Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДАСТОРКОНДО НОКОТ ДААМДАРЫ

№1063 21-27-апрель, 2023-ж.

Түрк буурчагы аталган нокоттон жасалган даамдар адамды ток кармап, энергия тартуулаарын билесизби? Ал тамак сиңирүү органдарынын ооруларын, кант диабетин, жүрөк ооруларын да алдын алууга көмөктөшөт. Тамак-аш менюңузда нокот жок болсо, кошуп алыңыз.

НОКОТТОН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Бышырылган нокот – 150 грамм

Сабиз – 1 даана

Брокколи – 100 грамм

Куурулган грек жаңгагы – 30 грамм

Мейиз – 30 грамм

Сарымсак – 1 тишче

Күнжүт пастасы – 1 аш кашык

Суу – 3 аш кашык

Лимон ширеси – 2 аш кашык

Карри татымалы – 2-3 чымчым

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Нокот менен күнжүт пастасын даярдоо жолу хумус жасоодо көрсөтүлдү. Болбосо консерваланганын дүкөндөрдөн таба аласыз.

2. Сабизди тазалап, сүргүчтөн кыска өткөзүп алабыз.

3. Брокколини тутамдарынан ажыратып, туз салынган кайнак сууга салып 3-4 мүнөт бышырабыз. Аны сүзүп алып кайра муздак сууга сала туруу кажет, ошондо эзилип кетпейт. Брокколи, петрушка менен грек жаңгагын бир нече бөлүктөргө бөлүп туурап алабыз.

4. Жуулган мейизди жылуу сууга салып көптүрүп, суусун төгүп кургатабыз. Бардык азыктарды бир идишке салабыз.

5. Соусун даярдоо үчүн күнжүт пастасына сууну, майдаланган сарымсакты, лимон ширесин, карри татымалын жана туз, мурч кошуп бирдей массага келтиребиз. Аны азыктардын үстүнө куюп аралаштырабыз. Салатыбыз даяр!

ХУМУС

Керектелүүчү азыктар:

Нокот – 100 грамм

Күнжүт – 50 грамм

Зайтун же өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Зире – 2-3 чымчым

Лимон ширеси – 2 чай кашык

Сарымсак – 1 тишче

Петрушка – 2 талча

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Нокотту жууп 500 миллилитр сууга салып 6-8 саатка чылап коёбуз. Өз өлчөмүнөн эки-үч эсе көөп чыгат. Суусун төкпөстөн отко коюу кажет. Кайнап чыкканда отту бир аз азайтып, туз кошуп 50-60 мүнөт кайнатабыз. Суусунан чыгарабыз. Суусу да колдонулат, төгүп салбаңыз. Нокотту агып жаткан сууда жууп сыртындагы жука кабыгын колдон келишинче тазалап алуу керек.

2. Күнжүттү көмөч казанга салып улам аралаштыруу менен кызартып чыгарабыз. Муздатып, блендерге салып майдалайбыз. Өтө майдалана электе 1 аш кашык май куюп эзебиз. Күнжүт пастабыз даяр.

3. Эми бардык азыктарды блендерге салып эзебиз. Даяр болуп калганда нокот суусун аз-аздан кошуп аралаштырабыз. Өтө суюк болуп калбагыдай кошуу керек. Хумусту жашылчалар менен, нанга кошуп жей берсеңиз болот.

НОКОТ ШОРПО

Керектелүүчү азыктар (4-5 порция үчүн):

Уй эти – 250 грамм

Нокот – 100 грамм

Картошка – 1 даана

Пияз – 1 даана

Сельдерей сабагы – 3-4 даана

Сабиз – 1 даана

Болгар калемпири – 1 даана

Туз, ачуу кызыл калемпир – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Нокотту 6-8 саатка сууга чылап коюу кажет.

2. Жашылчаларды чарчы туурап алабыз.

3. 2,5 литр сууга этти салып кайнатып, кайнап чыкканда чий көбүгүн алып отту бир аз азайтып жарым саат кайнатабыз. Нокотту шорпого салып 25 мүнөт кайнатып, андан соң үстүнө чечевица менен пиязды салабыз. Бул убакта этти чыгарып алып, чарчы туурап кайра салып коюу керек. 5 мүнөттөн соң сабиз, туз, калемпир салып 10 мүнөттөй күтөбүз да, картошка, болгар калемпири, сельдерейди салып дагы 10 мүнөттөй кайнатабыз. Шорпону капкагын жаап бышыруу туура.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо