “шашпай эле кой, жездеңдер тойго кетишти. Киного барарыбызды айттым” деп көңүлүмдү жайгарып койду. Биздин мамиле күн санап, жок, саат, мүнөт санап жылуу тартып баратты. Андыктан экөөбүз өткөргөн түндөргө да эч кейиген жокмун. Ушул күнгө чейин да өкүнгөн эмес элем...
Чогуу жүргөнүбүзгө жарым жыл болгондо, ал Италияга кетти. Ошол жакка жумушка орношуптур. “Окууну бүтсөң алып кетем” деп кайра-кайра айтып кеткен. Бир айдан соң кош бойлуу экенимди түшүнүп, дел болуп көпкө отуруп калдым. Аял эмеспи, эжем биринчи байкады:
– Эмне болуп жүрөсүң?!
Суроого жооп бере алсамчы. Эжем кыйкырып урушат, атүгүл үйүнөн айдап жиберет деп ойлогом. Андай болгон жок. Мени кучактап алып “Кудай берет деген ушу” деп кайра-кайра кайталап жатты. Ошондо кичине акылдуураак болсом, кептин төркүнү эмнеде экенин баамдамакмын. Бирок ал учурда уккандарымды таразалоого чамам жок эле. Эжем менен жездем дүрбөп, эртеси күнү эле айылга, апама жөнөдүк. Атамдын көзү өтүп кеткен, иним, анан мен, апам деле баладан тажап жаткан жери жок. “Эмне дешсе ошол дешсин, баары бир төрөйм!” деп чечкиндүү бардым. Апам бечара ыйлап-сыктады, анан эжем-жездемдин айтканына ынанып отуруп калды.
– Ушунча жыл чогуу жашап, барбаган жерибиз, көрүнбөгөн врачыбыз калбады. Кудай бизге бала жытын жыттатпады. Эми Жыпар кош бойлуу болуп калыптыр. Баланы бизге бергиле, эч нерседен кем кылбай багып алабыз. Төрөгүчө дачага алпарып коёлу, эч ким билбей деле калат. Жыпар али жаш, окуусун бүтүп, жакшы бир жигитке турмушка чыгышы керек.
Жалгыз сиңдисинин сөзүн апам кыя албады. Макул болбогондо кантет?
– Мынчалыкка барбашың керек эле, эми айла жок, жок дегенде эжеңдин бир керегине жара. Чын айтышат, сен жашсың, дагы төрөп аласың.
– Апа, мен Эрмекке айтышым керек.
Эжем апамдын оозунан сөзүн жулуп кетти:
– Жыпаш, сени капа болот деп айтпай жүргөнбүз... Эрмек үйлөнүптүр.
Бүттү! Бут алдымдан жер көчүп баратты. “Мени алдады! Мени алдады!” Ушул эки ооз сөз мени менен канча жылдан бери жашап келе жатканын билсеңиздер эле...
Эжемдин дачасында жүрүп жайдын кандай өткөнүн, күздүн кандай келгенин да байкабадым. Ал күндөрү мен жашабай эле дендароо абалда таң атырып, күн батырып жүрдүм окшойт. Болгон эрмегим – курсактагы балам менен сүйлөшүү. Миң кайталап андан кечирим сурап, “сени багып алабыз дегендер абдан жакшы адамдар. Дайыма жаныңда болом” деп ыйлайм.
Наристе ноябрда жарыкка келди. Кирпиктери төгүлгөн, куш мурун, татынакай уул экен. Эки ай эмизип, анан эжеме бердим. Оюма койсо биротоло эле уулумдун жанында жашап алмакмын. Бирок мага бир бөлмөлүү үй сатып берип, бөлүп коюшту. Түшүнүктүү дечи, кызганышты. Айла жок, буга да көнүүгө туура келди. Окуумду калыбына келтирип, баш-отум менен окууга кирип кеттим. Болгону, курбу кыздар кечелерге, дискотекага жүгүрсө, мен эжемдин үйүн көздөй жүгүрөм. Эптеп эле убакыт таап, баламды жыттап алсам дегенде эки көзүм төрт.
Дайыма эле биз каалагандай боло бербейт, ээ? Окууну бүтүп, банктардын бирине жумушка орноштум. Бир жылдан бери артымдан калбай ээрчип жүргөн Нурдин аттуу жигит бир күнү “нагло” ала качып кетти. Эки күн бою согушуп, тартышып отуруп, аягында калууга аргасыз болдум. Ошол. Азыр эки кызым бар. Минтип күйөөгө чыкканыма алты жыл болуп, уулум Руслан онго чыгып калганда шумдук окуяны угуп отурам.
Эжем көптөн бери ооруп, дарыгерлер диагноз коё албай жатышкан. Табыпка барса, “сенин дартың – көңүл дарты. Жакыныңдан жашырган сырың бар. Аны айтып, кечирим сурасаң айыгасың” дептир. Ошондо гана эсине келген эжем менден кечирим сурап жатпайбы.
Көрсө, алар мени менен Эрмекти атайын тааныштырышып, көрсөткөн “кызматы” үчүн жездем ага Италияга кетүүгө шарт түзүп бериптир! Алардын тузагына оңой эле илинген мен акмак аларга уул төрөп бербедимби! Ушундай шумдукту уктуңуз беле? Он жылдан бери өзөгүмдү өрттөгөн дартты эч кимге айталбай, жан кайгысын тартып келбедим беле! Канчалаган түндөрдү уйкусуз өткөрүп, уулумдан миң кайталап кечирим сураганымчы...
Эми кантем? “Уулума ачыгын айткыла, ким менен каларын өзү чечсин” десемби? Сотко берем деп долулансамчы? Мейли, эмне жорук жасабайын, ошол он жыл ордуна кайтып келеби? Өзүмдү-өзүм жектеп, күнөөлөп жүргөн күндөрүмдү ким кайтарып бере алат? Эжеме, жездеме, айрыкча жүрөгүмө бир өмүр кеткис так калтырып, акча үчүн сатып кеткен Эрмекке кандай жаза берсе болот? Ошондо күйүтүм басылабы? Кегим, ызам жанабы? Уулумчу? Анын мындан аркы тагдыры кандай болот?

Жыпар


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(26)
14.01.2011. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jypar degen avtor jalan ele ushundai chygarmalardy jazat okshoit.Je ozu jashoosunda suiuusuno jetpei kaldy beken?
14.01.2011. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир адам жасаган куноосу учун кудайдын алдында жооп берет.Жыпа эже сиздин бут нерсени жасаганга укугунуз бар экен,себеби 1-ден сиздин баланыз,2-ден сизди нагло алдап колдонуп коюшуптур.

Ушул окуяны форумга атайын тема кылып ачып койсонуздар жакшы болот беле,талкуу кыла турган тема экен.
15.01.2011. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен 2 жыл мурда ушундай окуянын кубосу болуп оозум ачылган. Эже баланызды бербениз биз жардам берели дегениме болбой 20000 рубльга сатып жиберген. Болбогон акча ээ? Кээ бир адамдар жаш кыздарга тузак коюп тагдырын талкалашат. Андан коро балдар уйундогу мээримге зар балдарды алышса болбойбу... тушунбойм.
15.01.2011. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантсе да бул окуя адамдым кадыры мес акчанын устомдулукту корсотуп турат. Байкуш 10 жыл бою кыйналган жан. Азыркы заманда акчасы бардын тору бар дейт. Эч качан адам баласы эсинен чыгарбаш керек эмне кылсан озуно кайтат.
15.01.2011. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozun4o ele bir 4igarma go,oz balasina ozu ukuktuu da ber dese ele bere saliw kerekpi,apasi dele bar eken bagiwat da,iwengen jokmun.
15.01.2011. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илунду коройун эрмек...мне кыласыз эми туура аитасыз баланыз озу чечсин ким менен калышты
15.01.2011. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушун эшек арабааааааа...
15.01.2011. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudaiga salyp koyunuz alardy,JAzasyn korot,a siz bolso ubagynda balanyzdyn kolunan jakshylyk korosuz.Sizge da kelet bir kunu.Ermek bolso ozu dele jaman bolup jurgondur.Al da kelet bir kunu.
15.01.2011. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неге сиз эженизди куноолоп жатасыз,эч ойлонбодунузбу балким бул сиздин катаныздыр...Алар жон гана шарт тузгон сиз тушпой калышынызда мумкун эле го.Баланызды бербейда койуш шансыныз бар эле.Эми баары кеч эн керектуу убакта жанында болбой эми кайсы жузунуз менен талашасыз аны.Барып мен сенин апан боломун деп айтасызбы.Менимче ката сизде никесиз ал баланы жарык дуйного келтиирдиниз.Баарын башында ойлонуш керек болчу.Азыркы жубайынызды да алдаптырсыз.
16.01.2011. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshonduktan nikesiz ele bala jasay berbegile da...Kuyoonyz dagy jakshy eken, sizdi algan.
16.01.2011. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык...Lira куйонуз дагы жакшы экен сизди алга деп бир эле айтыптырсын го...Алар оздорунун кызыкчылыгы учун сени алдап,пайдаланып койушкан экен..албетте бул кудайга жакпай баарыбир кечирим суратыптыр..эмнеси болсо да баары откон иш бирок албетте ичиндеги ыза кыйнап келет..ошондуктан озунду психологиялык жактан колго алышын керек..ал эми соттошом дегенин менимче туура эмесирээк себеби алардын дооматы чыгат..баланын да психикасын жабырлантып алышын мумкун..аягы жакшы бутпой калат..азыр кудайга
16.01.2011. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шугур уй булон кыздарын бар экен...алардын келечегин ойлоп..жашоонду уланта бер..себеби бул жашоо-мындан баарын кутууго болот..ал эми ичиндеги ызанды убакыт менен дарылаганга аракет кыл..эгер жолдошун тушунуктуу адам болсо баарын тушунот болуш керек...ар бир адамдын башынан ар турдуу окуя отот.. ошону учун кечиримдуу болуп озунду колго ал...омурунду ичиндеги ызан менен откорбо..Сага уй булолук бакыт жна ийгилик..
17.01.2011. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдаа в жизни все бывает!!!
17.01.2011. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kizik,jawoodo ne degen nerseler gana bolboit,kudai baaribizga akil menen iiman bersin
17.01.2011. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
liraga koshulam saga bul dagy azdyk kylat kok mee nikesis kantip jatyp jurdun dagy okunboyim dep koyiot sen talaada kalyshyn kerek ele kuyioono rahmat de baldar oshon uchun bilip algyla azyr kyzdarga ishenish jok
17.01.2011. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган жашоодо баары болот, ар бир кадамды кенеш берген акылдуу адамдар коп, сурап он жагына чечсе ыймандуулук м-н.. А так кейибе балан кочодо эмес бир тууганындыкында жашаса.Эжендин сообуна калгандай...(ачык айтып алдабаса адамдар)болгону...
18.01.2011. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Kok mee" "tokoy mee" dep jazgandarga: ar adamdyn tagdyry ar bashka. Jypar da ushunday bolup kalaiyn dep samaptyr deysinerbi? Jashtykta adashyptyr,silerdin bashynarga kelbeyt dep ec kim garantiya berbeyt,akyryndyk menen synap jurgulo baskalardy. Siler dagy sutton ak emestirsiner. Kuday ozu tarazalayt, siler emes!!!
18.01.2011. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тагдырга баш ийишин керек, озундун бактылуу же бактысыз болушун учун озун гана куноолуусун! Балана айтыштын деле кажети жок, себеби ал баары бир сени эле куноолойт. 10 жыл бою конуп калган "апасынан" сага кайтып келбейт. келген кундо да куйооно эмне деп айтмак элен? жабылуу аяк жабылуу боюнча калсын эми
18.01.2011. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба изабел туура айтат.Балан азыр жаш тушунбойт,10жашка чейин карабай кайда журдун эле деп,тушунбошу мумкун.Куйоондун да алдында бетин ачылып уят болосун.андан коро ушул кылган чоон куноон учун,Кудайдан коркуп,тообо кылып намаз окуп кунондун кечирилишин суран,жана куйоонду,кыздарынды жакшылап ыраазы кылып,бактылуу кылып жаша.Кийин балан эр жетип 25-28дерге келгенде айтсан да болот.Эмнеге дегенде ал кезде бой жетип бппрын тушунуп калат.Талашкандын эч кандай кереги жок.Жатта эмес,тууганында эле.
20.01.2011. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз синдисин алдаганын Кудай жазалап коюптур да. Эжеси ооруп калган экен. Кудай бар экенин унутпай ар бир кылган ишибизди ойлонуп туруп жети олчоп бир кессек.
20.01.2011. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуя б-н.
Жаш кыз белгисиз бироодон боюна бутуруп алат. Анан ичи чонойгон сайын элден, тааныштардан уялып ичин жоолук м-н кыса байлап журо берет. Аны бир куну бир медик аял байкап калып, менин подружкам бар, б. бакчадан бала алалбай журот, ошого бер - акчасын деле берет дейт. Ал макул болот. Аны алыскы бир айылга тууган-кына алып барып багып, тороордо ошол эле уйго акушер эжени чакыртып, торотуп алышат. 3 кунчо ал кызга тамак-ашын берип, кубаттандырып, акчасын берип анан жоноткон.
09.08.2011. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй адамдар силер Жыпарга боорунар оруйтта,ал туура кылды деп ойлоп атасынарбы,жыпар дабдырбы эрге тийбей жатып кыздыгын алдырган,кыргызда мындай нерсе болгон эмес,андай болсо силер да целканарды алдырып,кайра ташатп кетсе аны гезитке реклама кылып чыгара бергиле,кыздар намысты сактагыла,эрке тийгенде деле ошол кайфка жетишесинер
21.01.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сени алдап кеткен адамдарды кудай озу жазалайт
01.10.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызга кырк уйдон тыйу
28.12.2017. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо,бул историяны 4 -5жылдай мурун силерден окугам.Кайра чыгарыптырсынар.Жаны историяларды кутом.
28.12.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daneka,
Саламатсызбы! Бул макала №428 14-20-январь, 2011-жылы порталга чыккандыгы жогору жакта жазылып турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо