3D, 4D, 5D ФИЛЬМДЕРИ

№428 14-20-январь, 2011-жыл.

3D түшүнүгү жашообузга күн санап сиңип бара жатат. 3D сүрөттөрүнөн тышкары 3D көркөм жана анимациялык фильмдер, фотоаппарат, принтер, дисплей жана башкалар белгилүү. Булардан тышкары 4D, 5D фильмдери жана аларды көрүүгө ылайыкталган атайын кинотеатрлар да бар. Булар тууралуу кененирээк маалымат.

СТЕРЕО ДЕГЕН ЭМНЕ?
3D жана 4D фильмдери “стереофильмдер” деп аталып, аларды атайын көз айнек менен көрүүгө болот. "Стерео" – грек тилинен которгондо "катуу, көлөмдүү, чоң масштабда, аралыкка жайылган" дегенди билдирет. Андыктан стереофильмге “чоң масштабда, аралыкка жайылган” деген түшүнүк туу­ра келет.
3D бул – "үч өлчөмдүү" (three-diemensional) деген сөздүн кыскача берилиши. Башкача айтканда, нерсенин узундугун, туурасын жана бийиктигин өзгөчө ыкмада берүү. 4D жөнүндө сөз кылсак, мында үч өлчөмдүн үстүнө төртүнчү өлчөм – мейкиндик кошулат.

КАНТИП ТАРТЫЛАТ?
Стереофильмдерди тартуу үчүн стереоэффекттер колдонулат. Мисалы, алдыбызда кружка турат дейли. Аны оң көзүбүздү жуумп, сол көзүбүз менен карасак да, же сол көзүбүздү жуумп, оң көзүбүз менен карасак да, бир эле сүрөттөлүштү (кружканы) көрөбүз. Эки көзүбүз менен тең карасак деле баягы кружка. А эгер бир эле кезде эки көзүбүз менен эки нерсени жакындан көрсөкчү? Анда нерселер мурдагы калыбынан көлөмдүү жана мейкиндикте калкып калган сымал көрүнөт. Дал ушундай таасир – стереоэффект деп аталат. Бул ыкма фильмдерди тартууда колдонулуп келет. Башкача айтканда, 3D стереофильмдерде бир эле кезде эки көзүбүз менен эки башка сүрөттөлүштү көрөбүз.

3D ФИЛЬМДЕРИ
3D фильмдерин тартууда кээ бирлер атайын 3D камераларын колдонушат. Аларда бири-биринен бир нече сантиметр алыстыкта жайгашкан 2 объектив бар. 1-объективде окуялар сол көз үчүн тартылса, 2-объективде оң көз үчүн тартылат. Эми жакындатып көрсөтүүчү стереокөзайнекти кийип ошол фильмди көрсөк, окуя мейкиндикте калкып, фильмдеги нерселердин баары укмуштуудай чоң болуп көрүнөт.
Кээ бирлер стереофильм тартуу үчүн 2 камера колдонушат. Бириндеги объектив окуяларды жалаң сол көз, ал эми 2-камерадагы объектив жалаң оң көз үчүн тартат.
3D фильмдерин кинотеатрлардан жана 3D телевизорлорунан көрүүгө болот. 3D телевизорлорунан атайын көз айнектин жардамы менен стереофильм көрүүгө мүмкүн болсо, көз айнексиз адаттагы эле берүүлөрдү же DVD көрүүгө болот.

4D ФИЛЬМДЕРИ ЖАНА КИНОТЕАТРЫ
4D стереофильмдери 3D фильмдеринен айырмаланып, сюжетине байланыштуу атайын эффекттер: креслолордун кыймылдашы, шамал, жамгыр, жыт сыяктуулар коштойт. Башкача айтканда, 4D фильми көрсөтүлүүчү кинотеатр өнүктүрүлгөн, санариптик болуп саналат. Көрүүчүлөр отурган креслолор сюжетке карата кыймылдап турат. Мисалы, өйдө-ылдый, оңго-солго. Креслолордо акустикалык система да орнотулган. Анын жардамы менен, мисалы, кинодо шамал болуп, жамгыр жаап жатса, сага да шамалдын илеби урунуп, бетиңе суу чачырап, озон газы жыттана түшөт.
Ал эми отургучтун ылдыйкы бөлүгүндө атайын жабдуулар бар. Ал буттардын арасы­нан жүгүрүп же өтүп бараткан кемирүү­чүлөрдүн кыймылын чагылдырып, итиркейди келтирет (эгер бул фильмдин сюжетинде бар болсо).
Айта кетчү нерсе, 4D фильмдери кыска убакытка гана созулат, 10-25 мүнөт. Негизинен анимациялак жана кыска метраждуу фильмдер болот.
Жогоруда айтылгандардын баары сизди фильмдин ичине аралашып, каармандар башынан өткөргөн нерселердин баарын өз башыңыздан өткөрүүгө салым кошот. Бул укмуш сезим тартуулабаганда эмне?

5D ФИЛЬМДЕРИ
5D фильмдеринин өзгөчөлүгү эмнеде? Бул тууралуу 5D фильмдерин Кыргызстанга алгачкылардан болуп апкелип, көрсөтүп жаткан Бишкектеги "Вефа" соода борборундагы стереозалынын менеджери Мирбек Дайырбековго кайрылдык.
– 5D фильмдери да кыска убакытка, 10-25 мүнөткө гана созулат. 5D фильмдерин деле 4D фильмдери сыяктуу атайын эффекттер коштойт. Мисалы, креслолор өйдө-ылдый чайпалат. Айырмасы эмнеде? 4D фильмдеринде атайын эффекттер (суу, шамал, жыт ж.б.) креслодо орнотулган акустикалык системадан чыгат.
Ал эми 5D фильмдеринде атайын эффекттер таасир ушунчалык күчтүү болсун үчүн залдын үстүндө орнотулган акустикалык системадан берилет. Мисалы, фильмдин сюжетинде кар жааса, залдын баарына тээ бийиктиктен кар жаайт. Чагылган чартылдаса, залды жара чагылган чартылдайт. Көбүкчөлөр да асмандан каалгып түшөт. Гүлдүн жыты чыга турган болсо, зал бүтүндөй гүл жытына толот. Булуттар да төбөдө каалгыйт. Бул 4D фильмдерине салыштырмалуу өтө терең таасир калтырып, сюжет толугу менен өз кучагына тартып, көрүүчү реалдуу жашоону унута түшүп, укмуштуудай дүйнөгө жетеленет.

ТАРЫХЫНАН

  • Алгачкы стереофильм болуп 1922-жылы 27-сентябрда АКШда чыгарылган “Сүйүү күчү” эсептелет.
  • 1950-жылдары үйлөрдө телевизорлор пайда боло баштагандан улам эл кинотеатрларга аз барып калган. Ошондо "элди кайрадан кинотеатрларга кандайча тартууга болот?" деген маселе коюлган. Бул көптөгөн стереофильмдердин жаралышына түрткү болгон. Аларга: “Караңгыдагы адам”, “Чайырдан жасалган үй”, “Түрү суук жаныбарлардын өч алышы”, “Көбүк” жана башкалар кирет. Аталган фильмдердин көпчүлүгү бир топ кирешелерди алып келген. Ошондон кийин кино жаратуучулардын арасында атаандаштык жаралып, дагы жаңы фильмдердин жаралышына түрткү болуп берген.
  • 1960-1979-жылдар аралыгында 30га жакын стереофильм жарык көргөн. Алардын ичинен эң кирешелүүсү болуп “Стюардессалар” эсептелет. Бул эротикалык фильм 100 миң долларга тартылып, АКШдагы сатыктан эле 27 миллион доллар тапкан. Фильмди кайра-кайра көргөндөр көп болгон.
  • 1980-жылдан ушул күнгө чейин төмөнкү белгилүү тасмалар жарык көргөн: “Эрдиктин канаттары”, “Туңгуюк көрүмчүлөрү”, “Тырык”, "Фараондор сыры", “Аюу”,"Акулалар", "Жапайы океан","Динозаврлар тирүү", "Сафари", "Караңгы дүйнө", "Деңиз динозаврлары" жана башкалар.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
14.01.2011. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun go ))
14.01.2011. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
График технологиясы 5Dге чейин өнүгүп кеткенби э, биз али 3Dтехнологиясында МАНАСТЫ анимациялык кылып иштеп боло албай жатабыз.
14.01.2011. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyska4a tuwunuktuu maalymat! Sonun! Taryhy tuuraluu azdyk kylat! Kantse da rahmat deibiz maalymat u4un!
17.01.2011. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiabai sonun es alasyn Seulda andai teatrlar koop bawka duiogo kirgendei ele boosun
17.01.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun maalımat
18.01.2011. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канымжан эжэеге бир беш упай!
18.01.2011. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германияда уже 6D форматтуу тасмалар, кинозалдар иштелип чыгууда.
20.01.2011. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wonderful:))
21.01.2011. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экмуш го уккандан уга элегиң көп,көргөндөн көрө элегиң көп деген ушу да.
18.12.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh 3D koro albai koidum 4D 5D kaidan anan
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо