№1063 21-27-апрель, 2023-ж.
Жанар Акаев... Бул ысым сизге чоочун эмес. Журналист катары элге таанылып, кийин саясатка аттанып, президенттик аппаратта иштеп, анан 30 жаштын кырында Жогорку Кеңешке 2 жолу депутат болуп шайланды. Чиновниктин баласы эмес, атасынын кадыры менен кресло кучактап калгандардын тобуна кирбейт. Айылдан чыккан кыргыздын карапайым жигити. Саясатта жылдызы кантип жанды? Алайдан Ак үйгө чейинки жолдо кандай кыйынчылыктар кездешти? Саясаттагы устаттары кимдер болду?
“МАНТЫ ЖЕГЕН КҮН МАЙРАМ ЭЛЕ...”
- Мен төрт тарабы тоо менен курчалган Алайдын Кабылан-Көл деген айылында төрөлүп өстүм. Балалыгым Союз кулап, эл кыйналган оор учурга туш келди. Азыркы балдарга тамак жедире албай кыйналасың го, биз бала кезде көбүрөөк эти бар тамак жесек, ошого сүйүнчүбүз. Манты жеген күн биз үчүн майрам эле, апам же жеңем манты жасайт деген кабар кулакка тим эле сонун угулуп, ал күнү кечки тамак убагын саат санап күтчүбүз. Ойлосом, бактылуу күндөрүм ошол мезгил тура. Досторубуз менен дүкөнгө бөтөлкө чогултуп тапшырып, ордуна сагыз алып, үйдөгү эски шкафтын бир бетин бүт эле Жан-Клод Ван Дамм, Брюс Ли, Арнольд Шварценеггердин наклейкасы менен толтуруп чаптап салчубуз. Айылда кызыл желек, чүкө атмай, чана менен жарышуу оюндарынын уюштуруучусу элем. Бүгүн ушундай оюнду ойнойлу деп демилге көтөрүп, командаларга бөлүштүрүп, айтор, шыпылдап чыга калчумун. 7-8-класс кезимде атам узак оорудан улам каза болду. 8 бир туугандын кенжесимин да, азыр эстесем, ошол кезде баары менин көзүмдү карашкан экен. “Баарыбыз тынып, үй-бүлөлүүбүз, ушул гана мектеп окуучусу, оор кабыл алат ” деп аяшса керек мени. Казакстандын Тараз шаарына, кээде Ошко алып барып, агаларым шаар көргөзүп калышчу. Бир жолу Ош шаарына алып барып, өзүм тандаган аппак кроссовка, чөнтөктөрү көп трико шым алып беришкени эсимде. Аны алып бергенден кийин айылга кетким келет, же мен жетпейм. Барып эле балдарга мактанышым керек да, тим эле алып-учуп сүйүнгөм.
“ТАЛАСТАГЫ МИТИНГДЕ ӨҢГҮРӨП ЫЙЛАГАМ...”
– Биздин атабыз өмүр бою колхоздо башкарма болуп иштеген, бирок эрте көз жумду. Апабыз 80ге келип калды. Жанар бала кезден тырышчаак, мектепте жакшы окуду. Достору менен волейбол, баскетбол ойноп кетип үй бетин көрчү эмес. Апам той-топурдан алып келген таттууларын катып койсо, аны досторуна таратып берип апамдан жеме угуп эле басып жүрчү. Кенжебиз деп көп какыс-кукус кылган жокпуз. Бирок чалчактап эрке деле болгон жок. Кара жумушту жакшы жасаар эле, айрыкча орок менен буудайды жакшы орчу. Абдан боорукер, кичинесинде бир жолу үйгө конок келерде козу соёлу деп калдык. Бычак издеп эле такыр таппайбыз. Көрсө, Жанар бычактардын баарын катып коюптур. “Эмнеге каттың?” десек, “козу да жашаш керек, эмнеге соёсуңар” деп коёт. Баарыбыз күлгөнбүз. Адилетсиздикти көрсө туталанып, жарылып кетмей адаты кичинесинен эле бар. Апам анын ушундай курч мүнөзүнөн чочулайт. “Балам, сүйлөбөй, эл катары эле отура берчи, айланайын” деп көп айтат. Бирок ага Жанар болбойт да.
Абдывахап Нурбаев, экс-депутат: “ЭРКИН ЖУРНАЛИСТ ДА, ЭРКИН САЯСАТЧЫ ДА БОЛО АЛДЫ”
– Жанарды ОшМУда окуп жүргөн, ректораттын кээ бир чечимдерине каршы чыгып, өз укугун коргоп жүргөн кезинен бери жакшы билем. Журналист кезинде көп коррупциялык иштерди элге ачыктап чыгып, курч материалдарды жасады. Ага өкмөт, президенттик аппарат каршы чыкканда экөөбүз биригип көп иштерди чогуу жасап жүрдүк. Ал эркин журналист да, эркин саясатчы да боло алды деп айта алам. Жаштыгы, курчтугу, тайманбастыгы менен көп көйгөйлөрдү көтөрүп миллиарддаган акчалар өлкө казынасына кайтарылды. Алсак, Абылгазиев премьер-министр кезинде жыштык сатылып кеткен, ошол каражат толугу менен мамлекетке кайтарылган. Ал эми жеке адамдык мамиледе айткан убадасына турат, сөзгө бекем. Кемчилиги – унутчаактыгы, иш-чарага кечикмей адаты бар. Бир жакка чогуу барчу болсок, сөзсүз алдын ала чалып эскертип турам.
Гүлжамал Калчабаева, класс жетекчиси: “КЕМЧИЛИГИМДИ БЕТИМЕ АЙТЫП САЛЧУ”
– Жанар үлгүлүү үй-бүлөнүн баласы. Атасы ыраматылык сөзмөр, жамакчы киши эле. Өзү мектепте жоопкерчиликтүү, илбериңки, тырышчаак окуучу болду. Бир көчөдө 5 бала дос, алардын бири Жанар эле. Бешөө тең менин классымда окучу. Бирге жүрүп башка айылдын балдары менен далай мушташып сазайын беришти. Кайсы мугалим сабак өтпөсүн мага “окуучуларың аябай шок, буларды кантип окутуп жатасың?” деп айтышчу. Жанар көп жыл класстын президенти болду, ар кандай иш-чараларды уюштурчу. Балдарга чындыкты бетке айткыла деп үйрөтөм да, Жанар тайманбай “чындыкты бетке айткан кандай болот экен, эжеке” деп туруп эле кемчилигимди балп эттирип бетиме айтып салчу. Менин ордумда башка мугалим болсо чычаламактыр, бирок мен өзүм ошентип үйрөттүм да. Депутат болгондон кийин эч өзгөргөн жок, жөнөкөйлүгү, кичипейилдиги ошол бойдон сакталып калды. Журналист болуп иштеп жүргөндө “айылга мектеп салдырып берем, эжеке” дечү, ал тилегине жетип, айылга чоң мектеп салдырып берди. Жанардын арты менен мен да Грузияга тажрыйба алмашканы барып, эс алып да келдим.
Турсунбек Сайпидин уулу, классташы: “ТООК УУРДАП, ЭКИ ТИЛИМДЕН ЭТ ЖЕГЕНБИЗ”
– Жанар менен айылда 11 жыл чогуу окудум. Ал китеп, гезитти көп окучу. Ал кезде сыналгыдан боксту көп көрсөтчү да, айылда Жанар балдарды мушташтырып, өзү рефери болуп алчу. Бир жолу кечинде кобурашып отурганбыз, курсагыбыз ачканда “келгиле, тоок уурдап жейбиз” деп сүйлөштүк. Анан айылдагы тоогу көп үйгө барып уурулук кылып жатсак ээси чыгып көрүп калды. Мелис деген досубуз аппак шым кийип алган эле, караңгыда ошол шымынан байкап калыптыр. Тоокту какылдатып көтөргөн бойдон качып баратабыз, ээси фонарик менен артыбыздан кууп келе жатат... Аябай катуу чуркадык, бир маалда фонариктин жарыгы жок болуп кетти. Суунун жээгине келип отуруп калдык, тоогубузду карасак кыймылдабайт, мен моюнунан мыкчып кармап алган элем, чуркап келе жатканда өлүп калган окшойт дедик. Ага бир кейийбиз, Жанар Мелисти “кыздарга бара тургансып эмнеге аппак шым кийип алдың” деп аябай урушуп алган. Бир маалда жанагы тоок кайра какылдап жиберсе болобу, тирүү экен деп сүйүнгөнүбүзчү. Ошентип отурсак биздин үндү айылдагы бизден улуу агалар угуп калып жетип келишти. Тоок уурдаганыбызды билип, “бол, сойгула, чогуу жейбиз” дешти. Өзү кичинекей жөжө короз колго тийген экен, ошону 7-8 бала союп отко кактап эки тилимден эт жегенбиз.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |