Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫРГЫЗСТАН КЫЛМЫШТУУЛУК ЖОГОРУ ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТАРЫНА КИРДИ

№1062 14-20-апрель, 2023-ж

Кыргызстан кылмыштуулуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарына кирди. Эл аралык World Population Review уюмунун изилдөөсүндө биздин мамлекет 136 өлкөнүн ичинен 31-орунга жайгашты. 2023-жылга карата Кыргызстанда кылмыштуулуктун индекси 56,87 деп белгиленет. Бул - ар бир 100 мин жаранга 56 кылмыш туура келет же кылмыштуулуктун деңгээли айтылуу Уганда (56,12), Сомали (56,04) деген Африка өлкөлөрүнөн да жогору дегенди билдирет. 2022-жылдын алгачкы 6 айынын жыйынтыгында өлкөбүз 142 мамлекеттин арасынан 47-орунга жайгашканын эскерте кетели.

Кылмыштуулук көрсөткүчү боюнча алдынкы бештикке Венесуэла (83,76), Папуа Жаңы Гвинея (80,79), Түштүк Африка (76,86), Ооганстан (76,31) жана Гондурас (74,54) кирди. Алдынкы ондукта Тринидад жана Тобаго, Гайана, Сальвадор, Бразилия жана Ямайка бар.

Ал эми кылмыштуулук эң аз катталган мамлекеттер: Швейцария, Дания, Норвегия, Япония жана Жаңы Зеландия.

Кыргызстанда 1 жылда 40 миңдин тегерегинде кылмыш катталат. Мисалы, 2022-жылы өлкөдө 45,1 кылмыш катталган. Алдынкы бештикти уурулук, алдамчылык, бейбаштык, каракчылык жана баңгизат кылмыштары түзөт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо